"Коронавирусту жайылтпаш үчүн шайлоонун үгүт иштерин өзгөртүү керек"

Published

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттик шайлоону жылдырууга болбосо, үгүт иштерин онлайн, ЖМК аркылуу өткөрүү үчүн тезинен мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуштап жатат.

Жогорку Кеңеш 4-июнда парламенттик шайлоонун босого чегин 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзамга өзгөртүүнү экинчи окууда колдоду.

Ал тапта парламенттик шайлоо, ага чейинки үгүт иштери эпидемиологиялык абалда кандай өтөт деген маселе күн тартибине чыгып жатат.

Депутат Дастан Бекешев шайлоону жылдырганда көп карама-каршы маселе жаралгандыктан үгүт иштерин өзгөртүш керек деп жатат. Ал коронавирустун жапырт жайылышына алып келбеш үчүн онлайн жана массалык маалымат каражаттарын гана колдонууну парламент жыйынында сунуштады.

"Жогорку Кеңештин алты эле отуруму калды. Эгерде үгүт иштерин башкача форматта уюштурабыз десек мыйзамга өзгөртүүлөр керек, аны бат жасаш керек. Себеби 26-июндан 6-июлга чейин президент үгүт кампаниялары боюнча жарлыгын чыгарат", - деди Бекешев Би-Би-Сиге.

Буга чейин парламенттик шайлоону жылдыруу тууралуу коомдо түрдүү талкуулар орун алды. Анда азыркы чакырылыш мөөнөтүнөн өтүп иштей берсе, ал бийликти узурпациялаган болот деген пикир үстөмдүк кылды.

Үгүт иштери тууралуу талкуулар эми гана башталууда. Борбордук шайлоо комиссиясы же башка бийлик бутактары бул боюнча үн ката элек.

Дастан Бекешев ушул боюнча калса коронавируска байланыштуу бир топ коркунучтар жаралаарын айтып жатат:

"Коронавирус массалык түрдө жайылып кетсе, үгүт иштерин токтотууга мажбур болобуз. Же бир саясий партиядан вирус табылса, алар карантинге алынат. Анда атайын бут тосуулар болуп жатат деген нааразычылыктар жаралат".

Шайлоого төрт ай гана калды. Эпидемиологиялык абал жакшыра элек.

Шайлоо учурунда да вируска байланыштуу кырдаал кандай болоору белгисиз.

"Концерт уюштуруп, стадиондорго элди чогултуп, ири иш-чараларды уюштурсак, анда бирөө жоопкерчилик алыш керек. Эгер үгүттүн формасын өзгөртүш керек десек, аны азыр жасаш керек", - деди Бекешев.

Парламенттик шайлоо 4-октябрга коюлган. (АК)