И.Болжурова: Аялга зомбулук көрсөткөндөр түркөй түшүнүктөгү эркектер

Ишенгүл Болжурова

Сүрөттүн булагы, kutbilim.kg

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Жалал-Абаддын Сузак районундагы кордолгон аялдын окуясынан кийин коомдо аялдарга карата зомбулук темасы кайрадан күн тартибине чыкты. Би-Би-Си педагогика илимдеринин доктору, профессор, мурдагы билим министри Ишенгул Болжурова менен аялдардын укугу, коомдо өсүп жаткан агрессиянын себептери тууралуу маектешти.

И. Болжурова: Бул жерде эки чоң фактор болуп жатат: биринчиси, илгерки үрп-адаттарды көтөрөбүз деген маселе. Экинчиси, абдан чоң жана коркунучтуу маселе, бул исламды, динди туура эмес түшүнгөндүктөн, аял эркекке баш ийиши керек дегенден чыгууда. Аялды экинчи сорттой карап, феодалдык зомбулук жасагандар ошол динди туура эмес түшүнгөндөр. "Чала молдо дин бузарлар" болуп атат. Бул эки фактор үй-бүлөлүк зомбулуктун башкы себептери. Анан эмнегедир үй-бүлөлүк зомбулукка эркек эле катышат деген жаңылыш пикир бар. А чындап келгенде, бул жерде биздин кайненелердин ролун ким айтат? Кайын сиңдилер жаш келиндерге кандай гана зомбулук жасашат. Боюнда бар келинди эл тура электе оокатка тургузуп, баары уктаганда жаткызуу бул эмне зомбулук эмеспи? Моралдык зомбулукта деген бар да.

Сузактагы келинди сабаган эркек адамдык касиетке келбеген, фашисттик жорукка барды. Бирок андайды башкалар жасабай атабы? Ошентсе да коомчулук көтөрүлбөй жатпайбы? Анткени, киришпейли дешет же динден коркушат. Интеллигенция эмес эле, ким болбосун, аксакал болобу, жаштарбы, кошунабы коомчулук жапырт көтөрүлүшү керек.

Семья

Сүрөттүн булагы, Би-си-си

Би-Би-Си: Аялдардын үрөй учурган өлүмдөрү соңку кезде көбөйүүдө. Коомдогу, эркектердеги бул агрессия кайдан келүүдө? Аны эмне шарттап жатат?

И. Болжурова: Бул комплекстүү көйгөй болуп калды. Анын экономикалык, социалдык, психологиялык себептери бар. Советтер Союзу урагандан кийин көп эркектер ишсиз калып, психологиялык жактан абдан кемсинип калган. Аялдар байкуштар бала-чакасын багам деп, соодага, базарга чыккан. Кичи болобу, ортобу, чоң бизнести, биригип ишканаларды ачышкан эле. Эркектерде ошол убакта комплекс пайда болду. Ошол өзүн кем сезүү комплексин алар кимден чыгарышы керек эле? Аялдардан чыгара башташты.

Диний көз караштан, биз эркекпиз, аялдар бизге баш ийиш керек туура эмес түшүнүктөн келип чыгып жатат. Экинчи жагынан үрп-адат демиш болуп регрессивдүү: мен улууракмын, чоңуракмын, сен аялсың -кемсиң деген кемсинтүүдөн болуп жатат. Маданияттын, тарбиянын жоктугунан, эмне болсо да аялынан жинин-күчүн чыгаргандар көбөйдү. Бирок бул физикалык эле зомбулук, моралдык да зомбулук бар. Айрым эркектердин аялдарга жасаган мамилесин эле карап, байкап көргүлө.

Би-Би-Си: Советтер союзу, андан кийинки демократиялык реформалар деле кыргыз коомундагы аялдарга карата консервативдик көз карашты жое албады. Аялдардын укугун коргоодо улуттук баалуулукктар менен адам укугунун кантип тең салмакташ керек?

И. Болжурова: Совет мезгилинде аялдарга саясий да, экономикалык да көп укуктар берилген. Аялдар ал мезгилде кадимкидей күч болгон, аларга квота берилчү. Совет доорунда канчалаган кыргыз аялдары социалисттик эмгектин баатыры болгон. Айыл-чарбада, медицинада, жеңил өнөр-жай тармагындабы аялдар көп эле, аларды көтөрмөлөө бар эле. Ала-качуу, кызыл камчы болуу өңдүү жаман үрп-адаттарды унутууга тырышышкан эле. Ошол эле аялдардын педагогикалык институту ачылган. Андан мурдараак, 1920-1930-жылдары ачлдардын сабатсыздыгын жою программасы иштеген. Билимдүү аял бул билимдүү бала, билимдүү коом деген лозунг болгон. Азыр эми такыр башкача болуп жатат да. Аялдарга кандай гана зомбулуктар жасалууда. Эки, үч аял алгандар бар. Бул эмне деген жоопкерсиздик, кыргыздарда эч качан мындай болгон эмес. Баласыздар токол алгандыр, бирок байбичеге мамиле ушунча назик эле да. Азыр ар тараптан, артка тартчу маданиятты алып атабыз. Кыргыздар көчмөн эле болгондуктан, аялга, кызга болгон мамилеси такыр мындай эмес болчу.