Россия Азиз Батукаевди Кыргызстанга кайтарып берүүдөн баш тартты

Кыргызстандагы оппозициялык саясий күчтөр Батукаевди бошотуп жибергени үчүн укук коргоо органдарынын жетекчилерин, президент Атамбаевдин өзүн дагы коркунучтуу кылмышкерлерди калкалап, тымызын иштерди жасап келатат деп аесуз сындап келатышат.

Сүрөттүн булагы, b

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандагы оппозициялык саясий күчтөр Батукаевди бошотуп жибергени үчүн укук коргоо органдарынын жетекчилерин, президент Атамбаевдин өзүн дагы коркунучтуу кылмышкерлерди калкалап, тымызын иштерди жасап келатат деп аесуз сындап келатышат.
    • Author, Кубат Чекиров
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Россия Азиз Батукаевди Кыргызстанга кайтарып берүүдөн баш тартып жатканын парламент жыйынында баш прокурордун орун басары Темир Бекмамат уулу билдирди.

“Ал Россияда кармалган, бирок укук коргоо органдары 2014-жылы 4-июлда Грозныйда козголгон кылмыш иши боюнча башка тергөө жүрүп жатканына байланыштуу аны Кыргызстанга экстрадиция кылуудан баш тартып жатышат”,-деп билдирди баш прокурордун орун басары.

Азиз Батукаев көп жылдардан бери түрмөдө болчу. Акыркы жолу ал 2006-жылы түрмөдө тополоң уюштуруп, ЖК депутаты Тынычбек Акматбаевге кол салып өлтүргөнү үчүн он алты жылга кесилген. Жазасын Нарын шаарындагы түрмөдө өтөп жаткан жеринен 2013-жылы апрелде шаардык сот мөөнөтүнөн мурда бошотуп жиберген.

Нарын шаардык соту аны оорусуна байланыштуу өлүм алдында жатат деген жүйөө менен абактан эрте бошоткон. Азиз Батукаев чыгар замат эле Грозный шаарына учуп кеткен.

Ошондон кийин Жогорку Кеңеште депутаттар чуу көтөрүп, комиссия түзүп текшерип, комиссия акыры Батукаевди мыйзамсыз бошоп кеткен деген бүтүмгө келген.

Ушул жылы 30-апрелде Нарын шаардык соту Батукаевди бошоткон чечимин жокко чыгарган. Уюшкан кылмыштуу топтун лидерине 6-майда эл аралык издөө жарыяланган.

Кыргызстандагы оппозициялык саясий күчтөр Батукаевди бошотуп жибергени үчүн укук коргоо органдарынын жетекчилерин, президент Атамбаевдин өзүн дагы коркунучтуу кылмышкерлерди калкалап, тымызын иштерди жасап келатат деп аесуз сындап келатышат.

Айрым саясатчылар Азиз Батукаевдин түрмөдөн эрте бошотулушу кыргыз жана орус бийликтеринин ортосундагы тымызын сүйлөшүүлөрдүн жана макулдашкан пландын натыйжасы болду деген пикирлерин айтышкан.