Кыргызстан: коронавирус менен ооруган балдар

наристе кыз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстрациялык сүрөт
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Кыргызстанда жыл башынан бери 785 бала коронавируска чалдыкты. Вирус көбүнчө беш жаштан өйдө балдарга жугууда.

Ал тапта кышкы сасык тумоо сезону да башталды. Коронавирус менен кадимки гриппти кантип айырмаласа болот? Дегеле канткенде балдарды COVID-19дан коргоо керек?

"Эки балам бар, кызым мектепке барып келип жатат, уулум үйдө. Колду жуу эрежелерин айтып жатабыз, балдар бат кабыл алат экен, анысы жакшы. Бирок биз жок жерде өздөрүн кандай кабыл алып жүрөт билбейбиз да. Тобокелчиликтер көп, Кудай сактасын деп атабыз. Үй-бүлө ичинен бирөө жарым ооруп калса деле кооптонуп баштайсың. Коронавируспу же сасык тумообу деген кооптуу маселе болууда",- дейт Бишкек шаарынын тургуну Гүлмира.

Адатта кышкы сасык тумоо Кыргызстанда декабрда башталып, январдын аягына чейин жүрөт. Белгилери окшош болгондуктан быйыл гриппти коронавирустан айырмалоо ата-энелер үчүн оор болууда. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев коронавирустун негизги белгилерин санап берди:

"Дене табы түшпөй, эки-үч күн катары менен кармалат. Кургак жөтөлөт, башы катуу ооруйт. Кээ бир балдардын көзү кызарып, суу агып, коньюктивит болот. Айрымдарынын ичи өтөт. Бала тез-тезден тердеп, салмагын таштап, акыбалы оорлой баштайт. Мындай учурда баланы тезинен ооруканага жеткирүү керек".

Ооруп аткан бала даам, жыт сезбей калса сөзсүз түрдө ПЦР тест тапшыруусу керек. Аны жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк борборлордон же жеке лабораториялардан тапшырса болот.

Эң башкысы балаңыз ооруп калса, туш келди дарылоого болбойт, антибиотик балаңыздын акыбалын оорлотушу гана мүмкүн.

"Үй шартында өзүм билемдик менен дарылоо өтө оор жыйынтыкка алып келиши мүмкүн. Андай такыр болбойт. 118ге чалып, догдурга кайрылыш керек. Антибиотик жардам бербейт, аны врач гана жаза алат. Сасык тумоо менен коронавирус кошулса баланын акыбалын өтө оор акыбалга бат эле алып келет",- деди врач Узакбаев.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда коронавирус менен ооруган балдар үчүн 80 орун толуп, эми өпкөсүнөн кагынып келип жаткан балдарга дагы кошумча жыйырма орун ачылды.

Ооруканада жаңы төрөлгөн ымыркайдан тарта 18 жашка чейин өспүрүмдөр дарыланып жатышат. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн басма сөз жыйынын куруп, балдарга тийиштүү статистикага да токтолду:

"Сентябрда 48 мектеп жашындагы бала ооруган. Октябрда балдар арасында бул вирус 6,5 эсеге көбөйүп, 315 балага жукту. Ноябрда 157 балада COVID-19 тастыкталды. Оору мектептен жуккан эмес, коронавирус очогуна байланыштуу болгон".

Мектептерде реалдуу окуу башталат

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өткөн аптада Бишкек жана Ош шаарынан башка аймактарда мектептер окуучуларга эшигин ачты

Өткөн аптада Бишкек жана Ош шаарынан башка аймактарда мектептер окуучуларга эшигин ачты. Борбор калаада жеке менчик мектептер октябрдан тарта эле иштеп келе жатат.

Бирок айрым ата-энелер балдарын мектепке жөнөтүүдөн кооптонуп турушат:

"Кызымды мектепке жөнөткөн жокмун. Эпидемия күчөп жаткан учурда кызымдын мектепке барышы коопсуз болот деп ойлобойм. Оопугандар саны күн сайын өсүп атат, ал тапта беткап кийүү, социалдык аралыкта сактоо деген көндүмдөр бизде такыр калыптанбай жатат. Экинчиден, коомдук транспорт: маршруткада аралык тыгыз, ошол жерден да жугузат",- деген эле буга чейин Би-Би-Сиге берген маегинде Бишкек шаарынын тургуну Чоробек Сааданбек.

Врачтар балдар вирусту мектептен эмес, ооруган адамдан жугузганын белгилешип, чоң кишилерди жоопкерчиликке чакырышууда.

Базар аралап, эл топтолгон жерге бала менен эмес, өзүңүз да барбай турганыңыз абзел. Той-ашка барып вирусту жугузуп, үйүңүзгө ташып барып, балаңызды оорутуп алышыңыз мүмкүн экенин эстен чыгарбаңыз.

Кыргызстанда соңку суткада коронавирустан төрт адам каза таап, 486 адам аны жаңы жуктурду. Балдар арасында буга чейин коронавирустан өлүм катталган эмес.