Фейк менен күрөшпү же сөз эркиндигин муунтуубу? Талаш жараткан мыйзам

Published

Жогорку Кеңеште бүгүн талаштуу “Маалыматтын манипуляциясы жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечи депутаттар мыйзам фейк жаңылыктар менен күрөшүүгө багытталган деп түшүндүрүүдө. Бирок жарандык коом муну сөз эркиндигине кысым катары баалап, митингге чыкты.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын өкүлү Гүлшат Асылбаева бурмаланган маалымат тараткан интернет сайттарды тийиштүү органдар сотко чейин эле жаап, чектеп коюусун сунуштап жатат.

“Жалган маалыматтарды таратуу гана чектелет. Ал жалганбы же жокпу сот чечет. Бирок бизде андай соттошуулар жылдарга создугуп кетип атат. Ал убакта фейк маалымат коомчулукту дүрбөтө берип атат”,- дейт мыйзамдын автору.

Документке ылайык, коомдук сайттарда кадыр-баркына шек келтирди деген жаран сотко кайрылары менен ал тууралуу жарыяланган Интернеттеги маалымат 48 саат ичинде өчүрүлөт.

Медиа чөйрө жана укук коргоочулар бул демилге сөз эркиндигин чектейт, Баш мыйзамга каршы келет деп тынчсызданууда. Шаршембиде мыйзамга каршы жарандар депутат Асылбаеванын Facebook баракчасында “мандатыңды тапшыр” деген флешмоб уюштуруп, бүгүн Жогорку Кеңеш алдына митингге чогулуп, мыйзамды чакыртып алуусун талап кылышты.

Аталган мыйзам 18-июнда биринчи окууда кабыл алынган. Бир апта соң ал Жогорку Кеңеште катары менен эки окууда каралып жатканы да айрым депутаттарда суроо жаратты.

Талкуу маалында депутаттар Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев жана Эльвира Сурабалдиева аталган мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти. Депутат Наталья Никитенко да мындай цензура киргизүүгө болбой тургандыгын белгилесе, депутат Жанар Акаев мыйзам долбоору техникалык жааттан алганда аткарылышы мүмкүн эмес экендигин айтты.

“Бизде азыр мыйзамдар жетиштүү, эгерде кимдир бирөө интернетте туура эмес чакырыктар жасаса, аны азыр деле жоопкерчиликке тартып жатышат. Өкмөт, күч органдары таап келип, кечирим суратып жатпайсыңарбы. Өзүнөн атынан жазса кечирим суратсаңар анан алар коркот да. Беш жыл ичинде көпчүлүк мыйзамдар тыйыш керек, чектеш керек болуп атат. Бул туура эмес”,- деди Жанар Акаев.

Пандемия шартында карантинде отурган эл социалдык нааразылыгын интернетте чыгарып жатты. Аймактардагы догдурлардын коргоо каражаттарынын жетишсиздиги, катаал карантин чараларынан жапа чеккен ишкерлердин нааразылыгы коомдук сайттар аркылуу гана белгилүү болуп турду. Мындан улам айрым саясий күчтөр интернетте коомдук пикир жаратуунун алдын алгысы келип жатканы тууралуу талкуулар жүрүүдө. “Коомдо азыр сын-пикир көп болууда. Коронавирус башталып, өзгөчө кырдаал киргизилип, үйдө отуруп калган эл соцтармактарда оюн бөлүшүп баштады. Шашылыш түрдө мындай киргизип жатканында демилгечилердин эле эмес, УКМКнын да кызыкчылыгы бар деп ойлойм. Блоггерлерди жана башкаларды сөгүндү, ар-намыска шек келтирди деп камоо аракеттери болду. Бул жерде аларга керектүү инструменттер болбой калган үчүн азыр алар кошумча функцияларды алып, өздөрүнө шарт түзүүнү көздөп жатышат”, -дейт укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга чыгар алдында топтолуп калган бир нече мыйзам долбоорлорун кабыл алууда. Бирок алардын ичинен айрымдары өтө тездик менен, айрым учурда регламентти бузуу менен каралып жатканы жарандык коомдо көптөгөн суроо жана күмөнсүнүүлөрдү жаратты. EKa