You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Биз фейк эмеспиз!": Бишкектеги акция
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Бишкекте "Маалыматты манипуляциялоо тууралуу" мыйзам долбооруна каршы уюштурулган митинг өтүүдө. Маалыматтарга караганда, миңден ашуун киши чогулду.
Митингчилердин колунда "Фейк депутат", "Гүлшат, мандатты тапшыр!", "Биз фейк эмеспиз!" деген плакаттар бар.
Эркиндик гүлбагына чогулган митингчилер жөө жүрүш менен Жогорку Кеңештин алдына көздөй басып барышты. Талаш жараткан "Маалыматты манипуляциялоо тууралуу" мыйзам долбоорун ЖК депутаттары Айнура Осмонова жана Гүлшат Асылбаева сунуштаган. Өткөн апта соңунда парламент мыйзам долбоорун үчүнчү окуудан кабыл алган. Ушундан кийин коомдук сайттар аркылуу нааразылыктар күчөдү. Демилгечи депутаттар мыйзам фейк жаңылыктар менен күрөшүүгө багытталган деп түшүндүрүүдө.
Бишкекте жарандык коомдун сөз эркиндигин коргоо "#ReАкция 3.0" митинги чагымсыз, тынч өттү. Чогулгандар президенттен "Маалыматты манипуляциялоо тууралуу" мыйзам долбооруна вето коюсун жана анын автору Гүлшат Асылбаеваны мандатын тапшыруусун талып кылышты.
Акция өлкөдө эпид кырдаал курчуп, ага жетиштүү даярдык көрө албаган бийликке элдин нааразылыгы күчөп турган маалга туш келди.
Темир жол вокзалынан Ак үйгө чейин жасалган нааразылык жүрүшүндө жаштар "Эркиндик", "Уктап жаткан эл, кул болуп ойлонот", "Баш кесмек бар, тил кесмек жок", "Гүлшат, мандатыңды тапшыр" ураандарын чакырышты.
Бишкек мэриясы күн мурун жүрүштүн негизги маршруту "Эркиндик" сейил багы дезинфекция иштерине байланыштуу жабыларын айтып, бул жергиликтүү бийлик тарабынан бут тосуу катары бааланган. Бирок бүгүн шаар бийлиги тазалоо иштерин жүрүштөн кийинкиге жылдырылды.
Айрым жарандык активисттер атайын кызмат өкүлдөрү алар менен "түшүндүрүү иштерин" жүргүзүүгө аракет кылышканы тууралуу жазып чыгышты.
"Кварталдык комитеттен келип мен жана кызым жөнүндө сурашыптыр. Андан кийин бир-эки саттан кийин чалышты. Азамат деп өзүн тааныштырган жигит экен, сурадым каяктансың, кайсыл органдансың деп. Бирок андай суроолорго жооп бергиси келген жок. Пандемия учурунда коопсуздук деп, түшүнүксүз, эмне максатта чалып атканын так айта албастан, чыкпай эле койсоңор деген максатын билдирди. Жаран катары мен түшүндум азыркы укук коргоо органдары соңку жыйырма жылдагы реформаларды түшүнбөй, бийликтин камчысын чаап, жең ичинен иш кылганы көрүнүп турат. Бул аянычтуу көрүнүш", -деди педагог Асылбек Жооданбеков.
Анын кызы, белгилүү ырчы Зере Facebook баракчасында Азамат аттуу жаран менен телефондук сүйлөшүүлөрүн жарыялады.
Бүгүнкү жарандык митингде шайлоо темасы да козголду. Уюштуруучулар жаштарды жарандык активдүүлүккө, ал эми жарандарды добуштарын сатпоого чакырышты.
Иш-чарада саясатчыларга сөз берилген жок, бирок тилектештик билдирип акцияга катышкан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Жогорку Кеңеш кабыл алып жаткан талаштуу мыйзамдар менен бийлик шайлоо алдында коомдук пикирге көзөмөлдү күчөткүсү келип жатканын айтты:
"Соңку беш жылда Кыргызстанда абдан көп өзгөрүүлөр болуп кетти. Интернет жана смартфондор карапайым элге, ал түгүл пенсионерлерге да жеткиликтүү болуп калды. Мамлекеттин маалыматка болгон монополициясы урады. Азыр коомдук телеканалды 20-30% гана көрөт. Калктын 80% маалыматты интернет, коомдук сайттар аркылуу алып калды. Чиновниктер үчүн көндүм чөйрө эми жок. Тилекке каршы, алар жаңы шарттарга ылайыкташа албады, коомдук пикирди калыптандыруу боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыга алган жок. Эми алар өтө примитивдүү түрдө маалыматка монополияны кайра калыбына келтиргени жатышат",- деди Өмүрбек Текебаев.
Аталган мыйзамдын авторлору Асыл Осмонова жана Гүлшат Асылбаева мыйзамдын саясий өңүтү жок экенин, ал болгону фейк жаңылыктар менен күрөшүү максатын көздөрүн айтып жатышат.
Бирок жарандык коом коронавирус пандемиясы шартында жана келе жаткан шайлоону эске алып, бийлик ыңгайсыз пикирлер менен күрөшүүдө өзүнө курал дайындап жатат деген пикирде.
"Маалыматты манипуляциялоо тууралуу" мыйзам долбоору быйыл 14-майда эле коомдук талкууга коюлганы менен соңку бир апта ичинде үч окуудан өттү. Экономикалык же коопсуздук жаатындагы маселе болбосо да бул документтин мынча тездик менен тийиштүү процедуралардан өтүп жатышы суроолор жаратууда.
Мыйзам долбоору катары менен эки окууда кабыл алынган 26-июнда парламентте кворум болбогону айтылып жатат. Буга карабастан маанилүү мыйзам долбоорлору каралып, жыйынга келбеген депутаттар үчүн кесиптештери кнопка басып добуш бериши мөөнөтү бүтүп бараткан VI чакырылыштагы парламентке нараазылыкты күчөттү.
Бирок жарандык коом бул мыйзам "сөз эркиндигине каршы багытталат" деп сындап, анын артында атайын кызмат же саясий күчтөр бар экенинен шектенип жатат.