Трамп Иран үчүн “жакшы лидер” боло турган талапкерлер бар экенин айтты
NBC News телеканалына телефон аркылуу берген маегинде АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын бардык жетекчилик түзүмдөрүн толугу менен жок кылууну каалаарын билдирди.
Трамптын сөзүнө караганда, Иранды башкаруу үчүн “жакшы лидер” боло ала турган бир нече талапкер да бар.
"Биз баарын тазалагыбыз келет", - деди Америка президенти.
"Биз кимдир бирөөнүн өлкөнү 10 жыл кайра калыбына келтиргенин каалабайбыз. Биз алардын жакшы лидери болушун каалайбыз. Менин оюмча, бул милдетти жакшы аткара ала турган бир нече адам бар”,- деди ал.
Ошол эле учурда Трамп конкреттүү талапкерлердин атын атаган жок. Бирок АКШ бул адамдардын коопсуздугуна көңүл буруп жатканын белгиледи.
“Ооба, биз аларды көзөмөлдөп жатабыз”,- деди ал.
Маекте Дональд Трамп учурда Иранга басып кирүү оюу жок экенин ачык айтты.
"Бул убакытты текке кетирүү. Алар баарын жоготушту. Алар флотун жоготушту. Алар мүмкүн болгон нерселердин баарын жоготушту", - деди ал, АКШ менен Израилдин соккуларынын темпи жана интенсивдүүлүгү улана берерин кошумчалап.