"Көкүрөктү эзген кыял ишке ашты". Садыр Жапаров экс-президенттер менен жолукту

Published

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мурдагы президенттеринин баары менен бейтарап аймакта жолугуп келгенин кабарлады.

Жолугушууга мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков катышты.

"Өлкөнүн келечеги деп көкүрөктү эзген кыял ишке ашты - эл-жерибиздин түбөлүк ынтымагы үчүн мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго олтургуздум",-деди Садыр Жапаров өзүнүн эл-журтка болгон кайрылуусунда.

Президент бул жолугушуунун максаты кыргыз калкын ынтымакка чакыруу, саясий биримдикке келүү, бөлүнүп-жарылууну токтотуу экенин баса белгиледи.

"Бирок, баарыбыз үчүн ыйык Кыргызстандын түбөлүктүү келечегин ойлой турган болсок, биз "Акаевчи", "Бакиевчи", "Атамбаевчи" «Отунбаевачы» «Жээнбековчу» «доконцачы» жана башка "чылар" дегенди жоюп, баарынын башын бириктирүү менен (лидерлерди бириктирмейин тарапташтар бирикпейт) жамы кыргыз журтунун эртеңки келечегин ойлогонубуз туура!.

Боюбузга сиңип бараткан мындай арсыз сапаттарды ары калчап, бери калчап олтуруп, ошол башында эл шайлаган, аягы кейиштүү бүткөн президенттердин башын бириктерсем, балким бир муштумга түйүлгөн ынтымактуу журт болот белек деген ой көптөн бери көкүрөгүмдү эзип келет эле. Акыры тубү элибиздин "султан сөөгүн кордобойт" деген таасын кеби бар эмеспи!

Көөдөнгө тынчтык бербеген асыл ойду акыры ишке ашырууга бел байлап, соңку тарыхыбызда журт башына келген президенттердин башын бириктирип, бир ортого чогулттум. Кыргыз наркын жасап, алдыларына аш тарттым. Уй муйуз тарта олтура улут келечеги үчүн мурдагы журт башчылары өткөндөрүн сууга салышып, бир муштумга биригүү демилгемди колдоп беришти."

Садыр Жапаров жолугушуу убагында мурдагы президенттер жарашып, бири-бирин кечиришкенин билдирди.

"Албетте, биринин артынан бири келген мурдакы өлкө башчылары ачуу кептерди айтышты. Көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүштү. Кетирген кемчиликтерин моюндарына алышты. Эң башкысы, алар бири-бирин кечире билишти. Менин да көздөгөн максатым ушул эле. Ой-кыялым - ошол ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары, жалпы жети дубан калкыбыз, бир багытка баш коюп, саясатты таштап, бир дем менен улуттун өнүгүүсү, экономикасы деп ой жүгүртүү эле".

Садыр Жапаров ошондой эле мурдагы президенттер убагында кан төгүлгөн окуяларга токтолуп, ата-бабанын салтына карап, элди дагы кечиримдүү болууга чакырды.

"Ооба, жалпы элибиздин көзү менен караганда, алардын ар биринин жүргүзгөн саясатында алешемдиктер кетип, арты кайгылуу окуялар менен коштолуп, кан төгүүлөр да болуп кетти. Акаев учурундагы Аксы окуясы, Бакиевдин учурундагы Апрель окуясы, Убактылуу Өкмөт учурундагы Июнь каргашасы, Жээнбеков учурундагы Октябрь окуясы, андагы Үмүт аттуу жайнап турган жапжаш жигиттин каза болгондугу, тилекке каршы, кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылып калды. Ошентип, канчалаган кырчындай болгон кыргыз жаштарынан - уулдарыбыздан айрылдык. Алардын жакындары менен туугандарынын нааразычылыктарын сезип турам".

"Ата-бабалар наркына да карасак, «атанды өлтүргөнгө энеңди алып бер» дейт. Мусулманчылык жосунуна да карасак, кечире билүү жана кечиримдүү болуу улуу салт экенин көрөбүз. Кечиримдүү бололу, сабыр күтүп, алга сапарыбызды улайлы. Эгемендигибизди, көз карандысыздыгыбызды бекемдейли, өнүгүүгө бардык мүмкүнчүлүгү болгон Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү десек, өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салалы. Ар бир кыргызстандык бириккиле! «Бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып», алдыга карай бет алалы! 5-10 жылдык жеке кызыкчылыктарыбызды ойлобостон, кыргызстандын түбөлүк кызыкчылыгын ойлонолу",-дейт президент.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери алтынчы президент башкарууда. Андан мурдагы беш президенттин экөө өлкө сыртында - Аскар Акаев Россияда, Курманбек Бакиев - Минскиде жашайт. Акаев "Кумтөр" боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Кыргызстанга келип, суракта болуп, көрсөтмө берип кеткен. Курманбек Бакиев кыргыз соту тарабынан көп кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылып, сыртынан соттолуп, 25 жылга эркинен ажыратылган.

Төртүнчү президент Алмазбек Атамбаев дагы оор кылмыштарга айыпталып, камакта отурган. Жакында эле Жогорку Сот ага чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жибергендиктен, сот аны ден-соолугуна байланыштуу түрмөдөн бошотту. Атамбаев дароо эле дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кеткен.

Бул жолугушуу Кыргызстандын калкы үчүн күтүлбөгөн окуя болуп жатканы талашсыз. Өлкө ичинде да, сыртында да ар кандай пикирлер болору түшүнүктүү. Азыр эле Атамбаев Жээнбеков менен, Отунбаева - Бакиев менен учурашып, бир столдо отурганына таң калган пикирлер социалдык тармакта жаап чыгууда.

Мурдагы лидерлердин жарашуусу кыргыз өлкөсүнүн саясий турмушунда кандай мааниге ээ экендиги, кандай өзгөрүүлөргө алып келери жөнүндө чоң талкуу алдыда. (КС)