Бишкекте биринчи элдик курултай

Published

Бишкекте бүгүн Конституцияда каралган биринчи элдик курултай ишин баштады. Эки күнгө созулчу жыйында бийлик бутактары отчет берүүдө. Биринчи курултай бийликтин саясатына каршы болгон активисттер менен саясатчыларды кармап-камоо күч алды деген кабатыр билдирүүлөрдүн убагына туш келди.

Массалык тополоң уюштуруп, бийликти кулатууга даярдык көрдү деген шек менен камалган активисттер жана саясатчылар жыйырмадан ашты. Коррупциялык кыңыр иштерди иликтеген журналист Болот Темировду паспортту мыйзамсыз алган деп айыптап, Кыргызстандан депортация кылып жиберишти. Сөз эркиндигине куугунтукту токтотууну талап кылып, курултайдын сыртында активисттер жүрүшкө чыкты.

Курултайды анын жумушчу органы болгон Аксакалдар Кеңеши башкарууда, анын төрагасы болуп курултай демилгесин көптөн бери көтөрүп келаткан коомдук ишмер Кадыр Кошалиев шайланды.

Элдик курултайдын ишине президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда. Садыр Жапаров курултайга кайрылуу менен чыгып сүйлөдү.

"Бийликтен бийликке өтүп, чечилбеген чоң көйгөй болуп бизге жеткен чек ара маселесин кийинки муундун өкүлдөрүнө калтырбай, кандай кыйынчылыктар жаралса дагы, чечип берүүнү эң башкы максатыбыз деп кириштик", - деди Садыр Жапаров сүйлөгөн сөзүндө. -"Себеби, бир карыш жер үчүн куралдуу кагылыштар чыгып, канчалаган күлгүндөй өмүрлөрдүн жайрашына, канчалаган ата-энелердин медер тутуп, тирек кылган уулдарынан ажырап, кан жутуп калышына мындан ары жол берилбеши керек! Эң башкысы - ата-бабалардан мурас калган кутман жерибизди урпактарга толук сактап, ушул бойдон өткөрүп берүү - негизги милдетибиз!".

Элдик курултайга делегат болуп шайлангандардын арасында белгилүү журналисттер жана коомдук ишмерлер бар. КТРКнын белдүү журналисттери Макен Чекиров, Чынар Капарова жана "Азаттыктын" мурдагы кызматкери Марат Тагаев, коомдук ишмерлерден Жаңыл Түмөнбаева, Кемел Ашыралиев, Тынычбек Табылдиев, Кадыр Кошалиев, Бейшенбек Абдразаков жана башкаларды атасак болот.

"Кара кылды как жара сүйлө"

"Элдик курултайга Нарын облусунан шайланган 128 делегат облустун атынан негизги сөз сүйлөй турган баяндамачы кылып мени шайлашты. Көйгөйлөрдү көтөрүп, кара кылды как жара сүйлө дешти",-деп жазды Марат Фейсбуктагы баракчасына.

Чынар Капарова дагы дал Мараттыкындай пост жазып жарыялады.

"Бишкектен сүйлөйм! Элдик курултайга Бишкек шаарынан шайланган 60 делегат ордо калаанын атынан негизги сөз сүйлөй турган баяндамачы кылып мени шайлап беришти. Көйгөйлөрдү көтөрүп, кара кылды как жара сүйлө дешти".

Би-Би-Си бул журналистке элдик курултайда кандай маселелерди көтөрө турганын сурап кайрылды.

"Эң негизгиси жол маселеси, Фучикте эстакадалык көпүрө куруу, мектептерге кошумча имараттарды куруу, бала бакчаларды куруу, жолдорду кеңейтүү, ыш маселеси, баш-аламан курулуштарды токтотуу сыяктуу маселелер биринчи кезекте турат",-деди Чынар Капарова.

Нарын районунан делегат болуп шайланып келген Жылдыз Касымова Куйбышев айылындагы мектеп эскирип, балдар батпай жатканын, сугат кыйынчылыктарын чечүү сыяктуу маселелерди көтөрүүнү көздөп келатканын билдирди.

"Мектебибиздин биринчи корпусу жараксыз, өтө коркунучтуу авариялык абалда. Болгону 300 орундуу мектепте 650 бала окуп атат. Балдарда эч кандай кружок деген жок. Же кружок өтө албаса, же класстык сааттарды өтө албаса, балдардын билим алышы аябай аксап атат. Ошон үчүн мектеп бизде азыр эң чоң көйгөй",

Кытай менен темир жол темасы

Белгилүү инженер жана тарых жазуучу Асыкбек Оморов дагы Бишкектен Элдик курултайга делегат болуп шайланды. Ал курултайдын трибунасынан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана кытай фактору жөнүндө чыгып сүйлөгөн жатат.

"Мен инженер картограф катары эки жыл долбоор даярдап, патент алгам. Менин долбоорум боюнча темир жол Ат-Башынын Арпасынан чыгып Батышты көздөй, Каракол деген жети жарым километр тоону тешип өтөт туннел менен. 20 метр ылдый болот. Булардыкы үч райондон үч туннел, баардыгы 39,5 километр. Меники боюнча болгону жети жарым километр. Аралыгы 230 км. А булардыкы 452 км. Үчүнчү вариант 380 км. Булар тыныгуу базаны Тогуз-Торонун Макмалына коюп атат. Поезд Тогуз-Торого түшсө, андан чыга албайт. Саймалуу-Таштын түбүнөн, Курманбек баатыр калмактарды кырган жерден, Кырчын деген ашуудан 14 км тешип, Сузакка чыккан атат. Булардын сметасы 7,5 миллиард доллар. А меники 1,3 миллиард. Кеп бул жерде эң чоң коррупциялык схемада болуп жатат...,-деди Би-Би-Сиге Асыкбек Оморов.

Самаркандда сентябрда болгон саммитте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо жөнүндө бүтүм болгон. Кытайдан жүздөн ашык инженер адистер келип, азыркы убакта темир жолдун маршрутун, техника-экономикалык негиздерин иштеп чыгып жатканы кабарланган.

Кытай темасы Кыргызстанда абдан сезимтал маселелерге кирет, коңшу өлкөнүн дүйнөгө жайылып жаткан гегемониясынан чочулоо чоң. Нарындагы Солтон-Сары алтын кенинен, Казармандагы алтын кенинен кытай компанияларын жергиликтүү эл кууп чыккан учурлар болгон.

Убактылуу жобо

Элдик курултай президент бекиткен убактылуу жобонун негизинде өтүп жатат. Анткени, элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш жаратпай четке каккан.

Убактылуу жобо боюнча Элдик курултайга миң делегат чакырылды, анын 960 - административдик-аймактык бирдиктерден, 28 - чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан, 10 делегат конфессиялык коомчулуктан шайланды.

452 айыл аймагынын ар биринен экиден делегат, облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден делегат.

Эң башында Бишкектен он, Оштон алты делегат чакыруу каралган, кийин жобону кайра карашып, баш калаага 60, Ош шаарына 30 орунга квота бөлүндү.

"Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңеши Элдик Курултайдын жумушчу органы болуп саналат, ал Элдик Курултайдын жыйналыштарынын ортосундагы тыныгууларда Элдик Курултайдын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат жана кезектеги Элдик Курултайдын күн тартибине келип түшкөн сунуштарды чогултат жана жалпылайт",-деп жазылган жободо.

Президенттин укугу

Элдик курултайга ошентип даярдык кызуу көрүлүп жатканда аны өткөрүүгө президенттин укугу жок эле деген сын пикирлер да болбой койгон жок.

"Президенттин курултай өткөрүүгө укугу жок",-деп билдирген ЖК депутаты Исхак Масалиев Би-Би-Сиге. - Булардын администрациясы каалаган эрежени жазып алып, регламент десе, бул туура эмес да".

Ошол эле убакта өлкөдө бийликтин уйкусун бузуп бакырган деле күчтүү оппозиция көрүнбөйт. Ал эми Жогорку Кеңеш президент менен курултайды кой, бир жылдан бери өзүнүн регламентин кабыл ала албай, убара тартып келди.

"Курултайды топтоп туруп, Жогорку Кеңешти ордуна коебуз деген ою бар. Бирок анын канчалык кажети бар, түшүнбөйм. Себеби Жогорку Кеңеш азыр деле президентке баш ийген орган болуп кетти", -дейт Исхак Масалиев.

Азыркы кымбатчылык менен каатчылык каптап турганда, социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысы, мамлекеттик жөлөк-пулдардын масштабдуу түрдө көбөйгөнү элге жакшы болду. 1-октябрдан пенсия дагы көбөйтүлдү. Ырас, көбөйтүлгөн айырманы кашайгыр инфляция жеп коюп атат, бирок эмгек акы, жөлөк пулдар мурдакы бойдон калса, кырдаалды элестетүү кыйын болмок.

Ошол эле убакта өлкөдө балдар көбөйүп, мектеп менен оорукана жетпей турганда, коопсуздук кызматынын имараттары жапырт жаңыланып, улам биринин салтанаттуу ачылышы болуп жатат.

Бириккен оппозиция менен жарандык коом президенттен "Кумтөрдүн" алтыны каякка сатылган деп отчет талап кылууда. Муну иликтөөгө Жогорку Кеңеш да, бириккен оппозиция да өзүнчө комиссия түзүшкөн. (КС)