You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Конституциянын жаңы долбоорунун чыныгы авторлору ким?
Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев Би-Би-Си менен маегинде Конституциянын жаңы долбооруна бир нече сунуштар жолдонуп, ошонун негизинде иштелип чыкканын айтып берди.
“Негизги автор деген бул - эл! Мисалы, мен силерге жыйырмадан ашуун кишинин аты-жөнүн айтып берем. Мына, Чоюн Өмүралиев, Мар Байжиев, Дастан Сарыгулов, Бердибек Жумабаевдер, Байас Турал, Кадыр Кошалиевдер бар. Мен аксакалдарын айтып жатам, андан башка бир нече окумуштуулар бар. Ар кимиси өзүнүн долбоорлорун сунуштаган. Саясатчылардан Ө.Текебаевдин сунуштары жолдонгон. Биз дагы өзүбүздүн сунуштарыбызды бергенбиз. 2010-жылы деле сунуштап, аны алышкан эмес эле. Бул жерде көптөгөн сунуштар түшүптүр”,-деди Бекбосун Бөрүбашев.
Жаңы долбоорго демилгечи болуп жаткан Жогорку Кеңештин 80 депутаттынын тизмеси жазылган. Бирок алардын ичинен кээ бири бул документке авторлош экенин социалдык медиадан билип жатканын айтып чыкты.