You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Баткен: шахтада газга ууланып үч киши каза тапты
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткендин Самаркандек айыл аймагында өз алдынча көмүр казып жаткан үч киши газга ууланып каза тапканын билдирди.
"26-октябрда Самаркандек айыл аймагынын Гарым учаскасында шахтада өз алдынча көмүр казган 3 адам (1970-жылы туулган С.О. 1972-жылы туулган И.И. жана 1987-жылы туулган А. уулу У. Самаркандек айыл аймагынын тургундары) шахтанын ичинде газга ууланып, каза болушкан. Издеп куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Сүлүктү шаарындагы №1 өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 9 куткаруучу жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы тартылган. Куткаруучулар шахтанын ичине киришип, 27-октябрда саат 02:30да 90 метр тереңдиктен газга ууланып, каза болушкан 3 адамдын жансыз денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти",-деп кабарлады Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Баткен, Жалал-Абад аймактарында совет доорунан калып каралбай келаткан көмүр кендеринде жергиликтүү тургундар өз алдынча көмүр казып саткан учурлары арбын. Көп учурда коопсуздук эрежелерин сактабай иштегендиктен, кырсыктар болуп келатат.
"Самаркандек айыл өкмөтүндө Гарым деген участок бар. Ал жакта мыйзамсыз көмүр казгандарды былтыр биз рейд жүргүзүп, тыюу салганбыз. Айрымдарына тергөө иши жүрүп жаткан. Бирок ошого карабастан кайрадан жер казып башташкан экен. Каза болгон үч киши тең газга ууланган. Алардын денеси азыр өлүкканага жиберилген, эскпертиза жүрүшү керек. Андан соң туугандарына берилет"-, дейт Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Насиридин Орозов.
Ушул эле Самаркандек айыл аймагында 2013-жылы өз алдынча казылган шахтага сел кирип кетип, үч киши дээрлик 80 метрдей тереңдиктеги шахтанын ичинде калып кеткен. Алардын сөөгүн да чыгарып алууга мүмкүн болгон эмес эле. Бул окуядан кийин өз алдынча казылган шахталарды жаап, тыюу салынган эле. Бирок ошого карабастан суук түшкөн мезгилдерде баары бир өз алдынча көмүр казуу учурлары кездешип келатат.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматына караганда, быйыл эле жыл башынан бери мыйзамсыз көмүр казам деп он эки киши көз жумган.
"Жыл башынан бери каза тапкан 12 адамдын ичинде жаш балдар көп. Мурун союз учурунда иштетилип, кийин иштетүүгө тыюу салынган шахталарда жарандар өз алдынча иштегени кооптуу учурларды пайда кылууда. Биздин мекеме мыйзамсыз көмүр казуу туура эмес экенин эскертип, тургундарды сак болууга чакырып келет", - дейт Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева.
Андан мурун Сузак районунунда мыйзамсыз иштеп жаткан шахтада уранды алдында калып беш адам каза болгон. Жумушсуздук кеңири кулач жайган өлкөдө айрым учурларда мындай жумуштарга балдардын да тартыла калаганы айтылып жүрөт.
Расмийлер техникалык коопсуздукту сактабай көмүр казуу артынан жүз берген кырсыктарды алдын алуу үчүн мындай шахталарды жаап, жергиликтүү бийликтерди катуу көзөмөлгө алууну милдеттендирип келүүдө. Бирок ошого карабастан өз алдынча шахта казгандардын, ошондой эле жеке менчик колго өткөн шахталардагы коопсуздук эрежелери саткалбаганы адам өлүмүнө алып келген учурлар жүз берип келүүдө. (AbA\SA)