ИИМ: Алайда милиция кызматкерин өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

Сүрөттүн булагы, Social media
Кечээ күнү Алай районундагы Гүлчө дарыясынын жээгинен 32 жаштагы участкалык милиция кызматкеринин сөөгү табылган эле. Ош облустук милициясы кызматкерди өлтүрүүгө шектүү катары үч киши кармалганын кабарлады.
"Каза тапкан кызматкердин башынын аркы тарабында 4 жеринде жараты, оң кулагынын үстүндө, оң колунда жана бел тарабында жараттары бар экендиги байкалып, киши колдуу болгондугу белгилүү болгон. Кылмыштын бетин ачуу боюнча ыкчам иш чаралар жүргүзүлүп, кылмышка шектүүлөр: Алай районунун Будалык айылынын тургундары 54 жаштагы О.Э, 32 жаштагы Ч.И жана 31 жаштагы С уулу Б кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кылмышка шектүү 31 жаштагы жаран мурда Орусиянын аймагында каракчылык боюнча соттолгон",-деди облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.
Киши колдуу каза тапкан милиция кызматкери 28-январь күнү эрте менен жумушка келбей калган. Буга байланыштуу жетекчилиги издей баштаган.
"Маркум 27-январь күнү милициянын участкалык уполномоченныйы катары саат 21:00 гө чейин жумушта болгон.Жумуш убактысы бүткөндө жашаган үйүнө кеткен. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө белгилүү болгондой маркум жумуштан кийин жакын мамиледе болгон балдар менен жакын санаалаш досунун туулган күнүн белгилеп олтурушуп, спирттик ичимдик ичип мас абалдагы достор сөз талашып мушташа кетет натыйжада көптөп Э,Ни сабап салат.Э.Н алган жараатынан окуя болгон жерде каза болуп калгандыктан кылмыш изин жашыруу максатында кылмышка шектүүлөр маркумдун денесин автоунаага салып келишип, сууга агызып жиберишет. Окуя болжол менен саат 3:30 дан 5:30 чамасында болгон. Кылмышка тийиштүү далил буюм катары жансыз денени салып келген "Нехсия" үлгүсүндөгү кара түстөгү автоунаа жана мушташ учурунда колдонулган арматуранын сыныгы алынып тергөөгө өткөрүлүп берилген",-деп кошумчалады Ж.Аширбаев. Каза тапкан милиция кызматкери спирт ичимдигин ичпегени айтылды.
Милиция кызматкеринин сөөгүн Гүлчө дарыясынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы алып чыккан.
Киши колдуу каза тапкан милиция кызматкери 1989-жылы Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылында төрөлгөн. 2019-жылдын мартынан бери Алай райондук милиция бөлүмүндө иштеп келген. Артында жубайы төрт, эки жаштагы уулдары калды.
Бул жыл башынан бери Ош аймагында милицияга кол салуу болгон экинчи окуя. Өткөн апталарда Ош облустук милициясы Кара-Кулжа районундагы ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкерине ок атуучу курал менен кол салуу болгонун кабарлаган.
Мындан бир топ жыл илгери, 2013-жылы 11-январь күнү кечинде 35 жаштагы милиция полковниги Толкунбек Шоноевди Ошто өз үйүнүн жанынан, кызматтык автоунаасынын ичинен атып кетишкен. Ал Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгында бөлүм башчы болуп иштеп турган. Анын өлүмүнө уюшкан кылмыштуу топтордун катыштыгы болгону айтылган.
































