You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Оренбургдан кайткандар: дарыгерлер менен урушкан эмеспиз
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Соль-Илецкиден алып келинип, обсервацияга жаткырылган мигранттар дарыгерлер менен чыр-чатакка барбаганын айтууда. Ал тапта орус-казак чек арасына дагы келген кыргызстандыктар көчөдө түнөп, жардам сурап жатышат.
Орус-казак чек арасында алды дээрлик эки ай жаткандан кийин Кыргызстанга алып келинген 540 чамалуу киши обсервацияга жаткырылган. Алардын арасынан 55 кишиден коронавирус тастыкталып, бейтапканага которулду.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 10-майда обсервациядагылар эрежелерге баш ийбей, медициналык кызматкерлер менен жөөлөшкөнүн айтты:
"Обсервациянын шарттарын бузуп жатышканы өтө кейиштүү болуп жатат. Жаман сөздөрдү айтканга чейин барып, биздин медкызматкерлерди жөөлөп, түртүп, түнкүсүн милиция кызматкерлерин ошол жерге тартканга мажбур болдук. Ошончо аракет кылып, миллиондогон акчаларды кетирип алып келген жарандарыбыз тартипке баш ийбей койгонун да айта кетишибиз керек"
Оренбургдан келип, мурдагы аскердик базада обсервацияда жаткандар Би-Би-Сиге эч ким менен конфликтке барбаганын айтышты.
Өлкөгө кайтып келген мигранттардын биринин айтымында, Кыргызстанга келген күнү аларды аймактарга минибустар менен таратылары айтылып, кам көрүлүп жаткан. Кийинчерээк вирус чыкканы кабарланып, "эч ким кетпейт" дегенде айрым кишилер жетекчилери менен сүйлөшүүнү, түшүндүрүүнү талап кылышкан.
Обсервациядагы экинчи киши буларга токтолду:
"Кандай маалымат берилгенин билбейбиз. Жакындарыбыздын коопсуздугу үчүн деле калууга даярбыз да. Бул жерде Түркиядан келгендер да жатат, бир медкызматкер менен сөгүшө кетиптир, анан милиция чакырышыптыр деп уктук. Биз уруш чыгарган жокпуз. Бирок жагдайды түшүндүрүп бергиле деп, дарыгерлерди көрөлү деп талап кылганбыз. Келгенден бери бул жерде тамак берген жана башка эки кызматкерди гана көрөбүз, аларга ырахмат. Башка бир да дарыгер менен сүйлөшкөн жокпуз. Биз Соль-Илецкиде эки жолу анализ тапшырып, таза чыккан, экинчисин майда алышкан", - деди Таалай аттуу жаран.
Ал тапта Кыргызстан Казакстан аркылуу жарандарын алып өтөөрү менен чек арага дагы жүз жыйырмадан ашуун киши келди. Интернетке тараган видеолордо алар сыртта жерде түнөгөнүн айтып, алып кетүүнү суранып жатышат.
Бул көрүнүш коомдук тармактарда да талкуу жаратып, айрымдар чек ара ачыла электе келип алганын сындап жатышат.
Алардын бири менен Би-Би-Си байланышып, эмнеге келгенин сураган. Ал Орусияда карантинде көп киши менен үйгө батпай, өтө оор психологиялык абал жаралганын, батирге акчалары да калбай, аргасыздан тобокелге барып жатышканын айткан.
"Замандаш" ассоциациясынын өкүлү Руслан Эшимов бул маселеге эки түрдүү баа берет.
"Биринчиден, Орусияда хостелге акчалары төлөнүп, диаспоранын балдары жүгүрүп жардам берсе дагы, жолго чыкпагыла деген канча эскертүүлөргө карабай чек арага келип алышканы туура эмес. Ичкен кудугуна түкүрүштү, телефондон өздөрүнө да айттым. Ал жерде азыр 126 адам жатат. Экинчи жагынан, мамлекеттин өз жарандарын таштап жатканы да жакшы эмес. Мен да мигрант болуп, бир канча үй-бүлөнү баккандай, алар дагы Кыргызстанды багып жатышат. Бир учурда жөнөткөн акчалары ИДПнын үчтөн бир бөлүгүнөн да ашкан. Өкмөт эпидемия Кыргызстанда башталганга чейин эле жарандарын чогултуш керек болчу. Же Өзбекстан,Тажикстанга окшоп пандемия бүткөнгө чейин эч ким келбейт, турган жериңерде дарыланып тургула деп катуу айтыш керек эле", - деди Эшимов Би-Би-Сиге.
Кыргызстан өлкөдө эпидемия күчөгөндөн бери Түркиядан, Новосибирсктен аба каттамдары менен ондогон жарандарын алып келди.