Рубль кунун жоготууда
Доллар менен еврого карата рублдун куну он пайызга түшүп кетти. Евро жүз рублдан өйдө болсо, доллар 90 рублга жакындап калды. Мындай учур Орусия тарыхында болгон эмес.
Каржы базарын туруктуу кармоо үчүн Орусия Банкы интервенцияны баштады. Металлинвестбанк төрагасы бул окуяны катастрофа катары баалап, Борбордук банк тыныгуу жарыялашы мүмкүн деген билдирүү менен чыкты.
Рублдун кунунун түшүп кетиши Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу болуп жатат. АКШ жана Европа өлкөлөрү буга байланыштуу Орусияга бир катар санкцияларды киргизүүдө.

Сүрөттүн булагы, SERGEI FADEICHEV/TASS


