You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жаңы муфтий Замир каары Ракиев: Ата-бабанын салтынан чыкпай, динге кызмат кылалы
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт
Кыргызстанда мусулмандар курултайында жаңы муфтий болуп Замир Ракиев шайланды. Муфтийдин шайлоосу убагында өтпөй, бир топко создугуп кетти, чыр-чатак, талаш-тартыш менен коштолуп, үчүнчү жолку аракет менен ишке ашты. Замир каарыны жаңы кызматы менен куттуктап барып учурашып, анын өзү жана жалпы эле диний башкармалыктын аткара турган иштери жөнүндө бир топ суроо менен маек куруп келдик.