You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
УКМК муфтий Максатбек Токтомушевди камакка алды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 10-февралда муфтий Максатбек Токтомушевди кармап, камаганын кабарлады. Ага чейин Муфтияттын башкы бухгалтери УКМКнын кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштаганы үчүн кармалган эле.
УКМКнын басма сөз кызматы тергөө учурунда Токтомушевдин Муфтияттагы каржылык кылмыштарга тиешеси тууралуу далилдер табылганы үчүн кармалды деди. Токтомушев ага чейин кызматтан кетүү арызын жазган эле.
Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында ири каржылык кылмыштын бетин ачканын жарыялады.
"Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан чогултулган акчадан жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшаганы аныкталды", - деп кабарлады УКМКнын басма сөз кызматы.
Комитет билдиргендей, ушул каржылык мыйзам бузууларды жашыруу жана тергөөнү токтотуу үчүн Муфтияттын жетекчилиги 100 миң доллар пара сунуштаган. Бул окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин 328-беренеси (өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) менен сотко чейинки өндүрүш башталды.
Мусулмандар дин башкармалыгы бул боюнча соттун чечиминен кийин комментарий берерин билдирди.
"10-февралда муфтий Максатбек ажы Токтомушев кызматынан баш тартуу боюнча арызын жазды", - деп билдирди КМДБнын басма сөз кызматы.
Ушул эле күнү Мамлекеттик дин комиссиясынын жаңы директору Медер Карабаев жамаатка тааныштырылып, жумушка киришти.
Эксперттер муфтийди шайлоо, аны кызматтан алуу жана ал жердеги башка чырлар ажылык сапарга чогулган каражаттарга түз байланыштуу деп келишет. ДУМКнын басма сөз катчысы Максат Атабаевден элден чогулган каражаттын кандай сарпталаарын сурадык.
"Былтыры 6110 орун берди. Ал айыл өкмөттөргө чейин бөлүнүп берилет дагы, аймактык жандуу кезекке туруу жүрөт. Электрондук түрдө, секундасына чейин көрүнүп турат. Зыяратчылардын акчасы колго алынбайт, банк аркылуу өткөрүлөт. Мисалы, Арабиянын жарандык авиациясына банк аркылуу түз которулат. Сынактан жеңген кийим-кече тигүүчүлөргө да которулат, эмдөөнү жасоочу тарапка да эсебине түшөт. Ушул сыяктуу чыгымдар көп. Сауд Арабиянын Ажылык министрлиги акыркы беш жылда Кыргызстан сапарды жакшы уюштурганын айтууда. Эки жолу "эң жакшы" уюштурду деген, калган учурда "жакшы" деген баасына татып келатабыз", - деди Атабаев.
Азыр ажылык сапардын баасы болжолдуу 3000 доллардын тегерегинде. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директор орун басары Канатбек Мурзахалилов бир нече ведомствонун өкүлдөрүнөн турган орган сапарды уюштураарын айтып берди.
"Бул жерде республикалык штаб бар. Ал ажылыкты ишке ашыруудагы ар бир иш-чара боюнча эсепти жүргүзөт. Бардык тыйын Муфтиятта калат деген ой туура эмес. Билишимче, 285 доллар "королдук акча жыйноого" берилет. 100 доллар чамасында Сауд Арабиянын чек арасынан өткөндө төлөнөт. Андан сырткары учактын билетине, тамак-ашка, кийим-кечеге, ажы башчылардын акысына берилет. Муфтиятка жардам катары да каражат бөлүнөт, ал 100 доллар чамасында болсо керек", - деди Мурзахалилов.
Мурзахалилов муфтий моралдык жоопкерчиликти сезип отставкага кетти деп боолголойт. Ал Муфтияттын тегерегиндеги чуулар бир гана акчага байланыштуу эмес деп эсептейт.
"Ислам чөйрөсү дагы өзүнчө бир күчкө айланды. Жалпы диний абал туруктуу чыңалуу абалында тургандыктан ислам чөйрөсү мамлекеттеги жалпы диний кырдаалга таасир берет. Муну мамлекеттик органдар, дин комиссиясы тезирээк жөнгө салыш керек. Муфтийдин орду талашка түшкөнү буга чейин айтылган. Бирок апрелдеги кезектеги мусулмандардын курултайында чечилиш керек деген позицияны Муфтият дагы, башкалар дагы карманып турган", - деди Мурзахалилов.
Ал Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысын шайлоо Муфтияттын жобосунун негизинде, курултайда, Аалымдар кеңешинде жана Кыргызстандын дин тутуу эркиндиги тууралуу мыйзамына ылайык гана өтүш керектигин белгиледи. Кыргызстандын муфтийин шайлоого кайсы бир топтордун, ички же сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү Кыргызстандын ислам чөйрөсүндө кырдаалды курчутат деп эскертет.