Украина-Россия согушу: Украин качкындарынын саны бир миллионго жетти

Бириккен Улуттар Уюмунан айтышкандай, бүгүнкү күндө Украинадан кошуна мамлекеттерге качып барган адамдардын саны бир миллионду түздү.

Түз алып баруу

  1. 26-февралдын кыскача корутундусу

    • Орус жана украин аскерлеринин башчылары ишембиде көптөгөн багыттарда жергиликтүү салгылашуулар жүргөнүн, бирок эки тараптан тең олуттуу жылыш болбогонун маалымдашты.
    • Башында Кремль сүйлөшүүлөрдү күтүп жаткандыктан чабуул үзгүлтүккө учуратканын билдирген, бирок украин тарап ага катышуудан баш тарткандан кийин, чабуул кайрадан улантылган.
    • Харьков бийликтери аларга болгон орус чабуулунун мизин кайтаранын айтышты.
    • Британия, Польша, Чехия, Эстония баштаган бир нече өлкө орус авиациясы үчүн өз аба мейкиндигин жапканын жарыялашты.
    • Евробиримдик, АКШ жана Британия президент Владимир Путинге жана анын жакынкы чөйрөсүнө жеке санкцияларды киргизди.
    • Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров орус армиясына жардам берүү үчүн Улуттук гвардияга кирген чечен жоокерлерин жибергенин ырастады.
    • Премьер-министр Виктор Орбан, Венгрия Евробиримдик Орусияга киргизген бардык санкцияларды колдой турганын Би-Би-Сиге тастыктады.
    • Германия үчүнчү өлкөлөр аркылуу Украинага танкка каршы курал-жарактарды жана “жер-аба” ракеталарын берүүнү убада кылды.
    • Киевде жана Одесса облусунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00дө коменданттык саат күчүнө кирди. Одессада ал таңкы алтыга чейин, Украинанын борбору жекшембиде шаар орустардын кезектеги чабуулуна даярданып жаткандыктан, дүйшөмбүнүн таңына чейин созулат.
    • Киевдин мэри Виталий Кличко коменданттык саат маалында (б.а. кечки саат 19:00дөн кийин) көчөдө жүргөндөрдүн баары орусиялык диверсант катары караларын убада кылды.
    • Орусиянын Украинага басып кириши башталгандан бери 120 миңден ашуун киши батышты көздөй качууга аргасыз болду. Качкындардын негизги агымы Польшага барууда.
    Украинанын жарандары 2022-жылдын 26-февралында Польшанын Пржемысль шаарында.

    Сүрөттүн булагы, Getty Images

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинанын жарандары 2022-жылдын 26-февралында Польшанын Пржемысль шаарында.
  2. Зеленскийдин жаңы кайрылуусу

    Украин президенти Владимир Зеленский элге жаңы кайрылуусун жарыялады:

    "Жакшы жаңылык менен баштайм: биз каршы турдук жана душмандын чабуулдарын ийгиликтүү майтарып жатабыз. Киев жана борборубуздун айланасындагы негизги шаарлар биздин армиянын көзөмөлүндө.

    Оккупанттар биздин мамлекттин борборун ээлеп, Донецктегидей кылып өз марионеткаларын койгулары келген. Биз алардын тилегин таш каптырдык. Душман колунан келгендин баарын колдонду. Оккупанттар жөнөкөй жашоочулардын кварталдарына, энергетикалык объекттерге чабуул койду. Алардыкы жийиркеничтүү тактика.

    Артиллерия жана ракета менен турак жайларды кыйратуу - бул дүйнө үчүн биз менен кошо баскынчылык жүрүштү токтотууга эң таамай аргумент.

    Украинанын элинин аракети Европа Биримдигине мүчө болууга татыды жана укугу бар. Мен муну азыр болушунча ачык айтып жатам. Бул биздин көмөгүбүздүн чечүүчү күбөлүгү".

  3. Украина орусиялык жоокерлердин "миңдеген сөөгүн" Орусияга алып кетүүнү сурады

    Украинанын вице-премьери Ирина Верещук Эл аралык Кызыл чырым Комитетине кайрылып, Украинанын аймагында көз жумган орусиялык аскерлердин сөөгүн Орусияга алып кетүүнү суранды.

    "Эл аралык Кызыл чырым Комитетине кайрылабыз. Биз Эл аралык Кызыл чырым Комитети орусиялык жоокерлердин сөөгүн Россия Федерациясына чыгарып кетүүгө жардам берүүсүн сурайбыз. Бул миңдеген окупанттардын жасаты. Бул гуманитардык талап. Биз орусиялык оккупанттардын сөөгү Украинанын аймагын таштап, Россия Федерациясына кеткидей кылып ишке ашырууну суранабыз",- деди Верещук.

    Мындан сырткары Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон ГеращенкоКиев кечинде орусиялык аскер кызматкерлердин туугандары менен үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылабыз деп жарыялады.

    Аскердик операция жүрүп жаткан үч күндөн бери орусиялык коргоо министрлиги аскерлердин арасынан окко учкандар же жаракат алгандар тууралуу эч кандай маалымат билдирген эмес. Украина тарап буга чейин ишембинин таңында Орусия тарап үч миңдей кишисинен айрылганын билдирген. Башка булактар азырынча бул маалыматты тастыктай элек.

  4. Sky News: 27 өлкө Украинага аскердик көмөк көрсөтүүнү макулдашты

    Sky News телеканалы 27 өлкө, анын ичинде НАТОго мүчө эмес өлкөлөр дагы Украинага аскердик көмөк көрсөтүу боюнча макулдашканын кабарлады. Бул Британиянын коргоо министрлиги Украианага аскердик колдоо көрсөтүү үчүн уюштурган конференцияга байкоодон улам маалым болгон.

    Конференцияга 25 өлкө жана НАТОнун өкүлдөрү катышып, аскердик жардам жөнөтүү боюнча макулдашышкан. Мындан сырткары эки өлкө өз алдынча көмөк көрсөтөрүн билдирди.

    Украинага даана эмне жөнөтүшөрү азырынча так белгисиз. Бирок согуш куралдары, танкка жана аба чабуулдарына каршы куралдар жана дары-дармек экени күтүлүудө.

  5. Польша быйылкы Дүйнө чемпиондугунда Орусия менен ойнодон баш тартты

    Польшанын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатында орусиялык команда менен ойнодон баш тартты.

    "Сөздөн ишке өтчү учур келди. Россия Федерациясынын Украинадагы агрессиясынан улам Польшанын курама командасы тандоо оюндарында Орусиянын курамасы менен беттешүүнү каалабайт. Бул эң туура чечим. Биз ФИФАга бирдиктүү позициябызды билдирүү үчүн Швециянын жана Чехиянын федерациялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", - деди Польшанын футбол бирлигинин жетекчиси.

    Польшанын чабуулчусу Роберт Левандовски дагы бул чечимди колдоду. "Орусиялык күйөрмандар жана футболчулар бул үчүн жоопкер эмес, бирок, биз эч нерсе болбогондой түр көрсөтө албайбыз",- деди Левандовски.

    X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
    X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

    Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

    Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

    X посттун аягы

  6. Украинадагы согушка каршы ачык кат

    Бир топ кесиптин өкүлдөрү орус бийлигинин дарегине бир нече ачык кат жолдоду. Кат жазып, кол койгондор Украинанын аймагындагы аскердик аракетти токтотууну талап кылышууда.

    • Орусиянын маданият жана искусство ишмерлеринин мындай катына 2 миңден ашуун киши кол койду. Ушул сыяктуу эле дизайнерлер менен иллюстраторлордун орус бийлигине жазган ачык катына минден ашуун киши кол койгон.
    • Коммерциялык эмес уюмдардын ачык катына 300гө чукул киши кол койгон. Алардын арасында хоспистерге көмөк көрсөтүүчү "Вера" фондунун негиздөөчүү Нюту Федермессер, "Выход" фондунун президенти Авдотью Смирнов жана "Подари жизнь" фондунун негиздөөчүсү Чулпан Хаматов бар.
    • Булардан сырткары медицина тармагынан 1200 кызматкери кол коюп, ачык кат менен орус бийлигине кайрылды
  7. Дмитрий Медведев үн катты

    Орусиянын Коопсуздук кеңешинин жетекчи орун басары Дмитрий Медведев Украинага кол салуудан улам Орусияга каршы салынган санкциялар боюнча комментарий берди. Ал өлүм жазасын кайтаруу жөнүндө оюн айтып, санкциаялар боюнча жагдайды "саясий шалтуруктун" белгиси деп сыпаттап, Орусиядагы чет өлкөлүктөрдүн бизнесин улутташтырууну сунуш кылды.

  8. Чукул кабар, Зеленский Путинге сүйлөшүүнү кайра сунуштап, Европаны Украинаны коргоого чакырды

    Зеленский

    Сүрөттүн булагы, Украина президенти

    Владимир Зеленский жаңы билдирүү чыгарып, Путинге сүйлөшүү сунушу менен экинчи жолу кайрылды.

    “Орусиянын президентине дагы бир жолу кайрылып кетким келет. Украинанын бүт аймагында салгылашуу жүрүүдө. Келгиле, адамдардын өлүмүн токтотуу үчүн сүйлөшүү столуна отуралы”, — деди Украинанын президенти.

    Зеленский Европаны Украинага жигердүүрөөк жардам берүүгө үндөдү: “Эгерде бизге ушунчалык жай жардам берип жатсаңар, өзүңөрдү кантип коргоюн деп жатасыңар?”

    Ал Орусиянын Украинага каршы аскердик аракеттерин Европага кол салуу деп атады. Ошондуктан ал Европа кырдаалга жигердүүрөөк катышуусу керек деп билдирди.

    “Орусиянын Украинага басып кирүүсү бул жөн гана басып кирүү эмес. Бул Европага каршы согуштун башталышы. Европанын биримдигине каршы. Европадагы жөнөкөй адамдардын укугуна каршы. Континентте жашоонун бардык эрежелерине каршы”, — деди Зеленский.

  9. Киев чабуулга даярданууда

    Киев шаарынын тургундары чабуулдарга даярдык көрүп жатышат. Украинанын бийлигинен айтышкандай, Орусиянын аскерлери борбор шаардын түндүгүндөгү райондордон кирип барууда.

    Киев

    Сүрөттүн булагы, Getty Images

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Киевдеги бүгүн таңга маал атылган ракетадан улам зыянга учураган турак жайдын алдында жаш бала селкинчек тээп жатат
    Киев

    Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адамдар бомбадан коргонуучу жайларда жашынып жатышат
    Украина

    Сүрөттүн булагы, Getty Images

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адамдар менен жаныбарлар чабуулдан коргонууда
    Украина

    Сүрөттүн булагы, Getty Images

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Метро станцияларда адамдар толо
    Киев

    Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

    Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Киевдин Эгемендик аянты дээрлик бош
  10. Лавров Орусия колдогон сепаратисттер менен жолукту

    Орусиянын тышкы иштер министри бул видеону мурдараак чыгарган эле. Анда тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын чыгышындагы Орусия колдогон сепаратисттердин өкүлдөрү менен жолугуп жатканын көрүүгө болот.

    X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
    X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

    Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

    Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

    X посттун аягы

    Өз алдынча эгемендигин жарыялап алган Донецк элдик республикасы менен Луганск элдик республикасы Украинанын чыгышында жайгашкан.

    Путин Украинага толугу менен чабуул коёрдон мурда аталган эки аймактын көз карандысыздыгын тааныган.

    Украина
  11. Лавров: Украина өзүнүн келечегин тандашы керек

    Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада басма сөз жыйынында сүйлөп жатып, Украинанын туруктуулугунан күмөн санады жана өлкөнү атайылап милитаризация кылганы үчүн Батыш өлкөлөрүн айыптады.

    Лавров журналисттерге Украинанын эли азыр “өз келечегин тандоо” мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек деди.

  12. Украина армиясы 60тан жогору жаштагыларды алууда

    Мурдараак Украинанын коргоо күчтөрү өзүнүн Твиттер барагында жарандарды жаш курагына карабастан армияга чакырып жатканын кабарлаган элек.

    Командирдин билдирүүсүндө “жаш курагына чектөө жок” деп айтылган. Ал жашы жете электерди да аскерге алууга ишарат кылып жаткан болчу.

    Бирок коргоо министри Алексей Резниковдун жаңы билдирүүсүндө жаш курагы боюнча чектин алынуусу 60 жаштан жогору болгондорго тиешеси бар экени чечмеленет. Анда жашы жете электер боюнча эч нерсе айтылган эмес.

    “Мен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысынын макулдугу менен армияга жашы 60тан жогору болгон мекенчилдерди тартуу чечимин кабыл алдым. Алар моралдык жактан да, физикалык жактан да душманга каршы туруп, жеңүүгө даяр”, — деп жазат Резников.

    Киев

    Сүрөттүн булагы, Reuters

  13. Кытай Орусияны айыптоодон карманууда

    Орусиянын көптөн берки шериктеши Кытай Орусияны дале айыптай элек. Кытайдын тышкы иштер министрлиги Орусиянын Украинага каршы аракетин “басып кирүү” деп атоодон баш тартууда.

    Бээжиндеги брифингде басма сөз катчы Ван Вэнбин Кытайдын позициясын билдирди. Кытай бардык мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сыйласа да “Орусиянын коопсуздук маселеси боюнча мыйзамдуу кооптонуусун” түшүнүп турат.

    Ал кошумчалагандай, Кытай Украинаны мыйзамдуу мамлекет деп тааныйт жана Украинада саясий чечим табуу эшиги жабыла элек деп ишенет, бирок диалог кандайча ишке ашышы керек экени боюнча сунуштарды берген жок.

    Ошондой эле ал Украинанын чыгышындагы бөлүнүп кеткен Донецк жана Луганск “республикаларын” Бээжин таанып-тааныбасын айткан жок.

  14. Орусия Британия учактары үчүн асманын жапты

    Орус бийликтери британ учактарын Орусияга кирүүсүнө чектөө киргизди. Бул окуя Улуу Британия “Аэрофлотко” каршы санкцияларды киргизип, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салгандан кийин болуп отурат.

    “Росавиациянын” айтымында, өлкөнүн аймагында чектөөлөр “Улуу Британия менен байланышы бар же Улуу Британияда катталган адамга таандык, ижарага алынган учактар үчүн” киргизилүүдө.

    Чектөөлөргө ошондой эле “Орусиянын аба мейкиндиги аркылуу транзиттик каттамдар үчүн да” киргизилди. Теориялык жактан алганда, британиялык авиакомпаниялар Азия өлкөлөрүнө учууда көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн.

    “Росавиациянын” айтымында, 25-февралда британ компаниялары Орусиянын аба мейкиндигине 70 транзиттик рейс жана Лондон-Москва багыты боюнча эки рейс аткарганы жаткан.

    Орусия бул аракет Британиянын санкцияларына жооп деп айтып жатат.

    Расмий Москва Лондонго консультация өткөрүүнү сунуштаган, бирок терс жооп алган, деди агенттик.

    EPA

    Сүрөттүн булагы, EPA

  15. Харьковдо жарылбай калган снаряддардын сүрөттөрү пайда болду

    Украинанын УНИАН маалымат агенттиги Харьковдогу адамдар отурукташкан кварталдардан сүрөттөрдү чыгарды. Анда жерге түшүп, бирок жарылбай калган снаряддарды көрүүгө болот. Социалдык тармакта дагы аталган жайдан ушундай эле видеолор пайда болгон.

    Би-Би-Си коопсуздук боюнча эки экспертке бул сүрөттөрдү көрсөттү. Алардын ою боюнча, “Смерч” системасынан атылган снаряддар чыгарылган болушу толук ыктымал.

    Харьков

    Сүрөттүн булагы, УНИАН

    Харьков

    Сүрөттүн булагы, УНИАН

    Мындай жабдуулар Орусияда да, Украинада да бар.

    Расмий түрдө эч бир тарап Харьковду аткылоо туурасында билдирген жок. Орусиянын аскерлери аскердик инфраструктурага га “жогорку тактыктагы сокку” урулуп жатканын айтып көшөрүүдө.

  16. Украина армиясы: Бизге аскерге чакырылгандар керек, жаш курагына чек жок

    Украинанын коргоо күчтөрү бардык жарандарды жаш курагына карабастан чакырып жатканын Твиттерде жазып чыкты. Алар ыктымал жашы жете элек болсо да чакырылган.

    Аскер командири Юрий Галушкинге таандык делген билдирүүдө төмөнкүчө айтылат:

    “Бүгүн Украинага көп нерсе керек. Кошулуунун бардык процедурасы жөнөкөйлөтүлдү. Өзүңөр менен кошо паспорт менен индентификациялык номериңерди эле алгыла. Жаш курагына эч кандай чектөө жок. Эгерде адамдарда каттоо боюнча маселе жаралса алар ушул расмий твитке шилтеме жасашы керек”.

    X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
    X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

    Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

    Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

    X посттун аягы

  17. Украинанын коргоо министрлиги: Орус аскерлери Киевде

    Украинанын коргоо министрлиги Киевдин Оболонь районунда орустардын бүлүндүрүүчү-чалгын тобу иштеп жатканын ырастады. Жума күнү мурдараак бул туурасында күбөлөр менен ЖМКлар айтып чыгышкан болчу.

    “Техниканын кыймыл-аракеттери жөнүндө жарандардан кабарлап туруусун өтүнөбүз. Жай тургундар сак болуңуздар! Үйүңөрдөн чыкпагыла!” — делет билдирүүдө.

    Би-Би-Синин кабарчысы Святослав Хоменко Оболонь районунда “үзгүлтүксүз жарылууларды” угуп жатканын кабарлады.

    X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
    X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

    Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

    Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

    X посттун аягы, 1

    X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
    X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

    Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

    Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

    X посттун аягы, 2

  18. Орусия украин армиясынын техникалык жоготуулары жөнүндө

    Жума күнү эртең менен Орусиянын Коргоо министрлиги да украин армиясынын техникалык жоготуулары тууралуу кабарлады:

    • • 11 аскердик аэродром
    • • 13 башкаруу пункту жана байланыш борборлору
    • • 14 даана ракеталык комплекс
    • • 36 радар станциясы
    • • 5 согуштук учак
    • • 1 тик учак
    • • 5 дрон
    • • 18 танк жана башка брондолгон согуштук унаалар
    • • 7 жапырт атуучу реактивдүү система
    • • 41 атайын аскердик техника
    • • 5 согуштук катер.

    Украин армиясынын Башкы штабы бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

  19. Украин бийлиги: Киев бейтарап макамды талкуулоого даяр, бирок коопсуздук кепилдиги керек

    Украина Орусия менен нейтралитет статусу боюнча сүйлөшүүгө даяр. Бирок бул үчүн Киев Москвадан коопсуздук кепилдигин алышы керек, деп билдирди Украина президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк.

    “Украина ар дайым сүйлөшүүлөр үчүн ачык болуп келген жана боло берет. Орусия Украинаны толук масштабдуу басып киргенде да биз сүйлөшүүгө даярбыз. Бул согушту токтотуу керек. Бул согуштук аракеттерди токтотуу керек”, - деди Подоляк (РБКнын цитатасынан).

    Подоляктын айтымында, расмий Киев Москванын “сүйлөшкүсү келип жатканын” уккан. “Эгер алар бейтарап макам тууралуу сүйлөшкүсү келсе, биз мындай талкуудан коркпойбуз. Бир гана коопсуздукка ким жана кантип кепилдик бере алат, маселе ошондо”.

    Подоляк Украинанын президенти Володимир Зеленскийдин кайрылуусуна да токтолду, Зеленский Европа өлкөлөрүнүн “биз менен чогуу согушууга жана Украинаны НАТО мүчөсү катары көрүүгө” даяр эместигин түшүнгөн. Подоляк бул “алар коркушат” дегенди билдирет, деди.

    president.gov.ua

    Сүрөттүн булагы, president.gov.ua

  20. Орустардын кол салуусунан качып Польшага барган украиналыктар

    Польшанын Перемышль шаарынын бийлиги маалымдагандай, бир миңден ашуун украин жараны орустардын кол салуусунан качып, Польшага барган.

    Украинадан келгендерден Польша карантин чараларын же коронавируска терс тест жыйынтыгын көрсөтүү талабын алып салды.

    Алардын көпчүлүгү отелдер толугу менен ээленип калгандыктан түнү менен темир жол станциясындагы керебеттерде жатышты.

    Польша чек арадан өткөн украиналыктар үчүн тогуз кабыл алуу борборун ачты. Ал жерде тамак-аш, медициналык жардам жана маалымат берилет.

    Польшада эң чоң украин диаспорасы бар. Ар кандай сандар айтылып жүрөт, бирок өлкөдө бир-эки миллион украин бар экени айтылат. Алардын жарым миллиону гана Польшанын социалдык кызматтарында каттоодон өткөн.

    Мейманканалар толугу менен ээленип калгандыктан көптөгөн украиналыктар түнү менен темир жол станциясындагы керебеттерде жатышты.

    Сүрөттүн булагы, Getty Images