Covid-19 өскөнү байкалды. Сасык тумоо менен кантип айырмалайбыз?

Published

Британияда коронавирус күндө эки эсе көбөйүп, өкмөт элди үйдөн зарыл учурда гана чыгууга чакырууда. Европанын Испания, Голландия сыяктуу мамлекеттери айрым чектөөлөрдү киргизди. Орусияда да вирус саны кайрадан өстү. Кыргызстанда соңку күндөрү сандар жогорулап жатканы байкалат. Элдин коргонуу чараларына таптакыр көз жумганы айтылып жатат.

Кыргызстанда 14-сентябрдан 20-сентябрга чейинки бир аптаны алганда коронавирус жуктургандардын расмий саны улам жогорулап келди. 47 учурдан 81, 91 учурга чейин чыкты.

21-сентябрда 55ке түштү, бирок дүйшөмбү эле. Саламаттык сактоо министрлиги апта аягында адамдар анализ тапшырууга же бейтапканаларга көп барбай турганын айтты. Ошондуктан дем алыш күндөрү анализ аз жасалат. Министрликтин билдиришинче, демейде апта ортосунда сандар өсөт. Ошентип 55тен шейшемби күнү дароо 71ге чыкты.

"Коронавирус жок болуп кеткен жок. Ал биз менен жүрөт. Бирде өйдө, бирде ылдый болот. Андай болоорун АКШ, башка мамлекеттер, биз дагы айтып келе жатканбыз. Калктын 60 пайызында иммунитет пайда болуш керек. Азыр Европа өлкөлөрүндө да вирус кайра активдеше баштады", - деди Саламаттык сактоо министрлигинин башкармалык башчысы Айнура Акматова.

Соңку күндөрү Баткен облусунда вирус көп чыгууда. Министрликтин маалыматына таянсак, жергиликтүү бийлик себебин элдин той-ашка чогулушу, беткап сыяктуу чараларды сактабай жатканы менен түшүндүргөн. Андан тышкары Өзбекстан менен чек аралардын ачылганы себептердин бири болушу мүмкүн. Ошондуктан өкмөт эки өлкө ортосундагы кирип-чыгуулардын жаңы алгоритмин иштеп жатат.

Кыргызстандын коомдук жайларында беткап кийип жүрүү боюнча талаптар катаалданат.

Сасык тумоо же коронавирус экенин кантип билем?

Өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу жерлерде кар түштү. Бул ар кандай сезондук оорулардын пайда болушуна алып келүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы фармакологу Аида Зурдинова сасык тумоо менен Covid-19 вирусун айырмалаш үчүн ПЧР анализ тапшырыш керек дейт. Ал белгилегендей, курч респиратордук вирус жукканда адамдын дене табы үч күнгө чейин жогорулайт. Андан ашып кетсе, киши жөтөлүп, жыт менен даамды сезбей калса коронавируска тест тапшыруу кажет.

Аида Зурдинова сасык тумоодон жапырт эмдөөнүн зарылчылыгы жок деп эсептейт.

"Анын натыйжалуулугу тууралуу толук далилдер жок. Орусиялык кесиптештер да ушундай пикирлерди айтып, коронавирус менен ооругандар албаш керек дешүүдө. Ошондуктан жапырт эмдөөдөн өтүү муктаждыгы жок. Балким карылар үйлөрү, адам көп чогулган башка социалдык мекемелерде жасаса болот. Сасык тумоонун түрү жылда өзгөргөндүктөн вакцинанын натыйжалуулугу тууралуу айтыш кыйын", - дейт Зурдинова.

Адистер азыр тумоо менен коронавирусту диагноз кылуу кыйын экенин айтышат. Андыктан дагы да болсо алдын алуу чараларынын маанисин баса белгилеп жатышат. Колду таза жууп, беткап кийип, аралыкты сактап, киши көп чогулган жерден качууну унутпаш керек.

Штаттан тышкаркы башкы пульмонолог Талантбек Сооронбаев сасык тумоодон вакцина керек деп ойлойт. Ал буга чейин ооругандар жакын арада коронавируска кабылбай турганына ишенет. Ошол эле учурда суук айларда вирустун дагы көбөйүшүнө даяр болуу керектигин баса белгилейт.

"Күздө, суукта башка респиратордук вирустар, пневмонияны пайда кылган пневмококк бактериясы келет, - дейт Сооронбаев. - Ошондуктан даярдыкка биз да колдон келишинче катышып жатабыз. Ооруканаларды, дарылоо токтомдорун, дары-дармек, адистерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Бир нерсени белгилеп айткым келет, көп адистер Covid-19 вирусу барган сайын күчүн жоготот деген пикирлерди айтып жатат. Мен да ошого кошулам".

Ооруканалардын даярдыгы боюнча өкмөткө сындар айтылып жатат. Дарыгерлер жетишпеген менен тажрыйба топтоп калды деген илгери үмүттөр бар. Зурдинованын айтымында, өлкөдө дары-дармек жетиштүү.

Оксфорд университетинин окумуштуулары менен жасалган моделдөө изилдөөсүнө ылайык вирустун көп тарашы октябрь-ноябрь айларына туура келмек.

Бул изилдөөдө күздөгү толкун июлдагыдан жогору экенин Зурдинова кошумчалады.

"Ооруй электер көп. Андан тышкары жапырт тест алуу жүргүзүлгөн жок. Калктын канча пайызы ооруганы, канчасы жуктура элеги так эмес. Изилдөөдөгү диаграмманы караганда күзгү толкун жайкыга караганда эки-үч эсе өйдө болчу", - деди Би-Би-Сиге Зурдинова.

Аталган изилдөөнү жасоого катышкан жергиликтүү эпидемиолог Айжан Дооронбекова июлдагы оор жоготуулардан кийин деле эл той менен жамандыкка көп чогулуп жатканына кабатыр. Ал мындай жыйындардан баш тартуу менен көп адамдын өмүрүн жана ден соолугун сактап калууга болоорун айткан.