"Үстүртөн окуп эле кол койгон элем": депутат М.Мавлянова Конституциянын долбооруна макул эмес

Published

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Би-Би-Си кабарчысы Элеонора Сагындык кызы менен маегинде Баш мыйзамдын жаңы долбоору менен танышууга кыска убакыт берилгендиктен аны үстүртөн гана окуп, кол коюп бергенин билдирди. Бирок документ менен толук таанышкан соң, депутат ал чечиминен кайра баш тартып жатканын айтууда.

М.Мавлянова: Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кат жазып, арызымды парламенттин аппаратынын жалпы бөлүмүнө тапшырдым. Документ колума 16-ноябрда тийип, "коомдук талкууга коюш керек", "мөөнөттөн уттурсак, президенттик шайлоо менен кошо референдумга чыкпай калат, анда бюджетке кошумча чыгым болот" дешкенинен үстүртөн таанышып эле, демилгечи депутат катары кол коюп бергем.

Би-Би-Си: Конституциянын жаңы долбоорунун кайсы жерине макул эмессиз?

М.Мавлянова: Бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталбай калыптыр. Бул жерде президенттин ыйгарым укуктары абдан күчтүү болуп кетиптир. Экинчиси, парламенттин такыр эле үнү жок болуп, ага караганда Курултайдын үнү бийик болуп калганы жатат. Бирок бул экөөнүн макамы окшошуп, кийин баш аламандыкка алып келчүдөй. Андыктан Жогорку Кеңеш менен Курултай экөөнүн бирөөсү гана калышы керек. Болбосо эки баштуу парламент болуп калат. Анда Жогорку Кеңешти жоюп салып, Курултайга ошондой расмий макам берилиши керек.

Би-Би-Си: Жаңы долбоорго кол коюу сунушу сизге кимден түштү?

М.Мавлянова: Депутаттардан.

Би-Би-Си: Азыр жаңы Баш мыйзамдын автору ким деген талкуу жүрүүдө. Ким жазды эле?

М.Мавлянова: Эксперттик топко депутат катары катышуу укугум бар. Бул тууралуу ниетимди да билдиргем, бирок мага кабар беришкен жок. Долбоорду даярдоого катышып, сунуш-пикирлерибизди айтабыз деп ойлогом. Жеке сурангамын, бирок чакырышкан жок. Ким жазганын билбейм, маалыматым жок такыр. Мен сүйлөшкөн депутаттардан экспертти топко эч ким кирбептир. Мен, албетте барын сурап чыккан жокмун. Ага ким кирди же кирбеди билбейм.

Би-Би-Си: Сиз ошондо даяр документке кол коюп бердиңизби?

М.Мавлянова: Ооба, талкуусуна катышкан жокмун. Жапаров ачык-айкындык менен, демократиялык башкаруу жолуна барабыз, экономикага же премьер-министр же президент жоопкер болсун дегенин колдоп, ошондой принциптер долбоордо бар деген ойдо колдоп бергем. Бирок документтер терең изилдеп көрсөм, бийликтин көбү президент жакка ооп калыптыр. Парламентаризмди колдоо боюнча менин принциптериме бул дал келбейт экен.