Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү Ирандын кол салууларын айыптаган билдирүү таратышты

28-февралдын таңында Израил менен АКШ Иранга аба соккуларын баштаган. Буга жооп иретинде Тегеран да Израилди, Перс булуңундагы мамлекеттерди жана алардын аймагындагы АКШнын аскердик базаларын аткылоодо.

Корутунду

  • 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы соккуларын баштаган. Анын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи каза тапты. Расмий Тегеран бул чабуулдарга жооп кылып, Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдөгү америкалык базаларды аткылап жатат.
  • Жакынкы Чыгышта кырдаал курчугандан бери Иранда, Израилде жана чөлкөмдөгү айрым өлкөлөрдө ондогон адамдардын өмүрү кыйылганы тууралуу маалыматтар түшүп жатат.
  • Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты. Министрлик Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн Кыргызстан жарандарын тынчтыкты жана коопсуздук чараларын сактоого чакырды.
  • Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана башка тармактык ведомстволордун жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү.

Түз алып баруу

Ирандагы соңку кырдаал

  1. "Чоң Жети" өлкөлөрү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулайт

    Шаршемби күнү Франция президенти Эммануэль Макрон Израиль менен АКШнын Иранга каршы согушунун кесепеттерин талкуулоо үчүн G7 лидерлеринин жолугушуусун өткөрөт.

    Шейшембиде Макрон бул жаңжалдын дүйнөлүк экономикага тийгизген таасирин Канаданын премьер-министри Марк Карни менен талкуулады.

    Карнинин кеңсеси тараптар "Чоң Жети" өлкөлөрүнүн ортосундагы координацияны күчөтүү тууралуу макулдашышканын билдирди.

  2. Трамптын кеңешчилери аны Ирандагы согушту тезирээк токтотууга үндөөдө — WSJ

    АКШ президенти Дональд Трамптын Ирандагы согушту "өтө жакын арада" бүтүрүү тууралуу билдирүүлөрү айрым кеңешчилеринин (купуя түрдө) кырдаалдан чыгуу жолун табуу чакырыктарынан улам келип чыгышы мүмкүн. Бул чакырыктар мунайга болгон баанын кескин көтөрүлүшү жана созулуп кеткен жаңжал АКШда жана дүйнөдө саясий каршылыктарды жаратышы ыктымал деген кооптонууларга байланыштуу экенин өз булактарына таянуу менен Wall Street Journal басылмасы жазып чыкты.

    Дүйшөмбү күнкү сөзүндө Трамп, эгер Иран Ормуз кысыгы аркылуу мунай ташууну бөгөттөөнү уланта берсе, бул өлкөгө сокку урууну улантууга даяр экенин айтты. Администрациянын жогорку даражалуу өкүлүнүн айтымында, Трамп «канааттандырарлык жеңишке» жетмейинче согушту токтотпойт, өзгөчө АКШ тарапта аскердик артыкчылык бар экенин эске алуу менен.

    WSJ жазгандай, АКШ президентинин жакын чөйрөсүндөгү адамдар Трамп кээде Тегерандын багынбай жатканына таң калып жатканын белгилешет. Акыркы күндөрү Трамптын командасы коомчулукту согуштун зарылдыгына ынандыруу үчүн кыйла агрессивдүү коммуникация планын иштеп чыгуу керек деген жыйынтыкка келишти. Бул АКШдагы шайлоочулар туш болуп жаткан бензиндин кымбатташына байланыштуу экенин басылманын маектештери билдиришкен.

    WSJ эске салгандай, Трамптын акыркы күндөрдөгү согуштун аякташы тууралуу билдирүүлөрү бири-бирине карама-каршы келип, бул мунай баасынын кескин өзгөрүшүнө алып келди.

  3. Ислам революциясынын сакчылар корпусу: Согуш качан бүтөрүн өзүбүз чечебиз

    Ислам революциясынын сакчылар корпусу дүйшөмбү күнү Ислам Республикасынын армиясы согуштун масштабын кеңейтүүгө даяр экенин айтып, анын качан бүтөрүн өзүбүз аныктайбыз деп билдирди.

    АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин Ирандагы согуш графиктен озуп жатканын жана аяктоо алдында турганын айткан болчу.

    Ирандык аскерлер ошондой эле Израил менен АКШ Иранды бомбалоону улантып жаткан чакта, чөлкөмдөн бир литр да мунайдын экспорттолушуна жол беришпей турганын билдиришти.

  4. Трамп: Согуш жакында бүтөт, бирок бул жумада эмес

    Жаңжал жакын арада бүтөт, бирок бул жумада эмес. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп басма сөз жыйынында Ирандагы согуш качан аяктайт деген суроого жооп берип жатып билдирди.

    “Менимче, жакында бүтөт. Алар баарын, башчыларын да жоготушту. Ал жакта айтылып жаткан жаңы жетекчи тууралуу адамдардын көбү мурда уккан эмес”, — деди АКШ президенти.

    Күн мурун Иранда Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеи жогорку лидер болуп дайындалганы айтылган.

    Трамптан ошондой эле Владимир Путин менен болгон телефон сүйлөшүүсү тууралуу да сурашты. Анын айтымында, Орусия президенти Иран боюнча жаңжалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүнү сунуштаган. Бирок сүйлөшүүнүн өзөгүн Украинадагы согуш түзгөн.

    “Биз Украина жөнүндө сүйлөштүк, ал болсо бүтпөгөн күрөш сыяктуу болуп калды. Президент Путин менен президент Владимир Зеленский ортосунда өтө чоң жек көрүү бар. Экөө эч жарашчудай эмес. Бирок, менимче, бул маселе боюнча сүйлөшүү позитивдүү болду”, — деди Трамп.

    Дональд Трамп Путиндин Ирандагы согушту жөнгө салууга жардам берүү жөнүндөгү сунушун сылык түрдө четке какканын да ишарат кылды:

    “Мен ага: “Эгер Украинадагы согушту токтотууга жардам берсең, ошондо көбүрөөк пайдаң тиймек”, дедим. Мына, ошол чынында пайдалуу болмок".

  5. Путин Ирандын жаңы жогорку лидерин куттуктап, Москва Тегеранды "туруктуу колдой турганын" билдирди

    Орусиянын президенти Владимир Путин Можтаба Хаменеини Ирандын жогорку лидери кызматына шайланышы менен куттуктап, Москва Тегеранды колдой турганын дагы бир жолу билдирди.

    "Учурда Иран куралдуу агрессияга каршы туруп жаткан маалда, сиздин бул жогорку кызматтагы ишмердүүлүгүңүз, албетте, чоң эркти жана берилгендикти талап кылат. Сиз атаңыздын жолун татыктуу улантып, катаал сыноолордун алдында иран элин бириктирериңизге ишенем", - деп айтты Орусиянын лидери.

    "Өз тарабымдан Тегеранга болгон өзгөртүүсүз колдообузду жана ирандык досторубуз менен тилектештигибизди ырастагым келет. Орусия Ислам Республикасынын ишенимдүү өнөктөшү болгон жана боло берет. Сизге алдыңызда турган татаал милдеттерди чечүүдө ийгиликтерди, ошондой эле бекем ден соолук жана кайраттуулук каалайм", — деп айтылат Кремлдин сайтында жарыяланган куттуктоо телеграммасында.

  6. Израил Бейруттун чет жакаларына сокку урганын жарыялады

    Израил коргонуу армиясы Бейруттун Дахие районундагы "Хезболланын" инфраструктурасына сокку урушканын билдирди.

    Буга чейин ЦАХАЛдын өкүлү Авихай Адраи Ливандын тургундарын эвакуацияланууга чакырып, Израилдин армиясы "террордук инфраструктурага" каршы "чечкиндүү аракет көрөрүн" айткан.

  7. Израилдин борборуна жасалган ракеталык соккудан бир адам каза болду

    Израилдин тез жардам кызматынын өкүлү билдиргендей, өлкөнүн борборундагы курулуш аянтчасына Иран тараптан атылган ракета тийип, бир адам каза болду, дагы бири оор жаракат алды.

    "Реанимациялык аракеттерге карабастан, биз болжол менен 40 жаштагы эркек кишинин өлүмүн тастыктоого аргасыз болдук", — деп айтылат "Маген Давид Адом" уюмунун билдирүүсүндө.

    Маалыматта каза болгон адам да, жабыркаган жаран да көптөгөн сыныктардын тийүүсүнөн жаракат алганы такталат.

  8. Тегеранда катуу жардыруулар болгону кабарланууда

    AFP агенттигинин билдирүүсүнө караганда, Тегеранда катуу жардыруулардын үнү угулду.

    Ирандын борборундагы соккулардын так максаты эмне болгону азырынча белгисиз, бирок жардыруулар шаардын бир нече райондорунда угулганын агенттик кабарлады.

  9. Иран жаңы лидери шайлангандан кийинки алгачкы ракеталарын атты

    Иран жаңы лидери Можтаба Хаменеи шайлангандан кийинки ракеталардын алгачкы толкунун Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы араб мамлекеттерине учурду. Бул тууралуу IRIB мамлекеттик телерадиокомпаниясы өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

    Каналда ракетанын сүрөтү жарыяланып, анда: "Сиздин кызматыңыздабыз, Сейид Можтаба!" деген ураан жазылган.

  10. Бахрейнде дрондун чабуулунан кеминде 32 адам жабыркады

    Бахрейндин борборуна жакын жерде иран дронунун чабуулунан кийин кеминде 32 адам жаракат алганын Bahrain News Agency мамлекеттик агенттиги кабарлады.

    Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен жасалган билдирүүдө, жабыркагандардын бардыгы Бахрейндин жарандары экени айтылат. Алардын арасында баш сөөгүнөн жана көзүнөн оор жаракат алган 17 жаштагы кыз бар. Жабыркагандардын эң кичүүсү болгону эки айлык ымыркай.

    Маалыматта такталгандай, жабыркагандардын ичинен төрт адамдын абалы оор, алардын арасында операцияга муктаж болгон балдар да бар.

  11. Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатак курчуган сайын дүйнөлүк мунай баасы дагы жогорулоодо

    АКШ-Израил жана Иран ортосундагы согуштун күчөшүнөн жана Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуулардын үзгүлтүккө учурашынан улам дүйнөлүк мунай баасынын баррелине 100 доллардан жогору көтөрүлүүсү уланууда.

    Азиядагы түшкө чейинки соодада Brent маркасындагы чийки мунайдын баасы дээрлик 24% жогорулап, $114.74 түздү.

    Адатта, дүйнөлүк мунай соодасынын бештен бир бөлүгү Ормуз кысыгы аркылуу ташылат. Бир жума мурун согуш башталгандан бери бул кууш өтмөк аркылуу каттамдар дээрлик токтоп калды.

    Коптонуулардан улам дүйнөлүк мунай баасы 2022-жылдан бери биринчи жолу баррелине 100 доллардан ашып отурат.

    Айрым талдоочулардын пикиринде, эгер Ормуз кысыгы март айынын аягына чейин жабык бойдон калса, мунай баасы рекорддук чекке жетип, баррелине 150 доллардан ашып кетиши мүмкүн.

  12. Трамп: Согушту токтотуу Нетаньяху менен "биргелешкен" чечим болот

    АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен болгон согушту качан токтотуу керектиги тууралуу чечим Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен биргеликте кабыл алына турган "өз ара" чечим болорун билдирди. Бул тууралуу Times of Israel басылмасы кабарлады.

    Телефон аркылуу берген маегинде Трамп экөө "сүйлөшүп жатышканын" айтып, чечимди "өз убагында кабыл аларын" кошумчалады.

    Эгерде АКШ өз соккуларын токтотууну чечсе, Израил Иранга каршы согушту уланта береби деген суроого Трамп бул мүмкүнчүлүктү карап чыгуудан баш тартып: "Мен мунун зарылчылыгы болот деп ойлобойм", - деп жооп берди.

    Можтаба Хаменеинин өлкөнүн жаңы жогорку лидери болуп дайындалышы тууралуу суроого Трамп: "Эмне болорун көрөбүз", - деп комментарий берүүдөн качты.

    Трамп буга чейин Можтабага каршы экенин ачык айтып: "Хаменеинин уулу мен үчүн кабыл алынгыс", - деп билдирген.

  13. Иранга каршы согуш башталгандан бери сегизинчи америкалык аскер каза болду

    АКШнын Борбордук командачылыгынын маалыматы боюнча, Иранга каршы операция учурунда каза болгон америкалык аскерлердин саны сегизге жетти.

    "6-мартта Кувейтте АКШнын Улуттук гвардиясынын жоокерине тез медициналык жардам көрсөтүлүп жаткан учурда, ден соолугуна байланыштуу инциденттин натыйжасында каза болду", — деп айтылат билдирүүдө.

    Буга чейин Борбордук командачылык жети америкалык аскер кызматкери каза болгонун кабарлаган эле.

  14. Жакынкы Чыгыш: Дубайда бир адам набыт болду

    Дубай эмираты Ирандын согуштук учуучу аппаратын жок кылуу маалында жерге түшкөн сыныктан бир адам каза болгонун билдирди. Набыт болгон адам окуя болгон учурда унаа айдап бараткан. Ал чет өлкөлүк жаран экени айтылууда.

    Бийликтин маалыматына караганда, бул окуя Дубайдын Аль-Барша районунда болгон.

    Бул арада 7-март күнү эртең менен Дубай Эл аралык аэропортунун аймагына дрон тийген болушу мүмкүн деген видео тараган.

    Видео аэропорттун түштүк тарабындагы өндүрүш аймагында тартылган. Анда терминалдын жанында жарылуу болгонун көрүүгө болот. Видеону тартып жаткан адам “дагы бир дрон” деп айтат. Жарылуудан мурда дрондордун моторунун үнүнө окшош добуш угулат.

    Андан кийин кандайдыр объект тез ылдамдыкта ылдый түшүп, жарылуу жүз берген.

    Видеодогу кадрларга караганда, окуя темир жол линияларынын түндүк тарабында жана Hertz автоунааларды ижарага берген Hertz компаниясынын имаратына жакын жерде болгон. Перрондо имараттын жанында кеминде төрт учак токтоп турганы көрүнөт.

    Америка менен Израил Ирандагы аба чабуулдарын 28-февралда башташкан. Натыйжада Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи жок кылынган. Дагы бир нече жогорку даражалуу расмий адамдар да өлтүрүлгөн.

    Тегеран буга жооп иретинде Перс булуңундагы бир катар мамлекеттердеги АКШнын аскердик базаларын жана башка инфраструктураларды абадан аткылай баштаган.

  15. Израил түндө Иранга 80ден ашык аскер учагы менен чабуул жасады

    Израилдин Коргонуу армиясы Тегерандагы буталарга карата соккулардын жаңы толкуну аяктаганын билдирди.

    “Израилдин Аскердик-аба күчтөрүнүн 80ден ашык истребители ЦАХАЛдын чалгындоо кызматынын жетекчилиги астында Тегерандагы жана Ирандын борбордук бөлүгүндөгү башка аймактардагы ирандык террордук режимдин инфраструктурасына кошумча сокку уруу толкунун аяктады”, — деп айтылат маалыматта.

    Аскер кызматкерлеринин маалыматы боюнча, соккулар бир нече объектке, анын ичинде Тегерандагы Имам Хусейн атындагы университетке жасалган. Бул окуу жай Ислам революциясынын сакчылар корпусунун офицерлерин даярдайт жана акыркы убакта ИРСКнын чогулуучу жайы катары колдонулуп келген.

    “Университетте ИРСК тарабынан колдонулган көптөгөн аскердик объектилер бар болчу. Ошентип, бул объект өзүнүн мүнөзү, колдонулушу жана максаты боюнча куралдуу кагылышуулар укугуна ылайык, мыйзамдуу аскердик бута болуп саналган”, - деп билдиришти аскерлер.

  16. Иран бир жумада 1300дөн ашык жай тургун каза болгонун билдирүүдө

    Операция башталгандан берки бир жума ичинде АКШ жана Израилдин соккуларынан кеминде 1332 жай тургун каза болду деп билдирди Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани.

    Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасында журналисттердин алдында сүйлөп жатып, Иравани Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун маалыматы боюнча, каза болгондордун арасында аялдар жана балдар бар экенин айтты. "Дагы миңдеген адамдар жаракат алышты жана алардын саны өсүүдө", — деди ал. Ошондой эле мектептер, ооруканалар жана башка жарандык инфраструктура объекттери атайылап бутага алынганын кошумчалады. АКШ менен Израил жарандарга жана инфраструктурага сокку урууну четке кагышкан.

    Ирандын туруктуу өкүлү 20дан ашык мектеп жана 13 медициналык мекеме чабуулга дуушар болгонун билдирди. Ал ошондой эле БУУга мүчө мамлекеттерди АКШ менен Израилдин агрессиясын айыптоого чакырды.

  17. Тегерандагы "Мехрабад" аэропортуна сокку урулду

    Ишембиге караган түнү жасалган авиасоккулардын натыйжасында Иран борборундагы эки эл аралык аэропорттун бири - "Мехрабад" аэропорту жабыркады.

    Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлашты. Социалдык тармактарда CNN телекомпаниясы тарабынан тастыкталган видео да пайда болду. Анда аэропортту жалын чулгап, түтүн көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот.

    Буга чейин Израилдин аскерлери Тегеранга каршы масштабдуу соккулардын жаңы толкунун баштаганын жарыялашкан.

  18. Израил Ирандан ракеталар атылганын билдирди

    Израилдин Коргонуу армиясы Иран тараптан атылган ракеталар катталганын кабарлады. "Ракетага каршы коргонуу системалары коркунучтун мизин кайтаруу үчүн иштеп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

    Израилдин айрым аймактарынын тургундарынын уюлдук телефондоруна билдирүү жөнөтүлдү; аны алгандарга коопсуз жайларга жашынуу сунушталды. "Тынчтык белгиси берилгенде, калк корголгон жайларга кирип, кийинки буйруктарга чейин ошол жерде калууга тийиш. Корголгон жайдан так нускамаларды алгандан кийин гана чыгууга уруксат берилет", — деп кошумчалашты ЦАХАЛдан.

  19. Азербайжан Ирандан дипломатиялык кызматкерлерин чыгарууда

    Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов дипломатиялык кызматкерлерин чыгарып кетүү боюнча иштер башталды деп жарыялады.

    "Азербайжандын президенти Ильхам Алиев өлкөнүн дипломатиялык кызматкерлерин Ирандан толугу менен чыгарып кетүү чечимин кабыл алды. Бул Тегерандагы элчиликке да, Тебриздеги башкы консулдукка да тиешелүү. Учурда бул жаатта иштер жүрүп жатат", - деп жазды министрге шилтеме берип "Интерфакс".

    Бейшемби күнү, 5-мартта, Азербайжандын Нахчиван аэропортуна дрондор менен чабуул жасалган. Баку бул окуя үчүн жоопкерчиликти Иранга жүктөп, президент Алиев кол салууну “террордук акт” деп атады.

    Иран өз кезегинде соккуну Израил жасады деп жатат.

  20. Израил Тегеранга ири соккуларды баштаганын жарыялады

    Израилдин Коргонуу күчтөрү борбор калаа Тегерандагы "Иран режиминин инфраструктурасына" ири масштабдуу соккуларды жасай баштаганын жарыялады.

    "Израил Коргонуу күчтөрү Тегерандагы Ирандын террордук режиминин инфраструктурасына ири масштабдуу соккуларды баштады", - деп айтылган аскер билдирүүлөрүндө. Мындан башка кошумча маалымат айтылган эмес.

    Ошол эле учурда Ирандын мамлекеттик телеканалы борбор калаада жарылуулар болгонун кабарлады.

    Мурдараак Израил Коргонуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Эял Замир Израил Иранга каршы операциясынын кийинки этабына өтүп жатканын жарыялаган.