Кыргыз эли залкарын узатты: Кош, Элмирбек!

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт
Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы, 1

Кыргыз-казакка белгилүү төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектин Туңгуч районундагы үйүнүн алдында өткөрүлдү.

Туугандары, жакындарынын "кишилер аз эле болсун" деген өтүнүчтөрүнө карабай, акын менен коштошууга бир топ киши чогулду.

Акынды жерге берүү зыйнатына маданият жана маалымат министри Азамат Жаманкулов, маданият тармагынын өкүлдөрү, акын-жазуучулар, саясатчылар катышты. Залкар акындын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы, 2

Кыргыз Эл артисти, белгилүү төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев 42 жаш курагында оорудан көз жумду. Кыргыз-казакта чыгармачылыгын баалаган кишилердин баары акынды жоктоп жатат.

"Кыргыздын ажайып акыны, обончу, жанда жок талант ээси, пейили жумшак, жайдары жүздүү акын агабыз Элмирбек Иманалиев өмүрдөн өтүптүр. Кыргыздын Кырчын жайлоосунда эки күн сүйлөшүп, сырдашып, сырын уккан элек. Мукагалинин ырларын айтып, Лена апанын ырларын, эки эл ортосундагы байланыштар, бай мурастар тууралуу айтып берген эле",-деп эскерген казак акыны Мухтар Ниязов залкарга арнаган ырын өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жайгаштырды.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 4

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы, 4

Ушундай эле эскерүүнү Элмирбек менен бир нече ирет айтышкан Даулеткерей акын жазды.

"Ала-Тоо ашып жеткен суук кабар жаныбызды муздатып, өзөгүбүздү өрттөдү. Кыргыздын Эл артисти, акын, дастанчы досубуз Элмирбек Иманалиев мезгилсиз дүйнөдөн өтүптүр. Ала-Тоонун күңгөйү менен тескейинде, Сараркада дагы айтышып, тартышкан элек. Саханага домбыра менен комузун катар колтуктап чыгып төгөөр эле",-деп эскерген белгилүү казак акыны Даулеткерей Капулы.

"Казактын домбырасын комуздан кем көрбөгөн, казактын поэзиясын мыкты билген жайсаң азамат эле",-деп эскерди дагы бир казак акыны Айбек Калиев. (AbA)