Кыргызстан: өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылат

Сүрөттүн булагы, Akzhol aibashev
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрдү.
"Эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылат",- деди президент Сооронбай Жээнбеков.
Мындай чечим биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун азыркы кырдаал тууралуу баяндамаларынан кийин кабыл алынды.
"Алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда 2020-жылдын 10-май күнүн кошуп эсептегенде өзгөчө абалды узартуу максатка ылайык экендигин белгилешти. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат",-деп айтылды расмий маалыматта.
Өзгөчө абал 10-майга чейин улана турган болду.
"Өкмөт, бардык мамлекеттик органдар, Коопсуздук кеңеши тарабынан сунушталган тийиштүү антикризистик иш-чараларды улантуусу зарыл. Планга өзгөртүүлөрдү киргизгенде, комендатуралардын, жергиликтүү бийликтин бизнеске жеңилдиктерди берүүгө тиешелүү сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу керек», -деген президент.

Кыргызстан коронавирустун жайылышына жол бербөө максаты менен 22-мартта бүт өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялаган эле. Көп өтпөй 15-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизген. 14-апрелде өзгөчө абал режимин 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылган.
Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 2020-жылдын 15-апрелинен тартып өзгөчө абал киргизилген. (AbA)
































