ИИМ: Нигериялык мугалимге кол салууда расалык кастык болгон эмес

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстандык интернет колдонуучулар чет элдик жаран Али Абубакардын киши колдуу болуп каза табышын катуу айыптаган билдирүүлөр жазууда. 38 жаштагы Нигериянын жараны көп жылдан бери Бишкектеги Cambridge School тил үйрөтүү мектебинде эмгектенип келген.

Нигериялык жаран

Сүрөттүн булагы, social media

Мындан үч күн мурун Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда кыргызстандык жаран аны муштап жиберип, эч-учун билбей ооруканага түшкөн экен.

Тартылып калган видеодон эс-учун жоготкон кара терилүү кишиге башкалар жардам берип жатканын көрүүгө болот. Күбөлөр эки киши соода борборунан бирге чыгышканын айтып беришкен. Алардын бири экинчисин бет талаштыра урганда, башы менен асфальтка жыгылып калган. Нигериялык жаран ооруканада өзүнө келе албай жатып каза болгону кабарланды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы шектүү кармалып, тергөө жүрүп жатканын айтты.

"Свердлов райондук Ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды. Учурда чатактын келип чыгуу себептери такталууда",- деди Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Сайкал Садыбакасова.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кылмышты тез арада териштирүү тапшырмасын берген эле.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы, 2

Коомдук сайттарда бул окуяга абдан бушайман болгон пикирлер жазылууда.

"Бул кишини мен бери дегенде эле он жылдан ашык убакыттан бери тааныйм. Ал "Ала-Тоо Ата Түрк" университетин аяктаган. Кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде сүйлөй билген мыкты жигит эле. Жан дүйнөсү өтө таза киши эле. Анын кимдир бирөөгө жамандык кылганын уккан эмесмин. Кудай деп жашап, ислам дини боюнча түшүнүгү аябай кеңири болчу. Анын тил үйрөтүү мектеби көптөгөн окуучуларга билим берди. Мен эмнеге Нигерияга барып иштебейсин, деп көп сурап калчумун. Ал Кыргызстанды абдан жакшы көрөөрүн, ал үчүн экинчи мамлекетиндей экенин айтчу. Бизди бир тууганындай көрүп, абдан күйчү. Бир-эки жыл мурун эле үйлөнүп, жакында эле балалуу болгон. Магы жеке жардамы абдан көп тийди. Жакында жалукмакпыз, бирок тилекке каршы жолуга албай калдык",- деди аны жакындан тааныган ырчы Самат Дөөлөтбаков Би-Би-Сиге. (VA)