Жогорку Кеңешке шайлоо: Добуш берүүнүн жыйынтыктары
2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо болуп өттү. Бир жыл мурдагы шайлоо чоң нааразылыктан улам жараксыз болуп, ал кайрадан жаңы эрежелер менен өтүп жатат.
Түз алып баруу
Коопсуздук Кеңешинин катчысы: Шайлоодо добуш сатып алуу аракети күчөдү
Кыргызстандын Коопсуздук
кеңешинин катчысы
Марат
Иманкулов соңку эки
күндөн
бери
добуш
сатып
алуу
аракеттери күчөп жатканын
бүгүн
брифингде билдирди.
Иманкулов өлкөдө
абал
туруктуу экенин,
шайлоого байланыштуу
олуттуу мыйзам бузуулар
катталбаганын билдирди.
Коопсуздук кеңешинин
катчысы шайлоо күнү
тартип
сакталарына кепилдик
берди.
“Мамкызматкерлер
же
күч
органдары бир партияга
бут
тосуп,
экинчисине бардык шартты
түзүп
берет
деген
болбойт. Биз таза,
адилет
шайлоо
өткөрүүнү каалайбыз”,-
деди
Иманкулов.
“Түшүндүрүү
иштерине карабай,
көнгөн
адат
боюнча
добуш
сатып
алуу
жана
административдик ресурс колдонуу
байкалып жатат. Биз
андай
фактыларга көзөмол
салып,
ыкчам
жооп
кылып
атабыз”.
Сүрөттүн булагы, official
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марат Иманкулов
Кыргыз демократиясынын чоң сыноосу
Жогорку
Кеңешке шайлоого
21 партия аттанган,
бир
мандаттуу 36 шайлоо
округунан 282 талапкер
катышууда.
Бир
жыл
мурдагы шайлоо чоң
чырга
айланып, жараксыз
болуп,
бийлик
алмашууга алып келген.
Жаңы
бийлик
шайлоону жаңырган
мыйзамдык эрежелер менен өткөрүүдө.
Жогорку
Кеңештеги орундар
120дан токсонго кыскарды,
анын
ичинен
54 - саясий партияларга,
36 - бир мандаттуу
округдарга берилет.
Шайлоодо
биринчи жолу преференциалдык
добуш
берүү
болуп
жатат.
Шайлоочулар партиялык
тизмедеги талапкерлерди
да
тандайт.
Саясий
партиялар үчүн босого
чек
жети
пайыздан беш пайызга
түшүрүлгөн.
Шайлоого
элдин
катышуусунун милдеттүү
бир
чеги
коюлган эмес, канча
шайлоочу катышса
дагы
шайлоо
жарактуу болот.
Бир
мандаттуу округдар
үчүн
экинчи
тур
болбойт, биринчи
турда
эң
көп
добуш
алган
талапкер жеңүүчү
болот.
Президент
Садыр
Жапаров бул шайлоодо
бийликтин партиясы
болбойт деп билдирген.
Ошол
эле
учурда
бийликке “Ата-Журт-Кыргызстан”,
“Ишеним”,
“Ынтымак”
партиялары жан тарткан
күчтөр
катары
каралууда. Ал эми
“Бүтүн
Кыргызстан”, “Ата
Мекен”,
Социал-демократтар - оппозициялык
партиялар.
Шайлоо
өнөктүгүндө мыйзам бузгандыгы
үчүн
эки
талапкер жарыштан
чыгарылды. Бир нече талапкерге акчалай
айып салынды.
Үгүт
өнөктүгү учурунда
активдүүлүк социалдык
медиа
менен
мессенжерлерге көчтү.
БШК,
Финансы чалгын кызматы
электрондук капчыктар
аркылуу добуш сатып
алуу
болот
деп
шектүү
финансылык операцияларга
мониторинг жүргүздү.
Шайлоого
эки
күн
калганда Улуттук
коопсуздук боюнча мамлекеттик
комитети өлкөдө бийликти
күч
менен
кулатууну пландаган
кылмыштуу топ кармалганын билдирди.
Шайлоо
коронавирус пандемиясынын
убагында санитардык-эпидемиологиялык
эрежелерди
сактоо
менен
өтүшү керек.
Бул
шайлоо
өлкөдө
энергетикалык кризис курчуп
турган
учурга
туш
келди,
көмүр
кымбат
жана
каат
болуп,
электр
жарыгын өчүрүүлөр
болууда.
Шайлоого
жети
жүздөн
ашык
эл
аралык
байкоочу катышууда,
анын
ичинде КМШ, ЕККУ, Европа
Кеңешинин, Түрк тилдүү
өлкөлөрдүн Парламенттик
Ассамблеясынын Миссиясынын
байкоочулар бар. (КС)
Добуш сатып алчулар той-топур менен көк дүкөнгө көчтүбү?
Шайлоо-2021: Электрондук ээнбаштыкка күч жетеби?
Эрежелер өзгөрдү, эми ээнбаш саясат өзгөрөбү?
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек, Манастын эстелиги
Чет элдеги 84 миңден ашуун кыргыз жараны добуш бере алат
Сыртта окуп иштеп жүргөн бардык кыргызстандыктардын 84 миң 128и гана парламенттик шайлоодо добуш бере алат.
Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн брифингде тактады.
Дүйнөнүн 29 өлкөсүндө 59 шайлоо пункттары ачылып, бул былтыркыга караганда онго көп.
Саат таңкы сегизге
чет
жерде
16 шайлоо участкалары
ачылып,
201 жаран добушун
берди.
Эң
биринчи Түштүк-Сахалиндеги
шайлоо
пункту
иштей
баштады.
Сыртта жүргөн
кыргызстандыктар партиялык
тизме
боюнча
гана
добуш
бере
алышат.
Садыр Жапаров добуш берди
Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Чон-Арык айылындагы шайлоо участкасында добуш беришти.
Добуш берүү процедурасы аяктагандан кийин Садыр Жапаров өлкө жарандарын парламенттик шайлоого активдүү катышуу менен атуулдук милдетин аткарууга чакырды.
«Ар бириңиздердин добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн, балдарыңыздардын келечеги аныкталат», - деп кайрылды Президент Садыр Жапаров өлкө жарандарына.
Ош шаарындагы шайлоо участкаларынын бири
Шаардагы №5276 шайлоо участкасында жарандар добуш бере башташты. Кезек күтүү жана техникалык мүчүлүштүктөр катталган жок.
Сүрөттүн булагы, Гүлжан Эшбаева
Президент Садыр Жапаровдун добуш берүүсүн түз көрсөтүү
Президент Жапаров Чон-Арык айылындагы №1053 тилкесинен добуш берүүсү.
Президент Жапаров Чон-Арык айылындагы №1053 тилкесинен добуш берүүсү.
Добуш берүү күнү башталды
Саламатсыздарбы,
КР Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоонун добуш берүүнү ушул барактан чагылдырып турабыз. Биз менен болуңуздар.
КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө, 27.11.21
“Кыргыз
Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 33-беренесине ылайык, шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы
боюнча шайлоо участокторуна келе албаган шайлоочулар добуш берүүчү жайдан
тышкары добуш берүүгө укуктуу.
БШК маалыматына
ылайык, бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн
камсыз кылуу жөнүндө 13 396, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 12
785 арыз берилген.
Бүгүн жымжырттык күнү, 27.11.21 - жымжырттык күнү
Саламатсыздарбы,
Үгүттөөлөр бүттү. Бүгүн жымжырттык күнү.
Эртең, 28.11.2021 КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышына депутттарды шайлоонун добуш берүү күнү. Добуш берүүнүн тартибин мындан тактап алсаңыз болот.
Биздин жаңылыктарды ушул барактан окуп туруңуздар!