"Ички ишибизге киришкен бузукуларга каршыбыз": Жарандык коомду ичинен кайраштыруубу?

Published

Кыргызстанда УКМК башчысын сындап сүйлөгөн саясат таануучу чыккынчылыкка шектелип камакка алынышы, милициянын шалаакы иши үчүн ички иштер министрин жоопкерчиликке тартууну талап кылып митингге чыккандарды башка өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдар, гейлер деп жаманатты кылып, агрессивдүү топтордун кууп жибериши коомчулукта кооптонгон реакцияны жаратты.

Политолог Марат Казакбаев мамлекетке чыккынчылык үчүн шектелип камакка алынгандан кийин саясаттан эркин сүйлөп көнгөн эксперттердин арасында өзүнчө бир чочулоо болбой койгон жок.

Ал эми кийинки күнү ички иштер министринин отставкасын талап кылып чыккан митингдин катышуучуларына жасалган кысым коомдогу кыжаалат ойлорду ого бетер күчөттү. Жарандык активисттер Айзаданын өлүмүнө алып келген милициядагы шалаакылык үчүн министрдин жоопкерчилигин талап кылып чыгышкан.

Аңгыча эле "провокаторлор келди" деген үн угулуп калды. Министрликтин жанындагы митингде аларга каршы тукурулган башка күчтөр пайда болду. Активисттердин арасындагы адвокат Нурбек Токтакуновго "эреже буздуң, жооп бересиң" деп министрдин таламын талашкан, өзүн адвокат атаган башка бирөө опурулуп жатты.

Кийин келгендер плакаттарын көтөрүп, бир сөздү сүйлөп жатканына караганда алдын ала уюшуп келгени көрүнүп турат, бирок алар өздөрүнүн ким экенин так айтпай, сөздү ала качып, кайра журналисттердин өздөрүн такып атышты. Дагы бир келин бир бейөкмөт уюмдун бейжигин тагынып, эмнегедир өзүн журналист атап жүрдү.

Алар министрдин отставкасын талап кылып жаткандарды "тергөөгө тоскоол кылган", "сырттан каржыланган", "тынч жашоону каалабаган бузукулар" деп аташты. "НПОго жол жок" деп кыйкырып турушту. Каршылашкан тараптардын ортосун тосуп турган милиция күчтөрү коргоп калбасына көзү жеттиби, кыздардын бири "Улан кеттик" деп кыйкырып, алар четке чыгып кете башташты. Аркасынан ызы-чуу кыйкырык менен каршы топтун балдары жөнөдү. Калган бир тобу жарандык активисттердин сүрөттөрүн өрттөп баштады.

Бул көрүнүш өлкөдө адам укуктарын коргоону, кыз-келиндерге зомбулукту токтотууну талап кылган бейөкмөт уюмдарга, бийликтеги коррупцияны ашкере кылган журналисттерге, иликтөө жүргүзгөн эл аралык маалымат каражаттарына кайсы бир күчтөр тарабынан каршылык, жаманатты кылуу аракеттери күчөгөн убакта болуп жатат. Керек болсо, аларга чара көрүүнү талап кылып жыйын куруп жүргөндөрдүн арасында демократия ураанын эң көп чакырып жүргөн мурдакы укук коргоочу Турсунбек Акун менен коомдук ишмер Кадыр Кошалиевдин бар экени өзүнчө бир талкууга алынчу кеп.

Социалдык медиада дагы өзүнчө каршылашкан тараптардын катуу талаш-тартышы дүрт этти. Бирөөлөр билип-билбей эле, түшүнүп-түшүнбөй эле башкаларды ээрчип, чет өлкөлүк же эл аралык байланышы бар уюмдарды жек көрө баштагандай.

Мунун баары бир жагынан пандемия жакадан алып, кымбатчылык, кризис курчуган убакта, экинчи жагынан жаңы президент, жаңы конституция деп элдин үмүт-тилектери жанданып турган учурда болуп жатат. Ошол эле убакта саясий элита ичинде бийлик менен байлыкты кайра бөлүштүрүү кызыгына кирип, анын жең ичиндеги оюндарына карапайым элдин акылы жетпей турган чагы.

Жарандык коомду ичинен кайраштырып, бири-бирине тукуруп коюп, четте карап турган башка бир максаттуу күчтөр барбы деген беймаза суроо ошон үчүн кыргыз коомун өзүнчө бир саналуу ойго салып турган убак.

"Реформа" партиясы бийлик башчыларына жана коомчулукка кайрылуу жарыялап, 15-апрелдеги митинг учурунда адамдын негизги укуктары жана эркиндиктери одоно тепселгенин билдирди.

"Биз бул провокация ИИМдин жетекчилиги тарабынан уюштурулганына көзүбүз жетет, тынчтык митингисин белгисиз адамдар үзгүлтүккө учураткан бул биринчи жолу эмес. Митингичилерге орой жана одоно чараларды көрүп, ИИМ коомчулуктун жүрөгүнүн үшүн алгысы келип жатат. Бирок бул жарандардын коомдук каршылык акциясынан корккондуктун дал өзү",-деп айтылат кайрылууда.КС)