You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Соода палатасындагы нааразылыктын себеби эмне?
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргызстандын Соода, өнөр-жай палатасына жаңы жетекчини шайлоо маселеси ишкерлер арасында нааразылыктарды жаратты. Айрым ишкерлер палатага жетекчи шайлоого чейин өтө турган башка жыйындар жаап-жашырылып келгенин айтууда. Аталган палатанын азыркы жетекчисине айтылган дооматтар боюнча кайрылганыбыз. Бирок азырынча жообу боло элек.
Би-Би-Си аталган палатанын Түркиядагы өкүлү, ишкер Айбек Сарыгулга кайрылып, маселенин чоо-жайын сурады.
Айбек Сарыгул: Жакында болот деп күтүлүп жаткан жыйын мындан 11 ай мурун эле өтүшү керек эле. Жободо көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн дээрлик бир жылдай кеч өткөнү турат. Ага карата ар кандай шылтоолор айтылууда. Соңку курултай 2015-жылы 23-январда өткөн экен. Жободо беш жыл сайын өтөт деп турат. Эми декабрь айына үлгүрбөсөк, кийинки жылга өтүп кетет деп будуң-чаң түшүп, өткөрө салуу амалы болуп жатат окшойт. Ушунча талаш-тартыш чыгарбай эле так жазылган жобо, эреже менен эле өткөрүп койсо болот эле да. Бул палатага 1180 компания мүчө болгон. Алардын ар бири юридикалык жак болуп эсептелет. Башкача айтканда, жалгыз эле бир киши эмес, кайсы бир компания же фирма. Эми пандемиядан улам мынча компаниянын баарын чогулта албайбыз, саналуу гана делегат болсун деп жатат.
Би-Би-Си: Саналуу делегат дегени эпидемиологиялык кырдаалдан улам коюлуп жаткан жүйөлүү эле талап го?
Айбек Сарыгул: Пандемиянын кооптуу жагдайларын биз да абдан жакшы түшүнөбүз. Бирок жыйындар, иш-чаралар, партиялардын жер жайнаган киши менен жыйындары кандай өткөнүн көрдүк го? Ошого өчөшүп коюп жаткан талап эмес, эгер пандемиядан улам дей турган болсок анда технологиянын заманында онлайн добуш берүү сыяктуу эң коопсуз ыкмаларды эмнеге колдонбойбуз? Экинчиден, 1180 мүчө бул жеке эле бир киши эмес, компаниялар дедик. Ал компаниялардын атынан генералдык директорлору иш жүргүзөт. Мыйзам боюнча бир компания экинчи бир компаниянын атынан ишмердик жүргүзүп же алардын иш кагаздары, чечимдери үчүн ыйгарым укук ала албайт. Ошол эле учурда ал компаниялар өз ара бири-бири менен атаандаштар да. Ошондон улам кайсы бир делегат өз компаниясынын кызыкчылыгын көздөп, ошого жараша добуш берди же чечим кабыл алды деген күмөн саноо чыкпайт деп ким кепилдик берет?
Би-Би-Си: Эгер палатага жетекчи шайлоодо сиз айтып жаткандай күмөндүү аракеттер болуп жатса, аны алдын алууга болот беле?
Айбек Сарыгул: Эң кызык жагдай ушул жакта. Боло турган жыйын, чогулуштар тууралуу ачык-айкын, күн мурун кабар бере турган жарыя же билдирүүлөр жокко эсе. Мисалы, кайсы бир жыйындыкын "Кыргыз Туусу" гезитине жарыялаганбыз деп жатат. Жободо бир гана ушул гезитке берилсин деген чектөө жок. Ал гезитти баары окууга милдеттүү болбогон соң маалымат окулбай калышы турган иш да. Палатанын расмий сайты бар. Ал жакта өткөн жыйындар тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес. Коомдук сайт, башка дагы толтура маалымат каражаттарында эч кандай кабар, маалымат жок. Электрондук даректерге да атайын каттар жөнөтүлгөн эмес. Бир гана 30-ноябрь күнү "1-декабрдан 4-декабрга чейин делегат тандоо болот" деген маалымат чыкты. Ошол күнү фирмаларга телефон чалып, келип делегат тандагыла деп айттырышты. Бул азыркы жетекчинин ордунда калайын же өзүбүз каалаган адамды калтырып кетели деген аракетиндей эле туюлуп жатат.
Би-Би-Си: Окурмандарга бул палатанын ыйгарым укуктарын, ишмердигин чечмелеп берсеңиз?
Айбек Сарыгул: Кыргыз өндүрүшүн, экономикасын, экспортун колдойлу деп баарыбыз айтабыз. Бир нерсе экспорттосок чет өлкөлөр "бул кайда чыгарылган" деген суроону биринчи берет. "Made in Kyrgyzstan" же болбосо товар Кыргызстанда өндүрүлдү деген тастыктаманы ким берет? Ал дал ушул палатанын колунда. Ушуну айтсак эле жетиштүү го. Капитализм системасында ишкерлер, ишкер чөйрө өзүн-өзү тескеши керек. Ошонун баарын дал ушул палата жөнгө салат. Кыргызстанда бир нерсе өндүрүп чет жакка сатам, соода сатыкты чет мамлекеттер менен жүргүзөм десеңиз бул палата менен абдан тыгыз байланыш талап кылынат. Палата абдан ийгиликтүү иштеген өлкөнүн баарында тажрыйба ушундай. Себеби, алака, байланыш, тейлеп-тескөөнүн баары ушул палатанын иш билгилигинен көз каранды. Мисалы, сиз кайсы бир товарды чет өлкөдөн сатып алсаңыз, алар жөнөттү деп коёлу. Ошол товардын саны, өлчөмү жетпей калса же сапатсыз болсо аны салык кызматы, бажы же башка орган тастыктап, талап коё албайт. Сиз соода палатасына кайрыласыз, алар комиссия же эксперттик тобун жөнөтөт. Дал ошолордун корутундусу чет өлкөлөрдө таанылат. Бул ишмердигинин кенедей эле бир багыты. Кыргыз экономикасынын азыркы ал-абалы эч кимге жашыруун эмес, ушундай шартта ишкерлердин кызыкчылыгын талашып, ишин илгерилетип, эл аралык алакаларын түзүп берген палата аба суудай керек. Палатанын азыркы президенти 2010-жылы мурдакы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан көрсөтүлгөн. Андан бери он жыл өттү. Жетимиштеги жетекчибиз капитализмдин талаптарын, өзгөрүүлөрдү канчалык жакшы түшүнөм деген менен жаңы жүз, жаңы критерийлер өтө актуалдуу болуп турган кези. Алгылыктуу эч нерсе көрө элекмин. Чет өлкөдөгү жыйындарга саякат иретинде эле катышып жүрө бере турган болсок бизде эч кандай жылыш болбойт.
Би-Би-Си: Эми мындан аркы иш аракетиңиздер кандай болот?
Айбек Сарыгул: Өзүм палатага жетекчи болоюн деген оюм, аракетим дагы жок. Мен палатанын Түркиядагы өкүлүмүн. Ачык-айкындык, татыктуу жетекчи деп чыгып жаткан жалгыз эле мен эмесмин. Биз бул палатанын өтө зарыл экенин, ишин жакшыртпаса болбой турганын сүйлөшүп, башкаларга да айтып жатабыз. Аларды да келгиле, жыйынга катышкыла, делегат болуп, пикириңерди билдиргиле деп жатабыз. Учурда 1180 фирма палата мүчө. Жылына 15 000 сомдон мүчөлүк акы төлөнөт. Бирок, канча фирма төлөп, канчасы төлөбөй жатканын так билбейм. Ал тууралуу маалыматты деле көрө элекмин. Чогулган каражаттын кандай сарпталып, эмне болуп жатканын ревизиялык комиссия текшерүүгө тийиш. Текшерип жатса керек деген ойдобуз.