"24 саат иштейм": Бишкек мэринин милдетин Нариман Түлеев аткарат

Published

Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматтан өз арызы менен кетти. Анын ордуна мэрдин милдетин Нариман Түлеев аткарат.

Азиз Суракматов менен Нариман Түлеев экөө чогуу басма сөз жыйынын өткөрдү. Суракматов отставкасын алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экени менен түшүндүрдү. Бирок кайсыл саясий партия менен бара турганын ачык айткан жок. 49 жаштагы А.Суракматов мындан эки жыл мурун июлдун соңунда Бишкек шаарынын мэрлигине шайланган эле.

Мунун алдында эле Н.Түлеев Бишкек шаарынын вице-мэрилик кызматына дайындалган. Бишкек шаарынын мурдакы мэри Н.Түлеев 2012-жылдын 21-июнунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, камакка алынган. Ага мэр кезинде Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда мамлекеттик казынага ири көлөмдөгү зыян келтирген деген айып тагылган. 2016-жылдын 7-майында абактан бошотулду. Н.Түлеев соттун чечими менен мунапыс алганын жана келтирилген чыгымды толугу менен төлөп бергенин билдиргени бар.

Түлеев мэриядагы кадрдык өзгөрүүлөрдү жасабай турганын айтты.

"Мен бул жакка бир суткада 24 саат иштегени келдим. Эгерде кызматкерлер ушундай иш ыргагына түтсө, иштей берет",-деди Н.Түлеев.

Экөө тең 2010-жылы "Ата-Журт" партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келгени белгилүү. Ошол маалда бул партиянын башында азыркы премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен УКМК жетекчилигине жаңы эле дайындалган Камчыбек Ташиев, мурдагы ЖК төрагасы Акматбек Келдибековдор турганы белгилүү. (AbA)