You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орус-казак чек арасындагы мигранттар өткөрүлөт, бирок чек ара ачыла элек
Алды сентябрдын башынан бери орус-казак чек арасында турган кыргызстандыктарды Казакстан өткөрүүгө макул болду. Киши көп болгондуктан 24-25-сентябрда бөлүнүп жолго чыгышат. Пандемия башталгандан бери сыртта калган кыргызстандыктардын өлкөсүнө кирүүсү жолго коюлбаганы айтылып жатат.
Казакстан аркылуу өтүүнү каалап, Башкырстанда жана Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында 3500 чамалуу кыргыз турганы кабарланууда.
Алардын алды орус-кыргыз чек арасына айдын башында эле келген. Бул тууралуу Оренбург шаарында көп жылдан бери жашап, мекендештерине кол кабыш кылып жаткан Таалайбек Курманбеков билдирди.
"27-августта мурунку топтолгондордун акыркысын жөнөткөнбүз. Ошондон кийин эле элибиз маалыматты тактабай, кайра агылып келе баштады. 1-сентябрда жол ачылат экен деп жеңил машиналар менен келишти. Көпчүлүгү Орусияда дагы карантин кирсе, мурдагыдай болуп үйдө жумушсуз отуруп калбайын деп келе бердим дешет. Мен азыр Башкырстан тарапка баратам. Анткени адамдар жөө Оренбург облусуна жөнөй беребиз деп жатышат экен. Жергиликтүү бийлик келип жарандарыңарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө дептир", - деп айтып берди Курманбеков Би-Би-Сиге.
Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Казакстан кыргызстандыктарды өз аймагынан өткөрүүгө макул болду. Киши көп болгондуктан 24-25-сентябрда бөлүнүп жолго чыгышат.
"Ушу тапта Оренбургдагы кыргызстандыктар менен кошо алып келүү үчүн Башкырстандагы кыргыз жарандарын Соль-Илецк шаарына жеткирүү боюнча жеринде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деп билдирет министрлик.
Тышкы иштер министрлиги бул бир жолку иш чара экенин, ал Орусиядагы башка жарандардын чек арага келишине түрткү болбош керектигин эскертти.
Мамлекеттер чек араларын жапкандан бери Орусиядан Кыргызстанга кайтууну каалаган кыргыз мигранттарынын маселеси улам пайда болуп келатат.
"Замандаш" ассоциациясынын өкүлү Руслан Эшимов эпидемия башталганда эле сырттагы кыргызстандыктарды алып келүү боюнча өкмөт жол-жобосун бекитиш керек эле дейт.
Ал жарандардын улам чек арага келип калышы пандемияга байланыштуу эместигин, демейдеги агым экенин айтууда.
"Орусиядагы бир жарым миллиондой кыргыздын 3,5 миңи гана чек арада турат. Ал жакта жумуш калыбына келди, мурда деле ошондой болчу. Орусияда кыргызстандыктар жумушсуз калган жок. Айлыгы деле жакшы. Мисалы, Москвада эң төмөнү 35-38 миң рублдин тегерегинде, жогоркусу 70-80 миңден алышат. Жумуш жоктон эмес, атасын, энесин, балдарын сагынгандыктан, баласын окутуш керек болгондуктан жана башка үй-бүлөлүк маселелерден улам келатышат", - деген оюн бөлүштү Эшимов.
Сыртта жүргөн эмгек мигранттары кайткандан бери өлкөдөгү жумушсуздук көрсөткүчү жогорулап, ар кандай социалдык жана экономикалык кыйынчылыктарга алып келет деген божомолдор айтылып келди. Анткени чет жерде мигранттар өздөрүн гана эмес, мекенинде калган үй-бүлөсүн кошо бакчу, алардан келген каражат ички дүң өнүмдүн дээрлик үчтөн бирине барабар эле.
Бирок кыргыздардын Орусиядагы өкүлү Руслан Эшимов пандемия башталгандан бери Орусиядан келген эмгек мигранттары жылдагы келип кетип жүргөн өлчөмдөн көп эмес деп божомолдойт:
"Көп болсо 50 миң адам келди. Ар кандай жолдор менен кайра кетип жатат. Орусияда керек болсо каттоого турбай иштөөгө уруксат берилди. Кыргызстанда жумуш жок, 18 миң сом айлыгы бар жумуш табылса сүйүнүшөт, ал да жок. Апрель, майда гана такыр каттам болбой калып, келем дегендер чогулуп калды. Болбосо чартердик каттамдар бар, азыр такай аба каттамдары башталат. Баары эле кайра кетип жатат".
Пандемия башталгандан бери Орусиядан 40 миңден ашык жаран алып келинди.