Жогорку Кеңешке шайлоо: Добуш берүүнүн жыйынтыктары

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо болуп өттү. Бир жыл мурдагы шайлоо чоң нааразылыктан улам жараксыз болуп, ал кайрадан жаңы эрежелер менен өтүп жатат.

Түз алып баруу

  1. БШК: Бардык шайлоо участокторунда добуштар кол менен саналууда

    Түндөтөн бери бардык шайлоо участокторунда бардык добуштар кол менен саналып жатканын БШКдан билдиришти. Бул санак кечке чейин бүтүп калышы керек.

    Беш партия, анын ичинде "Ата Мекен", "Азаттык", "Улуттар биримдиги", "Реформа", "Социал-демократтар" шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыя кылышып, кайра шайлоо өткөрүүнү, Министрлер кабинетинин отставкасын талап кылышууда.

    28-ноябрда добуш берүү бүткөндөн кийин БШКнын сайтында автоматташкан эсептөө урналарынын маалыматтары жаңырып жатканда, бир азга тыныгуу болуп, ошондон кийин партиялардын добуштарды таң каларлыктай азайып кетти. Анын ичинде "Ата Мекендики" 71 миңден 41 миңге, "Бүтүн Кыргызстандыкы" 119 миңден 79 миңге түшүп калды.

    БШК муну техникалык мүчүлүштүк деп атады. Ал эми шайлоого нааразы болгон партиялар добуштар уурдалды, бул бийлик атайы алдын ала даярданган пландуу операция деп жатышат.

    Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Шайлоо" автоматтык системасында эч кандай өчүп-күйүү болгон эместигин, болгону бир таблицада программалык ката кеткенин айтууда.

    Президент Садыр Жапаров нааразы партияларды сабырдуулукка чакырып, бардык добуштарды кол менен санап чыгуу керектигин билдирди. Ансыз деле бардык шайлоо участокторунда добуштар кол менен саналып бүткөндөн кийин акыркы жыйынтык чыгарылат. Бул ишке партиялардын байкоочулары, көз каранды эмес байкоочулар катышат.

    Бирок "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бардык шайлоо участокторуна кол жетпей жатканын, кээ бир участкаларды добуш санак ачык-айкын жүрбөй жатканын билдирүүдө.

    Добуштарды саноо учуру

    Сүрөттүн булагы, Getty Images

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Добуштарды саноо учуру
  2. 29.11.2021. Президент Жапаров: добуштар жасалма болсо, БШК жооп берет

    Саламатсыздарбы,

    Бүгүнкү түз обону баштадык.

    Кечээги добуш берүү күнү БШКанын автоматтык эсептөө системасы токтоп кайра иштегенден кийин партияларга берилген добуштардын саны кескин өзгөрүп кетиши менен аяктады. Добуштарын жоготкон партиялар бул шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай тургандыгын жарыялашты.

    Президент Садыр Жапаров бул маселе боюнча өз позициясын Facebook баракчасы аркылуу билдирди:

    "Эгер чындап эле БШК жасалма кылган болсо, БШКнын баардык мүчөлөрү жоопко тартылышат. Керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок".

  3. Добуш берүү күнү аяктады

    Бүгүнкү күн БШКанын автоматтык эсептөө системанында башында көрсөтүлгөн сандар, ал токтоп кайра иштегенден кийин өзгөрүп, "Ата-Мекен", "Бүтүн Кыргызстан" партияларынын добуштары азайып кетиши менен аяктады.

    Трансляцияны эртең менен улантабыз.

    Көрүшкүчө.

  4. Өмүрбек Текебаев: "Бул фальсификация, биз шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз"

    "Ата Мекен" партиясынын лидери Би-Би-Сиге шайлоонун жыйынтыгы автоматтык эсептөө урналарында бурмаланды деп белгилеп, ошол себептүү анын жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди.

    "Бийлик партияларына ашыкча кошуп жиберишкен, анан ашыкча көбөйүп кеткендиктен, баарынан алып тууралашты. бул алдын ала мамлекеттик деңгээлде даярдалган. Демек, ага бүт бийлик органдары катышат. Бул фальсификация деп ойлойм. Башкача болушу мүмкүн эмес. Бийлик аралашпаса, эч бир партия мындай жасай албайт. Ошондуктан биз шайлоонун бул жыйынтыгын тааныбайбыз...Ушул шайлоо саясий кризисти жабат дегенбиз. Тилекке каршы, кризисти жойбостон кризистин экинчи этабын, легитимдүүлүк кризисин пайда кылды",-деди "Ата Мекендин" лидери.

  5. 2286 урнадан түшкөн добуштардын эсеби (91.66%)

    Булагы: shailoo.gov.kg

    2286 урнадан түшкөн добуштардын эсеби (91.66%)
    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2286 урнадан түшкөн добуштардын эсеби (91.66%)
  6. Бишкек: Дастан Бекешев Октябрь шайлоо округунда алдыда

    Бишкектеги Октябрь райондук шайлоо округунда бир мандаттуу талапкерлердин арасында парламенттин депутаты Дастан Бекешев 17 216 (47.59%) добушка ээ болду.

    Жалпы 105 800 шайлоочунун 36 179 өз добушун берген. 57 Автоматтык эсептөөчү урнанын баарынан маалыматтар алынган.

    Мелис Турганбаев 6 897 (19.06%) добуш алса, баарына каршы деп 5 619 (15.53%) жаран белгилеген. Руслан Кыдырмышев 4 084 (11.29%) добушка ээ болду. Калган эки талапкер 2 пайызга жетпеген добуш алган.

  7. Талас: Манас шайлоо округунда Дастанбек Жумабеков аз гана айырмачылык менен алдыда

    Парламенттин 6-чакырылышынын депутаты жана мурдагы спикер Дастан Жумабеков бир мандаттуу шайлоо округу боюнча №20 Манас аймагында 13 252 (39.43%) добушка ээ болду. Ал эми Мирлан Назарбековдун алган добушу 13 190ду (39.24%) түзгөн.

    63 Автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) баарынан тең маалыматтар келип түшкөн.

    Аталган округдагы жалпы 82 635 шайлоочудан 33 610 шайлоочу добуш берген.

  8. 2 258 автоматтык эсеп урнасынан келип түшкөн маалымат боюнча 5% ченди өткөн партиялар:

    Булагы: shailoo.gov.kg

    2 258 автоматтык эсеп урнасынан келип түшкөн маалымат боюнча 5% ченди өткөн партиялар
    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2 258 автоматтык эсеп урнасынан келип түшкөн маалымат боюнча 5% ченди өткөн партиялар
  9. Нарын шайлоо округунан Улан Бакасов, Кочкордон Мирлан Самыйкожо алдыда

    Нарын шайлоо округунан ишкер Улан Бакасов дээрлик 50% ашык добушка ээ болуп, атаандаштарынан озуп чыкты. Калган талапкерлер ага караандабай калды. Калган добуштарды саноодон эчтеке өзгөрбөйт.

    Ал эми Кочкор шайлоо округунан журналист Мирлан Самыйкожо 22,54 % добуш алып, алдыда баратат. Андан кийинки талапкер Абтандил Кулбараков андан дээрлик беш пайыз артта калды.

  10. Баарына каршы добуш бергендер Бишкекте басымдуулук кылууда

    Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Бишкектин Свердлов районунда дагы баарына каршы добуш бергендер көпчүлүктү түздү.

    Жалпы 60 Автоматтык эсептөөчү урнанын 59унан келип түшкөн маалыматтарга ылайык, 11 719 (37.55%) шайлоочу баарына каршы деген добушун берген.

    Аталган аймактагы 103 520 шайлоочунун 31 212си өз добушун берген.

    Ырысбек Мааткабылов 8 595 (27.54%) добушка ээ болсо, Таалайбек Дайырбеков 5 383 (17.25%) добуш алган.

    Калган эки талапкердин алган добушу он пайызга жеткен эмес.

  11. Аламүдүн шайлоо округунда Алмазбек Атамбаевдин уулу алдыда

    Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Чүйдөгү Аламүдүн аймагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеидбек Атамбаев 7 835 (25.86%) шайлоочунун добушуна ээ болду.

    61 Автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) 60ынан маалыматтар келип түшкөн.

    Аламүдүн шайлоо округундагы 111 353 жарандын 30 293ү добуш берген.

    Ал эми баарына каршы добуш бергендердин саны 5 317 (17.55%) түздү.

  12. Садыр Жапаров: Таза жана адилет шайлоо өткөрө аларыбызды далилдедик

    Президент Садыр Жапаров бүгүнкү парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктагандан кийин өлкөнүн калкына кайрылуу жасады.

    "Бул ирет саясий өнөктүгүбүздү калыс, адилет, ачык-айкын, таза жана тынч өткөрүп алганыбыз чоң жетишкендик болду. Өзүңүздөр билгендей, өлкөбүздүн эгемендигинин 30 жылдык тарыхында болуп өткөн революциялардын баарына бийликтин шайлоо процессине кийлигишүүсү, кайсы-бир партияларды күчтөп сүрөөнгө алышы себеп болуп келген. Биз, калыстыкты туу туткан калкыбыздын эркине каршы келген мурдагы жагымсыз окуялардан сабак алып, парламенттик шайлоону таза, мыйзам талаптарына ылайык өткөрүүнү башкы милдетибиз катары кабыл алганбыз. Биз демократиялык өлкө катары ушул милдетибизди так аткардык десем жаңылышпаймын. Бийлик тараптан бардык партияларга жана талапкерлерге бирдей, Конституцияда кандай белгиленсе, так ошондой теңдик шарттар түзүлдү. Бирөөнө дагы жан тартууга, административдик ресурс колдонууга жол берилген жок. Ошондуктан, шайлоо өнөктүгүн баштан аяк мыйзамдын чегинде, ачык-айрымдуулуктун шартында жүргүзүүнү камсыз кыла алдык. Таза жана адилет шайлоо өткөрө аларыбызды далилдедик!",-деди президент.

    Мамлекет башчысы ошондой эле шайлоого катышкан жана белгилүү себептер менен катыша албай калган бардык саясий күчтөргө кайрылып, шайлоонун жыйынтыктарын таанып, элдин эркине баш ийүү - мыйзамдын жана демократиянын талабы деп билдирди.

    "Демократиялык өнүгүү жолун тандаган Кыргызстанга эң биринчи кезекте тынчтык жана туруктуулук керек! Кимде ким негиз жок эле тынчтыкты, туруктуулукту бузам деген аракети болсо, андай жарандарга катуу чаралар көрүлөт",-деди Садыр Жапаров.

    Садыр Жапаров бардык саясий күчтөрдү шайлоонун жыйынтыктарын таанып, элдин эркине баш ийүүгө чакырды

    Сүрөттүн булагы, official

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктагандан кийин бардык саясий күчтөрдү шайлоонун жыйынтыктарын таанып, элдин эркине баш ийүүгө чакырды
  13. Кара-Суу шайлоо округунда Искендер Матраимов алдыда

    №9 Кара-Суу шайлоо округунан бир мандаттуу талапкерлердин арасында Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаты Искендер Матраимовго 20 582 добуш алды.

    Аталган аймактагы шайлоочулардын жалпы саны 100 484. Анын ичинен 32 943 добуш берген. Бул Искендер Матраимов добуштардын 62.48% алганын билдирет.

    3 408 (10.35%) шайлоочу баарына каршы экенин билдирген.

    Толкун Эргешов 2 380 (7.22%) добушка ээ болгон. Калган үч талапкердин алган добушу беш пайызга жеткен эмес болсо, эки талапкер бир да добушка ээ болгон эмес.

    62 Автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) 57синен жыйынтыктар келип түшкөн.

  14. Жалал-Абад шайлоо округунда Шаирбек Ташиев алдыда

    УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев №14 Жалал-Абад шайлоо округунда 21 266 добушка ээ болуп, алдыга чыкты.

    Жалпы добуш бергендердин саны 34 258 түзгөн. Ал эми аталган аймакта 106 565 шайлоочу бар.

    Ошентип Шаирбек Ташиев добуштардын 62.08% пайызына ээ болду.

    Баарына каршы деп добуш бергендер 4 500 (13.14%). Калган талапкерлер алты пайызга жетпеген добуш алган.

    58 Автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) баарынан тең маалыматтар алынган.

  15. Добуш берүү аяктады, шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн болду

    Кыргызстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктады. Саат 20.00гө карата добуш берген шайлоочулардын саны 30% ашты.

    Шайлоо мыйзамы боюнча шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу боюнча чек коюлган эмес, канча шайлоочу келсе дагы шайлоо өттү деп саналат.

    Добуш берүүдө шайлоочулардын активдүүлүгү мурдагы шайлоого караганда төмөн болду. Анын бир себеби катары БШКнын өкүлдөрү бул шайлоодо форма эки менен добуш берүү болбогондугун билдирди. Бир жыл мурдагы шайлоодо форма эки менен добуш бергендер саны жарым миллионго чаап кеткен эле.

    Экинчи себеби катары миграциянын жогорку деңгээли айтылууда. Миңдеген жарандар сыртта иштеп жүрүшөт, алардын ашып кетсе он пайызы гана добуш берүүгө катышты деп жатышат.

    Байкоочулар добуш берүүнүн жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар болгон жок деп жатышат. Добуштарды сатып алуу же массалык түрдө добуш берүү, административдик ресурстарды колдонуу мурунку шайлоолордо абдан көп жайылган көрүнүш эле.

    Бул шайлоодо биринчи жолу преференциалдык добуш берүү болду. Шайлоочулар партиянын өзүнөн сырткары алардын тизмесиндеги талапкерлерди дагы тандап добуш беришти. Ошондой эле бир мандаттуу шайлоо округдарынан катталган талапкерлерге добуш берүү болду.

    Алдын ала маалыматтар боюнча беш пайыздык чектен жети партия өткөнү айтылууда. Алар - "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак", "Альянс", "Бүтүн Кыргызстан", "Ыйман нуру" жана "Ата-Мекен" партиясы.

  16. Бишкек: Биринчи май районунда баарына каршы добуш бергендер көп

    Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Бишкектин Биринчи май районунда 60 Автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) 57синен алдын ала маалыматтар эсептелди.

    Жалпы 109 558 шайлоочунун 33 784ү добуш берген.

    Алдын ала жыйынтыктар төмөнкүдөй:

    Баарына каршы 11 077 (32.79%)

    Русланбек Акылбеков 5 223 (15.46%)

    Мээримбек Койчуманов 4 057 (12.01%)

    Нурбек Токтакунов 3 812 (11.28%)

    Мавлян Аскарбеков 3 350 (9.92%)

    Калган үч талапкер 6% жетпеген добуш алган.

  17. Автоматтык урналардан түшкөн алдын ала жыйынтык

    Саат 20:30.

    2494 урнанын (77,3%) добушу саналды.

    • №9 “Ишеним” - 25,35%
    • №8 “Ынтымак” - 20,58%
    • №3 “Альянс” – 15,68%
    • №2 “Бүтүн Кыргызстан” – 11,87%
    • №5 ”Ыйман Нуру” - 10,58%
    • №18 ”Эл Үмүтү” - 8,4%
    • “Ата-Мекен” – 6%
    Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы, саат 20:30

    Сүрөттүн булагы, shailoo.gov.kg

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы, саат 20:30
  18. Лондондо добуш берүү эрежелерге ылайык жүрүүдө

    Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигиндеги №9038 шайлоо участогу ачылып, Британияда жүргөн кыргыз жарандары саат 8ден тартып Лондондо жайгашкан участокко келип өз добушун берип кетүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин элчиликтин тизмесинде 370 шайлоочу расмий каттоодон өткөн. Шайлоо жараяны бардык эрежелердин алкагында өтүп жатат.

    Видеонун түшүндүрмөсү, Британиядагы кыргыз жарандары добуш берүүдө
  19. Баткенде шайлоочулардын активдүүлүгү анчалык жогору эмес

    Баткен областындагы айылдарда жана Баткен калаасынын өзүндө дагы шайлоо участкаларында мурдагы шайлоолордогудай узун-узун кезек күткөн адамдар көрүнбөйт. Шайлоочулар бирден-экиден келип-кетип атышат.

    Өзбекстан менен чектеш Кара-Токой айылында болгон кабарчылар дагы шайлоочулардын активдүүлүгү анчалык эмес экенин билдиришүүдө. Бул айылда саат 16:00 гө карата 542 шайлоочунун 165, же отуз пайызы келип добуш берди.

    Шайлоочулардын активдүүлүгүнүн төмөндүгүнүн бир себеби миграциянын жогору деңгээлине байланыштуу. Орусия жана башка өлкөлөргө иш издеп кеткен баткендик жаштар көп.

    Саат 16:00гө карата бүт облус боюнча шайлоочулардын 23% гана добуш берди.

  20. 18:00 - Шайлоочулардын 28% добуш берди

    Добуш берүүгө катышкан шайлоочулар саны кечки саат алтыга карата бир миллиондон ашты же жалпысынан 28 % түздү.

    Эң жогорку көрсөткүч мурдагыдай эле Нарын областында - 32.04%. Эң төмөнкү көрсөткүч - Чүй областында - 25%. Бишкекте шайлоочулардын активдүүлүгү 27%.

    БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров добуш берүүдө шайлоочулардын активдүүлүгү эмне үчүн төмөн болуп жатканы жөнүндө суроого жооп берип жатып, анын негизги себеби бул шайлоодо форма эки менен добуш берүү болбогонун билдирди. Анын айтымында, бир жыл мурдакы шайлоодо форма эки менен добуш берген шайлоочулардын саны жарым миллионго чейин жеткен болчу. "Бул абдан олуттуу сан"-деди Тынчтык Шайназаров.

    Саат 18:00гө жалпы республика боюнча шайлоочулардын 28% добуш берди.

    Сүрөттүн булагы, shailoo.gov.kg

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саат 18:00гө жалпы республика боюнча шайлоочулардын 28% добуш берди.
    Добуш берүүгө шайлоочулардын катышуусу региондор боюнча. 28.11.21- ж. 18:00гө карата.

    Сүрөттүн булагы, shailoo.gov.kg

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Добуш берүүгө шайлоочулардын катышуусу региондор боюнча.