Кеннеди. Тарых чындыгы жана сабактары

Джон Кеннеди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Тынчтыкбек Чоротегин,
    • Role, Тарыхчы, публицист
  • Published

Жакында АКШнын даңазалуу президенттеринин бири Жон Кеннединин өлтүрүлүшүнүн чоо-жайына байланыштуу жашыруун делген архивдик маалыматтардын жаңы топтому жарык көрдү. Жон Кеннединин "Каармандык өрнөктөрү" аттуу китебин англисчеден тикелей кыргыз тилине которгон тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин анын өмүр жолунун жана китебинин сабактары жаатында блог сунуштайт.

Алгы сөз. Архивдерди чечкиндүү ачуу керек

АКШны 1961—1963-жылдары башкарган жана өлкөнүн 35-президенти болгон Жон Фицжералд Кеннеди (John Fitzgerald "Jack" Kennedy; 29.05.1917, Бруклайн — 22.11.1963, Даллас) киши колдуу мерт кеткен жана бул окуя тууралуу дээрлик бардык замандаштарыбыз орто мектептен бери дурус кабардар.

Мурда мамлекеттик сыр катары жарык көрбөй келген архивдик маалыматтардын айрымдары азыркы АКШ президенти Жо Байден кол койгон жарлыкка ылайык басма сөздө жарыяланып, ушул күндөрү кызуу талкууга алынып жатат.

Мага, чындыгында, бул даректүү маалыматтар жарыяланганы тууралуу кабарларга куйрук улаш жазылган жагдай - айрым архивдик маалыматтардын жарыяланышы үчүн дагы эле тиешелүү «саат келе электиги» тууралуу кыстырма маалымат болду.

Дал ушул дээрлик 60 жыл илгерки окуя боюнча чындыктын кайсы-бир бөлүгү кайсы бир цензор аткаминерлер же алардын атайын комиссиясы тарабынан «дозалап өлчөнүп», дагы эле жашыруун сакталышы керек болуп жаткандыгына тарыхчы адис катары караманча каршымын.

Өз тарыхыбызга келсек, тарыхчы досум Кыяс Молдокасымов мындан бир кылымдан ашуун илгерки падышалык доорго таандык айрым архивдик маалыматтарды бир нече жыл илгери эле Орусиянын Иркутск шаарындагы фондунан ала албай келгендигин өкүнүп айтканын эстедим.

Сырт жактагы архивдерди мындай коёлу, мурдагы КГБнын архивинин Бишкектеги корлорунда сакталып жаткан 70 - 90 жыл илгерки айрым маалыматтар 10 томдук болуп жарыялангандыгына карабастан, алардын басымдуу көпчүлүгү карапайым тарых изилдөөчүлөр үчүн азыркы күнү дагы жабык бойдон кала берип жатат.

Мындай цензурачыл турумду бүткүл дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде пост-коммунисттик өлкөлөрдө да четке кагуу керек деп санайм. Дурус өрнөк да жок эмес. Балтика боюндагы өлкөлөрдүн жана Украинанын бийликтери мурдагы чекисттердин маалыматтарын ачык жарыялашты.

Бир мисал келтирсек, Иосиф Сталин өзү "калкалап", абройлуу сыйлыктар берип келген залкар украин кинорежиссёру Александр Довженконун (1894-1956) өзүн 1928-1946-жылдары чекисттер тымызын улутчул жана коркунучтуу ишмер катары ырааттуу аңдышкан экен.

Ал эми 1943-жылы Довженко жазган "Украина алоо от ичинде" («Украина в огне») аттуу киноповестте Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы советтик аткаминерлердин шалаакылыгынын айынан миңдеген украиндер набыт болгондугу ачык чагылдырылган жана бул чыгарманы жарыялоого Сталин өзү тыюу салган.

Эми мурдагы советтик жашыруун архив фонддорун ачуунун аркасында Балтика боюнда жана Украинада 1917-1953-жылдардагы тарыхый окуларды калыс иликтөө мүмкүнчүлүгү ачылды. Биз да Кыргызстанда ошондой жолойго түшүүбүз зарыл.

1991-жылы мурдагы СССРден эгемендикке жеткен көз карандысыз өлкөбүз мурдагы КГБнын архивинен өз эгемендигине зыян келтирчү эч кандай жашыруун документти таба албастыгы да анык. Ал документтерди жашыра берүү - эгемендикке каршы жана империячыл эски күчтөрдүн гана чырагына май тамызат.

Джон Кеннеди, кадр перед убийством

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Джон Кеннеди был 1963-жылы Далластагы сапары учурунда снайпер аткан октон каза тапкан

Ал эми ошол архивдик маалыматтар жарык көрсө эле алатоолуктар бири-бири менен кырчылдашып, чабышып кетишет ко, деген жоромол сөздөр суу кечпейт. Себеби азыркы, б.а. XXI кылымдын башындагы үч элдик ыңкылап маалында эле бири-бирине каршы кырды бычак болуп, эки башка жээкте калгансыган алатоолук саясатчылар азыркы тапта бири-бири менен куда-сөөк болуп, камыр-жумур жашап жатышат, анан каяктагы 90-70 жыл илгерки архивдик кагаз үчүн кимдир-бирөөлөр өз ара араздаша кетишмек эле. Үч муун илгерки тарыхка байланыштуу архив корлорун ачуу - тек гана тарыхый тактыкка жетишүүнүн гана көйгөйү.

Кеннединин каарман сенаторлор ж.б. тууралуу чыгармасы

Жон Кеннеди сенатор кезинде, 1956-жылы "Каармандык өрнөктөрү" аттуу чыгармасын жарыялаган. (Караңыз: Кеннеди, Жон Фицжералд. Каармандык өрнөктөрү / Англис тилинен кыргызчага которгон Тынчтыкбек Чоротегин. — Бишкек: Аркус, 2019. — 288 бет. - "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду. - ISBN 978-9967-9213-4-4).

Кийинки, 1957-жылы өмүр таржымакал жазуу жаатындагы Пулитцер сыйлыгына татыган бул чыгармасында Жон Кеннеди АКШнын чыгаан 8 сенаторунун айрыкча коомдук саамалыктарын өз доорундагы эр жүрөктүүлүктүн мисалы катары баяндаган.

Кыргызстандын мурдагы президенти, дипломат, учурда БУУнун Башкы катчысынын Ооганстан иштери боюнча атайын өкүлү, БУУнун бул өлкөдөгү миссиясынын башчысы Роза Исак кызы Отунбаева бул китеп жана анын автору тууралуу таасын баасын берген:

"Тарыхый кыйчалыш учурларда партиялык, жердештик, аймактык тар кызыкчылыктардан жалпы мамлекеттик жана адамзаттык жогорку сереге көтөрүлүүгө болобу? Ж.Ф.Кеннединин өмүрү да, анын "Каармандык өрнөктөрү" китебиндеги каармандардын метеордой жарк эткен эрдиктери да бул суроого карата оң жооп болуп саналат".

Кыргызстандын мурдагы парламент спикери, академик Абдыганы Эркебаев да Жон Кеннединин жалпы улуттук жана жалпы адамзаттык таламдарды биринчи орунга коё алган ушул китебин "узак мөөнөттүк тагдырга татыктуу" деп оң баалаган.

Кеннединин өзүнүн каармандыгы

Албетте, пенде болгон соң, Кеннединин өзүндө мактоого татырлык жактарынан тышкары калпыстыктар, кемчиликтер болбой койгон эмес. Бирок анын өмүр таржымакалын дарекке таянып жазгандар анын өзүнүн жекече каармандык кылган учурларын да каттап калышкан.

Мисалы, Экинчи дүйнөлүк согушта ал аскерде кызмат өтөгөн.

1943-жылы августта ПТ-109 номурлуу америкалык күзөт кемеси Тынч океандын түштүгүндө жапондук кыргын кемесинин чабуулунун айынан кыйроого учураганда, лейтенант Жон Кеннеди өзүнүн кемесиндеги жарадар болгон бир деңизчини 4,8 чакырымдай (б.а. 3 милге тете) алыстыкка сууда сүйрөп жеткирип, анын өмүрүн сактап калган. Ошондо Кеннединин өзүнүн арка омурткасына доо кетип, өмүр бою ал дал ушул оорусунан жабыркап жүргөн.

Кеннединин президент кезиндеги эки эрдигине келсек, алардын бири - Куба тирешүүсү маалындагы анын жеке саясий турумуна байланыштуу.

1962-жылы, Советтер Биримдиги коммунисттик Кубада АКШга чабуул коюуга даяр өзөктүк ракеталар базасын тымызын куруп жаткан эле. Бул маалымат президент Кеннедиге кабарланды. АКШдагы айрым "кыргыйлар" СССРге каршы абадан сокку уруу керек деп да сунуш кылышкан.

Дал ошондо Кеннеди өзөктүк согуш алааматынан баш тартууга үндөгөн дипломатиялык багытты көздөгөн. Анын сергек акыл калчоосу Кубадагы ракета кризисинен кийин советтик-америкалык алакаларда жаңы барак ачууга, өзөктүк куралдарды абада, ачык космосто жана суу алдында сыноого тыюу салган алгачкы келишим жаатында сүйлөшүүлөр баштоого түрткү болгон.

"...Бардыгыбыз ушул чакан планетанын байырлоочулары экендигибиз бардыгыбызды өзгөчө байланыштырып турат. Биз бардыгыбыз бирдей аба менен дем алабыз. Биз бардыгыбыз өз бала-чакабыздын болочогу үчүн кам көрөбүз. Анан калса, бардыгыбыз акыры дүйнө салчу жандарбыз", - деп Кеннеди коммунист каршылаштарын тынчтыкка үндөгөн.

Албетте, 1945-жылдын Хиросима жана Нагасаки шаарларына АКШ салган алааматты эч ким унутпайт, бирок 1962-жылы андан да коркунучтуу адамзаттык кыргынга каршы чыгуу - бул саясатчынын эстүүлүгү да, каармандыгы да болгон.

XVIII кылымдын соңунан тартып өзүн демократиялуу коом жарыялаган АКШда (анын бир катар түштүк аймактарында 1865-жылдын 19-июнуна чейин) кулчулук өкүм сүргөн, ал эми кара түстүүлөрдү жасалма жиктеп салуу (сегрегация) сыяктуу жосунсуз көрүнүштөр арбын болгон.

1939-жылы чыккан "Шамал учуруп кеткендер" тасмасында экинчи саптагы кейипкердин ролун мыкты аткарган Хэтти Макдэниел (1895-1952) айым 1940-жылы "Оскар" сыйлыгына татыган алгачкы кара түстүү өнөрпоз болуп калды. Бирок 1940-жылы "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи маалында аны четкерээк жайгаштырылган үстөл четине отургузушкан учур да АКШ тарыхындагы кайгылуу барактардан элес берет.

1954-жылы 17-майда АКШнын Жогорку соту мектептердеги расачыл мүнөздөгү жиктелүүлөргө АКШнын Башмыйзамына каршы жорук катары тыюу салган чечим жарыялаган. Бирок ошондон кийин да ак түстүүлөрдү көкөлөткөн расачыл адилетсиз мамилелер АКШнын бир катар штаттарында улантыла берген.

Президент Кеннединин дагы бир каармандыгы - расачыл турумдарга каршы анын иштиктүү күрөшүнө байланыштуу болду.

Президент Кеннеди көп этностуу жана көп расалуу өлкө болгон Кошмо Штаттардын бир катар штаттарындагы ак түстүүлөрдүн таламын жактаган расачыл жергиликтүү бийликтерге жана жергиликтүү расачыл полиция жетекчилигине каршы ал түгүл аскер күчтөрүн колдонууга чейин барып, чечкиндүүлүк кылган.

Маселен, 1963-жылы Алабама штатындагы университетке кара түстүү эки студентти кабыл алдыруу тууралуу федералдык соттун буйругун жүзөгө ашыруу үчүн Кеннеди Алабама штатынын улуттук гвардиясын колдонгон.

"...Эгерде кайсы бир америкалык киши дене түсү кара болгону үчүн эле жалпы калайыкка ачык болгон ресторанда түштөнө албай турган болсо, жана эгерде ал өзүнүн балдарын мүмкүн болгон эң мыкты коомдук мектепке жибере албай турса, эгерде ал өзү үчүн өкүл боло турган расмий кызмат жетекчисин шайлоодо добуш бере албаса, эгерде, кыскартып айтканда, бул киши биз бардыгыбыз эңсеген турмуштун ыракатын телегейи тегиз жана эркин көрө албай турса, анда арабыздан деги кимдер өз дене түсүн өзгөртүп, анын ордуна келүүгө макулдук бере алат?" - деп суроо салып, Кеннеди ар бир атуул АКШнын Башмыйзамында жарыяланган тең укуктуулукка чындап ээ болушу керек, деген талабын баса айткан.

Албетте, тымызын иштеген расачыл Ку-Клукс-Клан кыймылынын өкүлдөрү аны жек көрүшкөн. Бирок Кеннеди атып өлтүрүлгөндөн кийин да ал баштаган мыйзамдык долбоор андан ары колдоого алынган. Ал набыт болгондон кийинки (1964-) жылы бул долбоор "Адам укуктары акты" деген аталыш менен мыйзам катары кабыл алынган болчу.

Жон Кеннединин китебинин экинчи басылышына "Алгы сөз" жазган анын бир тууганы Роберт Ф. Кеннеди АКШнын 7-президенти (1829-1837-жж.) жана Демократиялык партиянын өкүлү, өз учурунда сенатор да болгон мамлекеттик ишмер Эндрю Жэксондун (1767-1845) "Бир каарман киши көпчүлүктү жаратат" деген сөзүн абдан таамай колдонуп, Кеннединин китеби да, өз өмүрү да башкалардын жүрөгүнө от жандырганын белгилей кеткен.

Каарман - жарымы караңгы Ай сыяктуу

Адатта, жаш муундарга бир беткей тарбия берүү аракети тигил же бул оң каарманды эч чаң жугузбастан мактоо далаалатына кептеп коёт.

Жон Кеннединин өрнөктүү инсандар тууралуу эмгеги дал ушундай бир беткейликтен качууга чакырган.

Мисалы, Кеннеди АКШны 1861-1865-жылдары бийлеген өлкөнүн 16-президенти Авраам Линколн (1809-1865) айткан төмөнкүдөй учкул сөзгө шилтеме жасаган:

"Толугу менен жамандыктан турган жана бүт бойдон жакшылыктан турган өтө аз гана нерсе бар. Дээрлик бардыгы тең, өзгөчө алганда, мамлекеттик саясатка тиешелүүлөр, жамандык менен жакшылыктын ажырагыс ширендиси болуп саналат; демек, бул экөөнүн ортосундагы тараза ташы кайсы жагына ооп жатканын мыкты аныктообуз бизден ар дайым талап кылынат".

Тарыхый инсандар, Кеннединин баамында, ар тараптуу бааланууга арзышат.

Бирок көңүл чордонундагы көйгөй - коомдук өнүгүүнүн демократиялык нукта жүрүшүн камсыз кылуу менен байланышта болууга тийиш:

"...Уинстон Черчилл жакында айткан бир сөз бар эмеспи: "Буга чейин ар башка замандарда электен өткөрүлгөн бардык башка мамлекеттик түрлөрдү эске албаганда, демократия — бул мамлекеттик башкаруунун эң жаман түрү болуп саналат".

Биз демократиялык жүрүмдөрүбүздү жакшырта алабыз, биз анын көйгөйлөрүн өзүбүздүн аңдообузду андан ары агарта алабыз, ошондой эле, биз мезгил-мезгили менен коомчулуктун пикирине карама-каршы туруунун зарылчылыгын таап, ага ылайык аракет жасаган чынчыл кишилерге карата өз сый-урматыбызды күчөтө алабыз. Бирок биз мыйзам чыгаруу (системасынын) көз карандысыздыгы жана жоопкерчилиги сыяктуу көйгөйлөрүн демократияны жоюу же кыскартуу чаралары аркылуу эч чече албайбыз", - деп жазган Кеннеди мырза.

Каармандыкты ушул саатта, ушул мүнөттө басымдуу болуп жаткан коомдук пикирге гана ченеп-өлчөп, ошол үстөмдүктөгү пикирге шайкеш келтирүү менен гана жекече эрдик жасабаш керектигин Жон Кеннеди мындайча баса белгилейт:

"...коомдук пикирдин кысымдарына туруштук бергендердин кыйласы саясий ийгилигин андан ары улантты, ал эми калгандары болсо акыры-түбү тарых тарабынан акталышты; мунун бардыгы бизге элдин түпкүлүктүү айкөл акыл калчоосуна ишенимибизди сактай берүүгө мүмкүндүк ыроолоп турат".

Бул шилтемедеги "акыр-аягында" деген сөз эмнени түшүндүрөт?

Кеннединин китебинде бир катар сенаторлор айрым учурларда жалпы АКШнын же адамзаттын таламында чыгып сүйлөп койгону үчүн өз доорунда өмүр бою же бир канча жылдар ичинде замандаштарынын басымдуу бөлүгү тарабынан жектелип жүрүп өткөнү даректүү маалыматка негизденип баяндалган.

Алардын айрымдарынын эрдиктерин өз мууну эмес, болочокку муундар гана сергек ой чабыт аркылуу аңдай алгандыгын Кеннединин китебинен окуп, тарых сабактары кээде бир же бир нече муун өткөн соң гана урпактардын акыл калчоосунан адилет өтөөрүн боолголой алабыз.

Президент Кеннединин дагы бир каармандыгы - расачыл турумдарга каршы анын иштиктүү күрөшүнө байланыштуу болду

Сүрөттүн булагы, Тынчтыкбек Чоротегин

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Кеннединин дагы бир каармандыгы - расачыл турумдарга каршы анын иштиктүү күрөшүнө байланыштуу болду

Ала-тоолуктарга сабак

Деги ар кыл чет өлкөлүк өрнөктөрдү (анын ичинде Кеннеди жазган америкалык өрнөктөрдү) үйрөнүү биз үчүн ушунчалык эле керекпи?

Деги ушул саптарды, айрым татаал сүйлөмдөрдү окууга убакыт коротуп жаткан ала-тоолук замандашым башка бир пайдалуу иштен жөн келди алагды болуп жаткан жокпу?

Ал замандашым "уугум, сага айтам, уулум, сен ук; керегем, сага атам, келиним, сен ук! " деген кеменгер элдин макалын эсинде сактап турабы?

"Албетте!" деп айткым келет.

Өз мүдөөсү туура болгонбу, жаңылыштык болгонбу, анысы тарых таразасында мындан канчалаган муундар өткөн соң кайра карала турган окуялардын бири - азыркы тапта чек араны тактоо маселеси жаатында айырмалуу көз карашы болгону үчүн абакта отурган замандаштарыбыздын окуясы болуп турат. Алардын турумун жана ишин болочокто калыс талдоо - биз айтпасак да жүзөгө ашырылчу нерсе.

Демек, аларды боштондукка чыгаруу жана бул окуяга карата биротоло бааны болочокку таразага калтыруу алгылыктуу кадам болмок.

Эсимде, 1990-1991-жылдары "Кыргызстан" демократиялык кыймылына (КДКга) да каршы чыккандар болгон. Ал эми легендарлуу Жогорку Кеңештин депутаты Бегиш Ааматов "Кыргызстан өз армиясына ээ болууга тийиш" деп айтса, аны келекелеп шылдыңдаган да депутаттар чыккан.

Посткоммунисттик эгемендиктин турмуш чындыгы гана КДКнын жана башка эгеменчилердин мүдөөсү жана урааны көз карандысыз жана демократиялуу Кыргызстанды түптөө жаатында туура нукту сунуштагандыгын айгинеледи.

1990, 2005, 2010- жана 2020-жылдардагы Кыргызстандагы элдик ыңкылаптар дал ушундай эгеменчил жана демократиялуу ураандар астында жүзөгө ашырылган. Албетте, ал мүдөөлөргө жетүү үчүн жол кыйла узак жана түйшүктүү болуп, кээде бул жүрүм убактылуу кетенчиктеп да кетүүдө.

Чет элдик адабияттан гана эмес, өз турмушубуздан да алган олуттуу сабагыбыз бар.

Туура эмес нукка бурдурулган дарыяда агымга каршы сүзүү - бул туура нуктагы агымды жаратуу.

Эл эркин билдирип, бирок өз учурунда азап чеккендер (Кеннеди аларды таамай мүнөздөйт) жана азап чегип жаткандар, иш жүзүндө, коомдук турмуштагы жаңы агымга башат ачып жатышат.

Маселен, азыркы Иранда динге жамынып, адам укуктарын тебелеген шийилердин айатолласынын режимине каршы жарандык күрөш улантылып жатат, бул күрөш маалында азап чеккендер, өлүм жазасына тартылгандар да катталууда.

Бул өлкөнүн коомун да, авторитардык Беларустун коомун да, Путиндин режимине каршы нааразы болгондор запкы көрүп жаткан көп этностуу Орусиянын коомун да Украина, Грузия жана Кыргызстандагыдай жарандык коом салыштырмалуу жеңишке жеткен жаркын учурлар али алдыда күтүп турат.

Кеннединин тушунда жүргөн расачыл жиктелүү тажрыйбасына каршы кубаттуу кыймылдын мөмөлөрүнүн бири XXI кылымдын башында таасын көрүндү: АКШнын 44-президенти Барак Обама 2009-2017-жылдары өлкөнү башкарган алгачкы кара түстүү мамлекет башчысы болуп калды.

Дүйнөнүн чар тарабындагы бул окуялардын киндиги бир жана алардын бардыгы - жарандык коомдун күрөшүнүн, аты-жөнү маалым болгон жана алардын жанындагы ысымдары таптакыр белгисиз миллиондогон каармандардын ишмердигинин орток мөмөлөрү.

(Ред.: Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабыл албоо керек).