Н.Түлеев мэрдин милдетин аткаруудан баш тартты

Published

Мындан эки күн мурун Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып баштаган Нариман Түлеев кызматтан баш тартканын билдирди. Мэрия анын кайрылуусун жарыялады.

"COVID-19 оор абалына байланыштуу, өткөн жумадан баштап мени көндүргөн Азиз Суракматовдун өтүнүчү боюнча, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин кызматын кабыл алдым. Азиз Эмилбекович жакшы иштеди, ал шайлоого барууну чечти, мен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шаар мэри кызматынын милдетин аткара баштадым. Бирок мэрдин креслосунун айланасында ар кандай топтордун жана шектүү инсандардын ыплас жана жийиркеничтүү күрөшү башталгандыктан, мен ишке киришип, мэриянын бардык багыттарынын абалы жөнүндө билгенге жетишкен жокмун. Алардын айрымдары агрессия менен кол салганга чейин жеткендиги, айрым адамдар бийлик үчүн элдерди бири-бирине кайраштырууга даяр экендигин көрдүм",-деп айтылат Түлеевдин кайырлуусунда.

Кечээ күнү бир катар жаштар люстрация талабы менен Бишкек мэриясынын алдына чыгып, Н.Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылышкан.

"Садыр Жапаровго кайрылабыз, биз сизге каршы эмеспиз, калыстык орносун, сизди эртең Жээнбековду айдагандай айдап чыкпасын. Эскилер толугу менен люстрация болсун",- деген нааразылык акциясына чыккандардын бири Асхат Осмонов.

Түлеев кайрылуусунда кызматтан баш тартышы президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров менен кеңешилгенин кошумчалаган.

Ал ортодо өкмөттүн расмий сайты Азиз Суракматов өз арызынын негизинде кызматынан бошотулганын кабарлады. Мэрдин милдетин аткаруу вице-мэр Алмаз Бакетаевге жүктөлөт. Н.Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин кызматынан кеткендигин дагы айтты.

Н.Түлеев Бишкек шаарында 2008-2010-жылдары мэр болуп иштеген. 2012-жылдын 21-июнунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, камакка алынган. Ага мэр кезинде Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда мамлекеттик казынага ири көлөмдөгү зыян келтирген деген айып тагылган. 2016-жылдын 7-майында абактан бошотулду. Н.Түлеев соттун чечими менен мунапыс алганын жана келтирилген чыгымды толугу менен төлөп бергенин билдиргени бар.

Мурдакы мэр Азиз Суракматов менен Н.Түлеев 2010-жылы "Ата-Журт" партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келгени белгилүү. Ошол маалда бул партиянын башында азыркы премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен УКМК жетекчилигине жаңы эле дайындалган Камчыбек Ташиев, мурдагы ЖК төрагасы Акматбек Келдибековдор турган. (AbA)