Онлайн жакталган дипломдук иштер

Сүрөттүн булагы, Social media
Университеттердин басымдуусу жыйынтыктоочу сынактарын алып бүттү. Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик сынак менен катар, дипломдук иштерин да онлайн жактап жатат.
Кыргызстандын миңдеген студенттери быйыл окуу жылын үйдөн аяктоодо.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу Бишкек мамлекеттик университетинде мамлекеттик аттестациялык комиссияга төрагалык кылууда.
Ал буга чейин салттуу сынактарга катышып келген. Айтымында, аралыктан байланышуу аркылуу студенттин билимин ошол эле деңгээлде сыноого мүмкүн.
"Дистанттык ыкма менен сынак алуу ыңгайлуу экен, - деди ал Би-Би-Сиге. - Анткени бетме-бет сүйлөшкөндө студенттин жүрүм-туруму, мамилеси да таасир этип калса, онлайн баарлашууда бир гана билимине карайсың. Комиссиянын мүчөлөрү мамлекеттик сынакта бүтүрүүчүлөргө телефондон, "Гуглдан" көчүрүп алууга шарт түзүлөт деп ойлогонбуз, бирок андай болгон жок. Жүзүңөрдү экрандан көрүп туралы деп талап кылдык. Жаттама билими бар студенттерди экрандан деле көрүп койсо болот экен".
Улуттук университетин педагогика адистиги боюнча аяктап жаткан Наргиза дипломдук ишин коргоодон мурда абдан сарсанаа болгон. "Техниканы иштете албай калсамчы, свет өчүп калса кантем" деп коркконун айтып берди.

Сүрөттүн булагы, Social media
Бирок ал комиссия менен онлайн кездешүү алда канча жеңил өткөнүн белгиледи.
"Мен өзүм Ак-Ордодо үйдө турдум. Университетибиздин webinar.knu.kg деген платформасынан коргодум. Бул иштебей калабы, бир маселе чыгабы деп жаттым эле, баары жакшы болду. Биринчи жолу киргендиктен айрым студенттер виртуалдуу мейкиндикте комиссия мүчөлөрү менен катарлаш отуруп алып күлкү жараткан учурлар да болду", - деди Наргиза.
Баары эле онлайнга туура келе бербейт
Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти Тилек инженердик бөлүмдү аяктап жатат. Дипломдук ишин онлайн көрсөтүү жана мамлекеттик сынакты аралыктан берүү бул адистиктин талабы үчүн туура келбей калганын айтууда.
"Биз лабораторияда жасалган эксперименталдык анализдерди көрсөтүшүбүз керек эле, - деди бүтүрүүчү. -Эми анын теориясын гана айтып бермей болдук. Буга чейин сынактарды ошентип тапшырып келгенбиз. Дипломдук ишибиздин презентациясы алдын ала комиссия мүчөлөрүнө жиберилет. Биз экран аркылуу сүйлөшүп, суроолоруна гана жооп беребиз".

Сүрөттүн булагы, Social media
ТаласМУнун мугалими Моймол Жусупова бүгүн "Зум" аркылуу биринчи жолу мамлекттик сынак алып, аны канааттандырарлык деп баалап жатат.
"Биз үчүн өтө чоң жаңылык деле болгон жок. Университетибиз буга чейин да онлайн ыкманы сырттан окутууда пайдаланып келгенбиз. Мамлекеттик сынакта "Зум" аркылуу студенттер менен байланышып, алар экран алдында кадимкидей эле онлайн билет алып жооп берип жатышты", - деди Би-Би-Сиге Жусупова.
Ибраим Нуракун уулунун баамында баары эле телефон, интернет колдонгондуктан капилет келген пандемия учурунда студенттер менен мугалимдер үчүн аралыктан окуунун техникалык оорчулугу болгон жок. 81 жаштагы комиссия мүчөсү да кыйналбай техниканы колдонуп жатканын белгиледи.
Бирок ал билим берүүнүн маңызын жаңы технологияга ылайыктап өзгөртүу учуру келиптир деди. Мисалы, студенттер булак катары интернетти колдоноорун эске алыш керек деди. Азыркы заманда дегеле студенттерди жаттаганга эмес, сынчыл ой жүгүртүүгө, анализ жасоого үйрөтүш керектигин кошумчалады.
Кыргызстанда 33 мамлекеттик жана 20 чакты жеке жогорку окуу жайлары бар.
Ошондой эле 21 кесиптик орто билим берүүчү окуу жайына жаңы адистер даяр болуп чыгууда.































