“Тилимдин учунда турат”: бул эстутумдун начарлап баратканынын белгисиби?

Published

Сиз өзүңүз жакшы билген эле бирөөнүн атын эстей албай, кыйналган учур болду беле? Адам аттарын эстегенде көбүнчө ошондой болот. Бирок башка сөздөрдү деле эстей албай калган учурлар болот. Ал сөздүн маанисин билесиз, башыңызга элес-булас келет, тилиңиздин учунда турат, бирок эстей албайсыз.

Сөздү унутуп калуу - орто жана улуу курактагы адамдарга тийиштүү когнитивдик проблема. Бул адатта күтүүсүз болот, ал түгүл кээде эң көп колдонгон сөздөрдү же достордун да атын унутуп каласыз. Балким, бул анчалык кооптуу эместир, келгилеп карап көрөлү.

Окумуштуулар адамдар көп унуткан сөздөр негизинен энчилүү аттар менен буюм-тайымдардын аттары экенин аныкташты. Керектүү сөздү эстей албай калган учурлар бир нече секунддан бир нече мүнөткө чейин созулушу мүмкүн. Кээде саатттарга да созулуп кетиши ыктымал. Адатта улуу курактагы адамдар айрым бир сөздү эстей алба калганда карылыктын белгиси деп кыжаалат болушат.

Мындай учурда унутуп калган сөз тилиңдин учунда турганын эле сезесиң, бирок таба албай чарпыласың. Мунун себебин изилдеген окумуштуулар аны эки аспектиден карап көрүштү: мындай учурлар канчалык көп болорун жана керектүү сөздү адам канткенде эстей аларын (Интернеттен издебей, достордон сурабай эле туруп, унутуп калган сөз кээде өзү башка кокустан келет эмеспи).

Окумуштууларга изилдөөгө катышкан адамдардын күндөлүгү жардам берди. Изилдөөнүн натыйжасына караганда, коллеждин студенттери керектүү сөздү унутуп калган учурлар жумасына бир-эки жолу болсо, ал эми 60-70 теги адамдарда көбүрөөк болот экен, бирок айырма анчалык чоң эмес. А бирок сексенден ашкан адамдарда студенттерге караганда мындай учурлар эки эсе көп болот экен.

Андан тышкары, күндөлүктөгү жазуулардан чыккан дагы бир тыянак - "тилдин учунда турган" сөздү эстеген учурлар көбүнчө ийгиликтүү болот экен, анын көрсөткүчү - 90% жогору.

Бирок бул маалыматтарды туш келди жоромолдой бербей, этият болуш керек. Анткени, улуу муундагы адамдар күндөлүккө унутуп калган учурларынын баарын эле жаза бериши мүмкүн. Ошол эле убакта изилдөөгө катышкандар унуткан сөзүн таап алган учурларды эле белгилеп, эстей албай калган учурларын жазбай коюшу мүмкүн.

Альтернатива иретинде психологдор Роджер Браун менен Дэвид Макнил Гарвард университетинде изилдеп көрүшкөн эксперименталдык методду пайдаланса болот: Бул "тилдин учунда турган" учурду лабораториялык шартта сынап көрүү деп аталат.

Браун менен Макнил эксперименттин катышуучуларынан сейрек кездешкен сөздөрдүн аталышын сураганда, "тилдин учунда турган" учур көп болорун аныкташкан. Мисалы, "Күндүн же башка космостук объектилерди аныктоо үчүн навигациялык өлчөө куралы" (эгер бул сөз тилиңиздин учунда туруп, эстей албай жатсаңыз, анда бул сөз - секстант).

Изилдөө убагында катышуучулар керектүү сөздү оңой эле тапкан учурлар көп болгон. Ал эми керектүү сөздү таба албагандарга Браун менен Макнил кошумча суроолорду беришкен. Ошондо окумуштуулар байкагандай, адамдар эстей албай жаткан сөз жөнүндө толук болбосо дагы айрым бир маалыматты айтышкан. Мисалы, табыш керек болгон сөздүн канча мууну бар же ал кайсы тамгадан башталат деген суроого жоопту оңой табышкан.

Эксперименттин катышуучулары жаңылып калганда мааниси жагынан жакын сөздөрдү келтиришкен. Мисалы, секстанттын ордуна астролябия же компас деп жооп беришкен. Айрым учурда секстант деген сөзгө окшош сөздөрдү - "секстет" же "сектант" деп айткан учурлар болгон.

Картайып бараткан адамдар катышкан эксперименттин натыйжасы тилдин учунда турган сөз жөнүндө маалымат бергенге алардын көп учурда даяр эместигин көрсөткөн.

Бир жагынан, мындай учурларды тигил же бул сөз менен анын маанисинин байланыштары биздин эсибизден начарлап баратканынын далили катары карасак болот. Бирок жаш өйдөлөгөн сайын керектүү сөздү таба албай калган учурлардын көбөйүп жатканынын себеби такыр башка болуп чыгышы да мүмкүн.

Индиананын Түштүк-чыгыш университетиндеги психолог Донна Далгрен мында негизги проблема адамдын жаш курагында эмес, анын билим деңгээлинде деп эсептейт.

Адатта улуу муундагы адамдар көп сөз билет эмеспи, ошол себептүү керектүү сөздүн "тилдин учунда турган" учуру көп болот.

Андан тышкары, сөз «тилдин учунда турган» абал пайдалуу болушу мүмкүн: бул картаң адамдын тийиштүү сөздү билерин, бирок эстей албай жатканын гана көрсөткөн өзүнчө жакшы жышаан.

Мындай метакогнитивдик маалымат пайдалуу, анткени убакыт берилсе, анда керектүү сөздү эстеп, таппай койбойт.

Демек, эгер "тилдин учунда турат" деген учурларга ушул көз караштан караганда, аны адамдын эстутумундагы үзгүлтүк эмес, ошол адамды баалуу маалымат бере турган булак катары караса болот.

Эгер сиз улуу курактагы адам болсоңуз, кээ бир сөздү эстей албай, тилдин учунда турган сөздү такыр таба албасаңыз, анда изилдөөчүлөр сизге мындай кеңеш берет. Анда сиз өзүңүздүн аэробдук жана ишмердик дараметиңизге кам көрүшүңүз керек.

Башкача айтканда, физикалык формаңызды кармашыңыз керек. Дагы бир жолу ушундай кыжалат болосңуз, анда сейилдеп басып келиңиз же башкача жол менен башты эс алдырыңыз. (КС)