Депутаттар: Баш мыйзам долбоорунун ЖКда каралышы мыйзамсыз

Жогорку Кеңеш жалпы жыйында Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жана референдум дайындоо боюнча мыйзам долбоорун карап жатат. Айрым депутаттар доклад жасаган башка кесиптештерин Баш мыйзамды шашылыш кабыл алууга аракет кылып жатасыңар деп сындады. Айрыкча аны кабыл алуу процедурасы одоно бузулуп жатканын белгилешти.
Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карап жатат. Аны кароого, Баш мыйзамды кабыл алуу процедурасына сындар айтылды. Алардын бири Жанар Акаев анткен менен ашып кетсе он эл өкүлү каршы, калганы ооба деп добуш берээрин, акыр аягы бул Баш мыйзам өтүп, референдумда макулдук алынаарын белгиледи.
Бирок бүгүн бир катар процедуралык каталар, орчундуу мыйзам бузуулар баса көрсөтүлдү.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
"Силер референдум жөнүндө мыйзам долбоору деп туруп Баш мыйзам боюнча мыйзам долбоорун киргизип жатасыңар. Бир да депутаттын колу жок. Мына, Бөрүбашевдин колу менен кирди. Инструкциясы менен кирди. Инструкция менен Конституцияны кабыл албайт. Комитеттен чыккандан кийин бир да депутаттын колу жок кирди. Автор - 80 депутаттын фамилиясы жок", - деди депутат Рыскелди Момбеков.
Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилип жаткан жок, ал толук жаңыланып жаткандыктан кабыл алуу процедуралары толуктоо учурунан такыр башка жолдор менен ишке ашышы керектиги айтылды.
Депутат Каныбек Иманалиев бир катар мыйзам бузуулардын катарында Конституциялык палатанын бүтүмү жок экенин көрсөттү.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
"Конституциялык палатанын корутундусу жок кантип Конституцияны өзгөртө алабыз? Алар ошол үчүн айлык алат, Конституцияны кайтарып турган чек арачы. Экөөбүз айтып жаткан талаш маселенин кайсынысы туура экени боюнча Конституциялык палата гана жооп айта алат. Парламент жооп айта албайт, бул жакта ар түрдүү пикир гана болушу мүмкүн. Бул, тигил туура деп чекитти Конституциялык палата коюп, корутунду чыгаргандан кийин гана парламент алып чыга алат", - деди Иманалиев Умбеталы Кыдыралиевге.
Депутаттар Баш мыйзамга эч ким жоопкерчилик албай жатканын белгилешти.
Депутат Дастан Бекешовдун айтымында, автор катары айрым депутаттардын кол койгонунан шек санады.
"Рыскелди Чыныбекович айткандай, кесиптешибиз Алмаз Акматов каза болду, -деди Бекешов. - Алиярбек Абжалиев жок, ал Кыргызстанда эмес. Абдыкеримов жок. Жумалиев тергөө абагында, балким ошол жактан кол коюп бергендир. Таң каласың да, бул юридикалык документ эмес, бул жасалма документ".
Баш мыйзамдын жаңы долбоорун шашылыш өткөрүп жиберүүдөн кайтууга айым депутаттардан Наталья Никитенко, Ирина Карамушкина чакырды.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
"Бул олуттуу документке үстүртөн мамиле кылбайлы. Азыркы толкундар менен өткөрүп жиберели дебейли. Бул жараяндардын баарына жоопкерчилик менен карайлы, шашылбайлы", - деген Никитенко жаңы баш мыйзамды кабыл алуу тарыхый ката болоорун айтты.
Баш мыйзам долбоорунун автору катары 80 депутат белгиленген. Бирок алардын айрымдары автору эмес экенин жалпы жыйында жарыялады. Акыркы долбоор Конституциялык кеңешме түзгөн жаңы долбоор болгондуктан анын авторлору ноябрдагы долбоордун авторлору боло албай турганы айтылып, авторлорду ачык жарыялоо талабы коюлду.
Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча депутат Бактыбек Турусбеков доклад жасады. Мындай баш мыйзамды кабыл алуу элдин талабы болуп келгенин анын пикирлештеринин бири депутат Умбеталы Кыдыралиев билдирди.
"Бул баш мыйзамдын долбоорунда идеологиялык, саясий плюрализм да сакталып жатат. Ачыктык принциптери, мамлекеттик органдарды алмаштыруу сыяктуу негизги принциптер камтылууда. Мамлекеттик бийликти кандай жол менен ишке ашыруу керектигин 10-январда эл чечти. Эл президенттик башкаруу деп чечкенден кийин президентке жоопкерчиликти берип жатабыз", - деди Кыдыралиев.
Кыдыралиев, Турусбеков жана төрага Талант Мамытов сын айткан депутаттарга ушуга чейин долбоорду талкуулап, пикир айтуу мүмкүнчүлүгү болгонун эскертишти. Депутат Акаев билдиргендей, депутаттардын азыр парламентте айткан пикирлери киргизилбейт.
Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Баш мыйзамдын долбоорунда адам укуктары менен эркиндиктери ар бир жарандын кызыкчылыгына жараша жазылганын билдирген. Алар бийлик бутактарындагы тең салмактуулук да сакталаарын айтып келишет.
Бир күн мурда Баш мыйзамдын долбоорун ЖКнын профилдик комитети карап, жактырды.
Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум апрелге мерчемделип жатат.
































