You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сүлүктүдөгү шахтада төрт киши газга ууланды
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткендин Сүлүктү шаарындагы шахтадагы кырсыктан төрт киши каза тапканын ырастады.
"Сүлүктү шаарында 23-июнь күнү ЖЧК "Кенчилер-Береке" шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жана 1 аял киши газга ууланып каза болушкан (1947-жылы туулган; 1983-жылы туулган; 2001-жылы туулган жана 1986-жылы туулган).Жерине КР ӨКМнин №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин шахтадан чыгарып, Сүлүктү шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен",-деп кабарлады Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Баткен, Жалал-Абад аймактарында совет доорунан калып каралбай келаткан көмүр кендеринде жана жеке менчик көмүр казган ишканаларда жыл сайын ушундай кырсыктар катталып келүүдө. 2017-жылы эле мыйзамсыз көмүр казам деп он эки киши көз жумган.
Расмийлер техникалык коопсуздукту сактабай көмүр казган шахталарды жаап, жергиликтүү бийликтерди катуу көзөмөлгө алууну милдеттендирип келүүдө. Бирок ошого карабастан өз алдынча шахта казгандардын, ошондой эле жеке менчик колго өткөн шахталардагы коопсуздук эрежелери саткалбаганы адам өлүмүнө алып келген учурлар көп. Өткөн жылы дагы ушундай кырсык болгон эле. (AbA)