Орусиянын бийлиги Донбасстан 120 миң адам эвакуацияланганын айтууда
Орусиянын Федерация кеңешинин вице-спикери Андрей Турчак билдиргендей, ДЭР жана ЛЭР аттуу өз алдынча эгемендигин жарыялап алган аймактардан эвакуациялоо жөнүндө жарыялангандан бери Орусияга болжолдуу 120 миң киши чыгып кеткен. Убактылуу жайгашуу жайлары Орусиянын 15 аймагында ачылган.
Ростов облусунун бийлиги соңку суткада ДЭР жана ЛЭР аймактарынан 7 миң киши чыгып кеткенин кабарлады. Эвакуациялангандардын бир бөлүгү, 12 миң адам, Ростов облусунун бийлигинин маалыматы боюнча, поезд менен башка аймактарга жөнөтүлгөн.















