Индивидуалдуу режим, ийкемдүү график: реалдуу окуу шартында иштей турган мектептер

Мектептерде реалдуу окуу башталат

Сүрөттүн булагы, official

Published

Кыргызстанда бир жарым миңге жакын мектепте экинчи чейрек реалдуу окуу шартында башталат. Бирок Бишкек менен Ош шаарында мектептерди ачууга уруксат беришкен жок.

"Ар бир мектепке индивидуалдуу режим, ийкемдүү графикти сунуштадык. Саламаттык сактоо министрлиги, республикалык штаб менен биримдикте буйрук чыгарып, өзүнчө алгоритм иштеп чыктык. Окуучу, кенже техникалык кызматкерден баштап, ар бир билим берүү уюмунун жетекчисине чейин өзүнчө инструкция бар"-деди Билим берүү жана илим министрлигинин мектептер башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев.

Бүт республика боюнча жалпы 2298 мектеп бар. Анын ичинен 1489 мектепке экинчи чейректи реалдуу окуу шартында баштаганга уруксат берилди. Булар негизинен региондор. 669 мектепке уруксат болгон жок. Анын ичинде Бишкек жана Ош шаарында окуучулар кайрадан аралыктан окууну улантышат, анткени чоң шаарларда эпидемилогиялык кырдаал жакшы эмес.

Реалдуу окууга 1-6, 9,11-класстарга уруксат берилди. Ачылган мектептерде мониторинг жүргүзүлөт. Эгер эпидемиологиялык абал жакшы болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана санэпидемкөзөмөлдүн уруксаты менен башка класстардын окуучуларына да мектепке барууга уруксат берилет.

Министрлик мектептерге төрт варианттагы алгоритмди сунуштаган. Мектептер ошол варианттарды тандап, жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашып алышы керектиги айтылууда.

Биринчи категория: окуучулардын саны 300гө чейинки мектептерде, адистештирилген мектептерде 1-11 -класстар реалдуу шартта окуй алат. Жергиликтүү бийликтин, санэпидемстанциянын реалдуу окуу процессин калыбына келтирүү жөнүндө берген чечими болушу керек. Экинчи категория - 300дөн 600 окуучуга чейин. Буларда 1-6,9,11-класстар. Үчүнчү - кызыл зонадагы мектептер. Бул жакта 1-5, 9, 11-класстарга уруксат, ата-эненин макулдугу менен. Төртүнчү - окуучу саны 600дөн ашкан мектепте 1-5, 9,11-класстарга мектептин шартына жараша жергиликтүү бийликтин жана санэпидемстанциянын уруксаты менен.