You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавирус: күрөштө дарыгерлердин психикалык абалы да маанилүү
Кыргызстанда коронавирус жуктурган медкызматкерлердин саны 185 же жалпы бейтаптардын 26 пайызын түздү. Психологдор пандемияга каршы күрөшүп жаткан медкызматкерлердин психологиялык саламаттыгы физикалык ден-соолугунан кем эмес маанилүү дешүүдө. Жергиликтүү медкызматкерлер психологдорго кайрылып жатабы?
Хирург Сыргак Турдалиев Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордо түзүлгөн обсервацияда иштеп жатат. Бөлүмгө коронавируска тобокел топтор жаткырылууда. Алар кабыл алгандардын арасынан азырынча вирус табылган жок, Түркиядан келгендер эле.
Эми бөлүмгө Орусиядан кайткандар киргизилет деп күтүп жатышат. Бирок дарыгерге берилген тапшырма, аны менен кошо абал күтүлбөгөн жерден өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бир нече күн мурда Сыргак иштеген жерге башка обсервациядан өтүнө операция жасалчу бейтапты оор абалда алып келишкен. Экспресс тест анда коронавирус бар экенин көрсөткөн.
“Коронавирус тастыкталган бейтап келатат дешти. Мен өз ыктыярым менен калып иштеп жатканыма, оорунун кесепеттерин алдын ала билгениме карабай коргоочу формаларды кийип жатып башкача абалда болдум. Жугуп калса эмне болот дедим. Апамды, баламды ойлодум. Форма тар келгендиктенби же сарсанаа болгондуктанбы ыңгайсыз болуп, операцияны бул форма менен кантип жасайм дедим. Бейтаптын ПЧР анализин күттүк. Биз жалпы сегиз кишибиз. Бөлүмдөгү кыздар, башка кызматкерлер деле коркту окшойт. Анализи кандай экен деп улам сурап жатышты. ПЧР анализи ал киши таза экенин көрсөттү. Анан өзү да операцияны жылдырууну чечти”, - деп айтып берди хирург.
Ал обсервацияда он төрт күн иштеп, он төрт күн өзү карантинде болот.
Оперативдүү штаб медкызматкерлер жана вируска каршы иштеп жаткан башка тармактар үчүн психологдордун жардамын түзгөн. Бул психологдор акысыз, онлайн кеңеш берет.
Ошто психологдордун өзүнчө тобу бар. Алар каалоочулардын баарына орус, кыргыз, өзбек тилдеринде онлайн же телефондон акысыз жардам берет.
Бирок медкызматкерлер алардын жардамын алып жатабы? Жогорудагы психологдордун бири Акчач Жолдошевага карантиндин башында үч медайым кайрылган.
“Үч медайым башында жаңы ачылган обсервацияда иштегендер болчу. Алар корккон, дүрбөлөңгө түшкөн абалда кайрылышкан. “Жаман ойлор келип жатат, тигиндей же мындай абал менде болчу эмес эле” дешкен. Биз тиешелүү кеңештерди берип, обсервациядан чыккандан кийин кантип терс абалдан арылуу боюнча жардам көрсөттүк”, - деди Би-Би-Сиге Жолдошева.
Ал бир дагы дарыгер кайрылбаганын кошумчалап, башка психологдор да бар экенин белгилей кетти.
Коронавирус аныкталган бейтаптарды биринчилерден болуп кабыл алган Ноокат ооруканасынын инфекционисти Дилшад Мамажанов кесипештеринен бирөө да психологго кайрылганын уккан жок. Ал ошол жердеги бөлүмдү жетектеп жатат.
“Менин жамаатыман эч ким, өзүм деле психологго кайрылган жокпуз. Биринчиден, бул менталитетке байланыштуу болсо керек. Экинчиден, медкызматкерлердин ага убактысы деле болбой жатат. Кызматкерлер бөлүм башчысына айтат, биз башкы дарыгерге айтабыз. Ошого көнүп калганбыз. Мисалы, мен колумдан келген жардамды берип жатам. Кээде күчүм калбай калат. Өзүнчө отуруп алып ойлоносуң, жашыйсың. Психологго кайрылып, мурда кийин жыйынтыгын сезип көрбөгөн үчүн ишинишпейт го”, - деди Дилшад Мамажанов Би-Би-Сиге.
Бул дарыгердин айтымында, психологдордун жардамы уюштурулганы тууралуу маалымат деле кенен тараган жок.
Психолог Акчач Жолдошева медкызматкерлердин психикалык саламаттыгы коом үчүн өтө маанилүү экенин белгилейт. Ал дарыгерлердин психикалык ден соолугу канчалык чың болсо, ошончолук башка жарандарга жакшы жардам көрсөтөрүн айтты.
Психолог медкызматкерлерге кеңешин бере кетти:
“Урматтуу дарыгерлер, сиздердин ден соолугуңуздар, өзүңүздөргө жана үй-бүлөңүздөргө гана эмес жалпыбызга керек. Психологиялык көнүгүүлөрдү, релаксацияларды колдонуп жүрүңүздөр. Мисалы, “Өзүн программалаштыруу” ыкмасын колдонуңуздар – обсервацияга кирерден мурда жагымдуу жумушту, иш-аракетти, жагымдуу мамилени программалап алыңыз. “Өзүңө буйрук бер” деген көнүгүү аркылуу “мен кесибимди жакшы көрөм, ал аркылуу жакшы нерселерге жеттим, ийгиликтүүмүн, жакшы тажрыйба чогулттум” деп жакшы окуяларды тизмектеп алсаңыз, терс эмоциялар сизден алыс болот. Убактылуу жайда түнөп жатканда башка жагымдуу жерде жүргөнүңүздү элестетип релаксация кылыңыз, сөзү жок, жакшы музыкаларды угуңуз”.
Жолдошева “терс таасирлердин топтолушу” деген абал болорун, анын кесепети кийин билиниши ыктымалдыгын белгиледи. Ал балким өкмөт ушул нерсени эске алып, кырдаал жөнгө салынгандан кийин медкызматкерлерге тренингдерди уюштуруп, көл жээгине алып барып, реабелитация кылса эң жакшы болот эле деген оюн бөлүштү.
Саламаттык сактоо министрлиги канча медкызматкер пандемияга каршы алдыңкы сапта иштеп жатканы тууралуу суроого буга чейин жооп бере алган эмес. Коронавирус диагнозу коюлгандарды Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Баткен, Сузак, Ноокат, Ат-Башы жана башка бир нече райондордо атайын бөлүмдөрдө карап жатышат. Бишкекте 30 мобилдүү топ бар, ар биринде 2-3төн адис иштейт. Андан сырткары өлкө боюнча обсервацияга кабыл алган медкызматкерлер бар.