You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Израилде оппозиция жаңы өкмөт түздү
Израилде оппозициянын лидери Яир Лапид жаңы өкмөт түзгөнүн жарыялады. Бул көп жылдан бери премьер-министр болуп келаткан Биньямин Нетаняхуну бийликтен четке сүрүп чыгарышы мүмкүн.
"Жаңылануу өкмөтү" түзүлгөнү жөнүндө президентке мурдакы финансы министри, "Йеш Атид" партиясынын лидери Яир Лапид кабарлады. Анын партиясынын Кнессетте 17 мандаты бар, саны боюнча "Ликуддан" кийинки эле фракция.
Өкмөттү биринчи болуп "Ямин" оңчул партиясынын лидери Нафтали Беннет башкарат. Ал эки жыл иштегенден кийин анын ордуна Лапид келет.
Жаңы коалицияга Израил саясатынын оңчул, солчул жана орточу күчтөрү бирикти. Алар саясатта көп жагынан ар башка болгон менен, Нетаньяхуну алып түшүүгө келгенде бир максатта болуп чыкты.
Бул коалициянын көпчүлүктү түзгөн күчү анча-мынча эле, бирок эгер парламентте кийинки аптада боло турган добуш берүүдө колдоого ээ болсо, бул анда кардиналдуу өзгөрүүлөр башталат дегенди билдирет. Он жылдан ашуун убакыттан бери Израил саясатында үстөмдүк ролду ойноп келаткан Нетаньяху оппозицияга кетүүгө аргасыз болот.
Ал азыркы убакта өзүнүн азайып кеткен колдоосун калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жаткан убагы... (КС)