Саясий партияларды салмагына жараша каржылашат

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Кыргызстанда шайлоодо активдүү болгон партияларды мамлекет эсебинен каржылоо каралып жатат. Бир эле учурда алардын финансылык ишине көзөмөл күчөтүлөт. "Саясий партиялар тууралуу" мыйзам долбооруна каралган өзгөртүүлөрдү тармактык комитет биринчи окууда жактырды.

Жаңы мыйзам кабыл алынса, 2026-жылдан тартып гана күчүнө кирет.

Мунун эки себеби бар: биринчиси - эксперттердин божомолунда экономикалык өсүш өлкөдө 2024-жылдан кийин гана башталат, экинчиси - депутаттар өздөрү үчүн ылайыктап мыйзам жазды деген дооматтарга жол бербөө.

Демилгечи депутаттардын бири, КСДП өкүлү Айнуру Алтыбаева:

" Шайлоодо босого чекти эле эмес (ред. соңку парламенттик шайлоодо 7%) , 5% дагы багындыра албай калган партиялардын күрөө акысы кайтарылбай, бюджетке кетип атат. Учурда парламентке шайлоонун күрөө акысы беш миллион сом. Биз 2-5% добуш алган партияларга бюджетке кетчү ал акчаларды берели деп атабыз".

2015-жылы өткөн соңку парламенттик шайлоого 14 партия катышып, анын алтоосу гана жеңип, калгандарына күрөө акысы кайтарылган эмес. Жаңы мыйзам боюнча анда 2-5% багындырган эки партия: "Бүтүн Кыргызстан" менен "Замандаш" мамлекеттен колдоо ала алмак.

"Биз өткөн парламенттик шайлоодо 45 миң добуш топтодук, бул жалпы шайлоочулардын 3,6% болгон. Сөз болуп жаткан мыйзам боюнча айтсам, мамлекет тыйынын бергенден кийин, контролго да алат да. Ошол көзөмөлү канчалык күчтүү болот? Партияны толугу менен мамлекеттин көзөмөлүнө берип койсок, эртеңки күнү баары тең бийликчил партия болуп калат да. Мыйзамдуу тийиштүү тараптар менен коомдук талкууда жетиштүү талкуулаш керек", -деди "Замандаш" партиясынын төрагасы Жеңишбек Молдокматов Би-Би-Сиге.

Көзөмөл демекчи, аталган мыйзам долбоору боюнча партияларга финансылык көзөмөл да күчөтүлөт.

Мисалы, партиялар жыл сайын финансылык булактарын жана чыгашаларын ачыктап турушу керек. Бул тууралуу маалымат партиялардын сайтында жана ММК аркылуу берилип турат. Ошондой эле партиялар кирди-чыкты акчалары боюнча Боршайкомго да маалымат берүүгө милдеттендирилет.

Саясий партияларды чет өлкө жарандары же эл аралык уюмдар каржылай албайт.

"Келечекте парламенттик башкарууну бекемдей турган болсок, саясий партиялардын ролу абдан маанилүү. Мамлекеттик колдоо, каржылоо сөзсүз зарыл. Бул келечекте салмактуу партиялардын идеологиялык жактан түптөлүшүнө, консерватор болобу, либерал болобу, кандай болсун багыт алышына түрткү болот", -деди мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Мирлан Бакиров.

Жаңы документ менен этностук жана диний негизде партия түптөөгө тыюу салынат.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламенти боюнча парламент комитети аталган мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп, дагы толуктоолорго муктаж экенин айтты.

Талдоочулар Кыргызстанда олигархтык парламент орногонун белгилеп, анын негизги себебин шайлоонун коррупциялык системасынан көрүшөт. Депутаттар аталган мыйзам менен мындай жаманаттыдан кутулса болорун белгилеп жатышат.

"Республика Ата-Журт" өкүлү Кенжебек Бокоев мыйзам долбоорунун авторлоруна өлкөнүн башкаруу модели мындан ары парламенттик модел менен кетет деген ишеничи бекемби деген суроону койду. Анын да жөнү бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө парламенттик башкаруу багытынан тайбай турганын, аны өнүктүрүү керектигин бийик триубаналардан дайым кайталап келет. Бирок иш жүзүндө өлкөдө барган сайын президенттик башкарууну жактаган ураандар жаңыра баштады.

Бийликчил күчтөр быйыл өтчү Жогорку Кеңешке шайлоо менен бирге референдум өткөрүп, анда мамлекеттик башкаруу системасын аныкташ керек деп жатышат. Анда президентти парламент шайлаган толук парламенттик башкаруу системасына өтүү же премьери жок эле президент өкмөттү башкарган толук президенттик системага өтүүнү чечүү сунушталууда.