Жогорку Кеңешке шайлоо: Добуш берүүнүн жыйынтыктары

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо болуп өттү. Бир жыл мурдагы шайлоо чоң нааразылыктан улам жараксыз болуп, ал кайрадан жаңы эрежелер менен өтүп жатат.

Түз алып баруу

  1. Жети-Өгүз районунда шайлоого байланыштуу бир дагы мыйзам бузуу фактысы катталган жок

    Бул тууралуу Би-Би-Сиге аталган райондун акими Руслан Мейматкулов билдирди. Ал саат 18:00гө шайлоодогу активдүүлүк Жети-Өгуз районунда 30% түзгөнүн билдирди.

    №34 шайлоо округу боюнча 17 адам депутаттатыкка талапкерлигин көрсөттү, бул район атаандаштык курч жүрүп жаткан шайлоо округдарынан болду.

    Аталган шайлоо округунан экс-президенттин жансакчысы, БШКнын мурдагы мүчөсү, журналист, Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана башкалар ат салышууда.

  2. Жалал-Абад: “Сабатсыз” жубайынын ордуна добуш берүү аракети

    Жалал-Абад шаарындагы №2095 шайлоо участкасындагы байкоочунун айтымында, бир эркек киши жашыруун добуш берүү кабинасында жубайынын бюллетенин толтурууга аракет кылды.

    “Ал киши ручканы кармап, аялынын ордуна белгилеп жаткан эле. АШКдагыларга маалымдаганыбызда, алар эскертүү берүү менен чектелди. Протокол түзүшү керек болчу, бирок алар түзүшкөн жок. Алар муну аялынын сабатсыздыгы деп түшүндүрүштү. Байкоочулар арыз жазды”, - деп билдирди ал.

    Саат 17:00гө карата аталган участкадагы 1657 шайлоочудан 406 добуш берди.

    Жалал-Абаддагы шайлоо участкасы
  3. Досым Сатпаев: Гладиатор оюндарына окшош, интригалуу шайлоо

    Белгилүү казакстандык саясат талдоочу Досым Сатпаев Кыргызстанда өтүп жаткан парламенттик шайлоонун өзү эмес, андан кийинки саясий кырдаал маанилүү дейт.

    Досым Сатпаев: Парламенттик шайлоого 21 саясий партиянын катышып жатканынын өзү эле шайлоо атаандаштык шартында өтүп жатканын көрсөтүүдө. Шайлоого жаш, ардагер дагы партиялар аттанышып, гладиатор оюндарына окшошуп, интрига сакталууда. Бул абдан маанилүү нерсе.

    Кыргызстан Борбор Азияда шайлоонун жыйынтыгы кандай болот деген саясий интригасы бар бирден бир өлкө десек болот. Ар бир шайлоодон кийин бийлик өзгөрүп кетеби, кезектеги баш-аламандык болобу деген суроолор сөзсүз болот. Андыктан Кыргызстандагы шайлоолорго Казакстанда буга чейин, азыр деле кызыгуу бар. Ал кызыгуу эксперттик коомчулукта эле эмес, кадимки казак жарандарында деле бар. Ысык-Көлгө барып эс алып кеткен казакстандыктар көп, алар үчүн дагы коңшу өлкөдөгү саясий окуялар кызык.

    Кыргызстанда ошондой эле казак инвесторлорунун көп бизнестери бар. Алар үчүн дагы инвестициялык тобокелчилик деген маселе бар да. Бирок бул жерде шайлоо эмес, шайлоодон кийин эмне болот деген суроо кызык.

    Досым Сатпаев

    Сүрөттүн булагы, LIVING ASIA

  4. Россияда үч шаарда добуш берүү жыйынтыкталды

    Москадагы кыргыз элчилигинен Би-Би-Сиге билдиришкендей, Бишкек убактысы боюнча саат 15.00дө Южно-Сахалинск шаарындагы № 9013 участкалык шайлоо комиссиясы өз ишин аяктады.

    Алдын ала маалыматтар боюнча, Южно-Сахалинск шаарындагы бул шайлоо участогунда 203 кыргыз жараны добуш берди.

    Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө байкоочулар тарабынан шайлоо укуктарын бузуу фактылары катталган жок. Ошондой эле саат 16.00гө Хабаровскиде 134, Владивостокто 111 кыргыз жараны добушун берип, шайлоо участкалары өз ишин аяктады.

    Чет жердеги шайлоо

    Сүрөттүн булагы, Орусиядагы кыргыз элчилиги

  5. 16:00 гө карата шайлоочулардын 22% добуш берди

    Кечки саат төрткө карата 829 171 добуш берди. Бул шайлоочулардын 22,32% түзөт. Бишкек шаарында шайлоочулардын активдүүлүгү 21%, Ош шаарында - 24%.

    Шайлоочулардын шайлоого катышуусу региондор боюнча. Саат 16:00. 28.11.21

    Сүрөттүн булагы, shailoo.gov.kg

  6. Ош: Бюллетенди ыктымал сүрөткө тартуу аракети

    Ош шаарындагы №5276 шайлоо участкасындагы байкоочунун айтымында, бир жаран жашыруун добуш берүү кабинасында телефонун бюллетенди каратып, 15 секундадай кармап турган. Бул учурда ал жаран бюллетенди сүрөткө тартууга жетишкен болушу ыктымал.

    "Бул тууралуу АШКнын төрайымына жана мүчөлөрүнө билдирдик. Алар телефонун ачып, текшерип көрүшкөндө сүрөт жок болуп чыкты. Жыйынтыгында, АШКнын мүчөлөрү шайлоочунун укугун буза албайбыз деген негизде анын бюллетенин үкөккө салууга уруксат берди. Мыйзам боюнча, алар жаңы бюллетень берип, акт түзүшү керек болчу. Акт түзүлгөн жок. Мен акт түзүү боюнча аларга арызымды жаздым. Азыр жообун күтүп жатам", - деп билдирди байкоочу.

    Ош шаарында шайлоо

    Сүрөттүн булагы, Гүлжан Эшбаева

  7. Кадыр Атамбаев: Оппозициялык партияларга каршы оюндар болуп жатат

    Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу, социал-демократтар партиясынан депутаттыкка талапкер Кадыр Атамбаев шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө оппозициялык партияларга жана талапкерлерге каршы ар кандай оюндар жүрүп жатканын айтууда.

    "Шайлоого эки-үч калганда массалык добуш сатып алуу фактылары менен кармалган бир мандаттуу талапкерлер болду. Бирок аларга эмне үчүндүр чара көрүлгөн жок. Бул жерде оппозициялык партияларга, оппозициялык талапкерлерге каршы өзүнчө оюн болуп жатат деп ойлойбуз. Административдик ресурстун колдонулуп жатканына биз өзүбүз күбө болдук. Аламүдүн округунда "Ата- Журт Кыргызстан" партиясы жана талапкер Фархад Тлеундыбаев үчүн иштеп жаткан домкомдордун диалогун уктук. Бул кашкайып көрүнүп турат. Бирок, тилекке каршы, БШК Рыскелди Момбековго каршы чара көргөндөй ыкчамдык менен чара көрбөгөнү катуу ойго салат",-деди Кадыр Атамбаев "Фейсбуктан".

    Кадыр Атамбаев

    Сүрөттүн булагы, Social media

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кадыр Атамбаев бул шайлоодо социал-демократтар партиясынын тизмесин баштап чыкты.
  8. Алтынбек Сулайманов добуш бергени келди

    Саясатчы Алтынбек Сулайманов добуш бергени келди.

  9. "Жалпы иш" коомдук фонду: Шайлоо участкаларынын 2%ы санитардык талаптарды аткарган жок

    "Жалпы иш" коомдук фондунун маалыматы боюнча шайлоо участкаларынын 78% санитардык талаптарды толук, 20% жарым-жартылай аткарды, 2% такыр аткарышкан жок.

    "Жалпы иш" коомдук фонду бул шайлоого көз каранды эмес байкоо жүргүзүүдө. Анын 72 узак мөөнөттүү жана 600 кыска мөөнөттүү байкоочулары иштеп жатат.

    Кээ бир шайлоо участкаларында санитардык талаптар аткарылган жок

    Сүрөттүн булагы, Getty Images

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кээ бир шайлоо участкаларында санитардык талаптар аткарылган жок
  10. Шайлоодо эң жогорку активдүүлүк Нарын областында

    Нарын областы боюнча саат 14.00 гө карата добуш бергендер шайлоочулардын жалпы санынын 18.94% түздү. Бул өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүч.

    Тоолуу Нарын областында баардыгы 208 миңден ашык шайлоочу бар.

    Сүрөттүн булагы, Facebook

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тоолуу Нарын областында баардыгы 208 миңден ашык шайлоочу бар.
  11. Саат 14:00гө карата шайлоочулардын 16% добуш берди

    Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, саат 14:00гө карата добуш бергендердин саны 602 432ни түзгөн. Бул жалпы 3 703 420 шайлоочулардын 16,27% түзөт.

    Активдүү добуш берүү Нарын (18.94%), Талас (18.50%) облустарында жана Ош шаарындагы (18.10%) шайлоочулардын арасында байкалууда.

  12. Казакстандык саясат талдоочу: жаңы кыргыз парламенти ЕАЭБге жүк ташууну жөнгө салышы керек

    “Евразиялык мониторинг” аналитикалык изилдөөлөр борборунун директору Алибек Тажибаев Би-Би-Сиге маек куруп, Кыргызстанда болуп жаткан парламенттик шайлоолорго Казакстанда дагы кызыгуу күч болуп жатканын айтты.

    Алибек Тажибаев: Борбор Азияда эң эле тыгыз экономикалык карым-катнаш Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жүрөт. Тилекке каршы, соңку жылдары эки өлкө аралык тез чече турган маселелер көбөйүп кетти.

    Эң биринчи кезекте бул кыргызстандык товарларды Россияга Казакстан аркылуу ташып өтүүдөн чыккан маселелер. Россия ЕАЭБ алкагында эң ири рынок болуп кыргыз бизнесин кызыктырып жаткандыгын түшүнүп жатабыз. Бирок инфраструктура жана логистикалык даярдыктын чабалдыгы өткөрмө бекеттеринде көйгөй жаратып жатат. Аны чечүү үчүн эффективдүү мыйзамдар керек. Кыргызстанда өтүп жатканы шайлоолордон кийин ушул тармактагы жөнгө салууларды күтөбүз.

    Мындай сунуш Казакстанда өткөн 10-Жарандык форумда да айтылды.

    Кыргызстан эгемендик алганы татаал бирок уникалдуу каршылык демократиясын тандады. ЕККУнун көп санда байкоочуларынын көзөмөлүндө өтүп жаткан азыркы шайлоолор Кыргызстандын саясий, экономикалык сыноолорун жыйынтыктайт деп күтөт элем. Тышкы саясатка көңүл бурууга убакыт келди.

    Кыргызстанда катардагы жарандар жашоо деңгээлин көтөрчү өзгөрүүлөрдү күтүп, шайлоолор өтүп жатат. Өлкө президенттик башкарууга багыт алып, азыр социалдык-саясий парадигмалар өзгөрүп жаткан транзиттик абалда. Бул шайлоолордун негизги чакырыгы – аны тийиштүү деңгээлде уюштуруу.

    Тажибаев

    Сүрөттүн булагы, Nur KZ

  13. Саат 12:00 гө карата шайлоочулардын 9,17 % добуш берди

    БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров БШКдагы брифингде саат он экиге карата шайлоочулардын активдүүлүгү тогуз пайыздан ашканын билдирди.

    Бишкек шаары боюнча шайлоочулардын сегиз пайызы добуш берди. Ал эми Ош шаарында активдүүлүк он пайызды түздү.

    Саат 12:00, республика боюнча добуш бергендердин саны 339 785 болду.

    Сүрөттүн булагы, shailoo.gov.kg

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саат 12:00, республика боюнча добуш бергендердин саны 339 785 болду.
    Саат 12:00, добуш бергендердин саны, региондор боюнча.

    Сүрөттүн булагы, shailoo.gov.kg

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 28.11.21, саат 12:00, добуш бергендердин саны, региондор боюнча.
  14. “Клооптун” YouTube каналы бөгөттөлдү

    Парламенттик шайлоого көзөмөл жүргүзүүчү “Клооптун” байкоочулары үчүн кыргыз тилиндеги тартылган нускаманы YouTube 27-ноябрда өчүрдү.

    Компания “мазактоо, коркутуу же опузалоо” бар деген негизде “Новости Кыргызстана Kloop.kg” деп аталган каналдагы видеону өчүрүп салган.

    “YouTube компаниясына ачык кайрылуу жасадык. Бирок арызды кабыл алышкан жок. Алардын чечимине ылайык, орус тилиндеги каналыбызга жети күнгө чейин видео чыгарууга чектөө коюлду”, - деди “Клооптун” журналисти Элвира Султанмурат кызы.

    “Видео жалпыга жеткиликтүү эмес болчу: нускамага биздин байкоочулар гана шилтеме аркылуу кире ала алчу... “Клоопко” эбегейсиз даттануу жөнөтүүнү кимдир бирөө атайылап уюштурду деп шектенип жатабыз. Бул, албетте, алдыдагы шайлоодо тыкыр байкоо жүргүзүүгө тоскоол болууну каалагандардын колунан келди”, - делет “Клооптун” билдирүүсүндө.

    Клооп
  15. Ош: № 5292 шайлоо участкасында техникалык мүчүлүштүк

    Ош шаарындагы № 5292 шайлоо участкасында турган байкоочунун айтымында, автоматташтырылган системанын иши үзгүлтүккө учурап, ал кайра ондолду.

    "Кошумча урна жок экен. Ага карата акт да түзүлгөн жок", - дейт байкоочу.

    Оштогу № 5292 шайлоо участкасы

    Сүрөттүн булагы, Расул Маматказы уулу

  16. Өмүрбек Текебаев добуш берип жатат

    "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарында добуш берди.

  17. Шайлоого байланыштуу БШКга 196 арыз түштү

    Борбордук шайлоо комиссиясына таңкы саат 8:00гө карата 196 арыз түштү. Бул тууралуу БШКнын өкүлү Кайрат Маматов брифингде билдирди.

    Анын айтымында, ыкчам жооп берүү боюнча БШКнын координациялык тобуна 106 арыз, дооматтарды кароо боюнча жумушчу топко - 50, маалымат берүү жана агитация боюнча жумушчу тобуна - 40 арыз түшкөн.

    Шайлоочулар жана талапкерлер негизинен добуш сатып алуу, шайлоо фондунан каражат бөлүүнүн эрежелерин бузуу, ишенимдүү өкүлдөрдү каттоого байланыштуу дооматтар менен кайрылып жатышат.

    Үгүт мыйзамдарын бузуу, админресурс колдонуу, атаандаштарын каралоо тууралуу да нааразылыктар бар.

    Шайлоо участкасы
  18. Адахан Мадумаров добуш берди

    "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Бишкектеги шайлоо участкаларынын биринен добуш берди.

  19. Россиялык эксперт: таза шайлоо өткөрүү – кыргыз бийлиги үчүн принципиалдуу маселе

    Россиянын Илимдер академиясынын алдындагы Постсоветтик өлкөлөрдү иликтөө борборунун улуу кызматкери Станислав Притчин Би-Би-Сиге маегинде Кыргызстанда өтүп жаткан парламенттик шайлоонун маанилүү учурларына токтолду.

    Притчин: Эгемен Кыргызстандын тарыхын эске алганда, шайлоодон кийинки нааразылыктар чоң өзгөрүүлөргө алып келүү тобокелчилиги дайым бар.

    Шайлоонун жыйынтыгына макул эмес саясий топтор митингге, нааразылык акцияларга чыгып өз чындыгын коргошу мүмкүн. Бул шайлоодогу негизги тобокелчилик ушул болот го деп ойлойм.

    Бийлик болушунча ачык-айкын, таза шайлоолор өткөзсө, легитимдүүлүк маселеси жаралбайт.

    Былтыр так ушул шайлоонун жыйынтыгынан чыккан нааразылык төңкөрүшкө айланганын унутпаш керек. Азыркы бийлик ошондой учурда өлкө башына келген да. Бул нерсени эске алганда таза шайлоо өткөрүү – бул принципиалдуу маселе.

    Станислав Притчин

    Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

  20. Президент Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Түркмөнстанга кетти

    Садыр Жапаров 28-ноябрда шайлоодо добуш берип бүткөндөн кийин жумушчу сапары менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп кетти.

    Бул сапардын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Уюмга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчылары ЭКУ мейкиндигинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат, ошондой эле Түркмөнстандын Уюмга жана анын уставдык органдарына төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарары күтүлүүдө.

    Саммиттин жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу Декларациянын кабыл алынышы күтүлүүдө.

    Садыр Жапаров бүгүн эле кечинде Бишкекке кайта келет деп кабарланды. (КС)

    Президент Садыр Жапаров

    Сүрөттүн булагы, official