You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
2019: Миллиондордун чыры, саясий лөктөрдүн соту
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Өтүп бара жаткан 2019-жылы коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мурунку президент, эки премьер-министр, эки министр, эки мэр тор артына түшкөн өзгөчө жыл болду.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, ЖЭБдеги кредиттин "желип" кетиши, Музейдеги коррупция, Чүйдөгү жер участкаларын мыйзамсыз менчиктөө, гранттык акчадан өөнөлүшү боюнча сот иштери ачылды.
Бийлик бул иштердин алкагындагы кармап-камоолор жемкорлукка каршы аесуз күрөштүн алкагында жүрүп жатат деген менен, андан саясий куугунтуктун белгилерин көргөндөр да болуп жатат.
Батукаевди ким бошоткон же Кой-Таштагы козголоң
Мурдакы президент Атамбаев кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө органдарына үч жолу суракка чакырылып, барбай койгону үчүн 8-августта кармалган.
7-август күнү кечинде күч түзүмдөрүнүн атайын кармоо операциясы убагында тополоң чыгып кетип, атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн офицери курман болуп, ондогон киши жаракат алды.
Кой-Ташта экс-президенттин үйүндө болгон тополоң окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусунда Атамбаев өзүнүн кылмыштык иш-аракеттери үчүн жазык жоопкерчилигинен качып, бийликти күч менен басып алууну, күч органдарына куралдуу каршылык көрсөтүүнү алдын ала пландаган деп айтылат.
Ал эми күч органдарынын аны суракка алып келүү аракеттеринде айрым каталар жана кемчиликтер бар, бирок мыйзам бузуу болгон эмес деп айтылган.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев "Альфа" атайын аскер бөлүгүнүн командири Үсөнбек Ниязбеков экс-президентке тийиштүү куралдан атып өлтүрүлгөнүн тергөө аныктаганын билдирди. Эми Атамбаев киши өлтүрүү кылмышы боюнча шектүү болуп каралып жатат.
Ошол эле учурда Кой-Таштагы кырдаалдын курчушуна күч орган жетекчилигинин жоопкерчилиги да суроолор жаралып жатат.
"7-августтагы атайын операциянын жыйынтыгында киши каза тапты, бул - кылмыш. Ага ким күнөөлүү? Ооба, Атамбаев күнөөлүү. Сөз ал жөнүндө эмес. Бирок ал бышпаган операция кимдир бирөө тарабынан пландалган да. Ушундай начар операциянын башында ким турган? Жок дегенде бир кишинин аты-жөнү аталдыбы? Жок"-дейт "Адилет" укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова.
Атайын комиссия корутундусу парламентте каралган соң, анын мазмуну бурмаланганы тууралуу да ошол эле комиссиянын айрым мүчөлөрү айтып чыгышты.
Ал тапта Биринчи май райондук сотунда Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот иши жүрүп, Батукаев ишинде айыпталуучу катары төрт адам өтүп жатат. Алардын экөөсү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-баш прокурор Индира Жолдубаева.
Иштин фигуранты болуп мурунку вице-премьер-министрден катардагы лаборантка чейин бардыгы болуп 15тен ашык киши өтүп жатат.
Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы ак кан оорусуна чалдыкты делип, мөөнөтүнөн мурда Нарындагы түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен.
Алмазбек Атамбаевга карата Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөөгө алынган кредиттин "желиши" боюнча иштер өзүнчө бөлүнүп алынды делген. ЖЭБ сотуна мурунку президент чакырылган жок.
ЖЭБдеги коррупция
ЖЭБдеги коррупция боюнча дээрлик бир жыл тергелген иш быйыл февралда сотко өтүп, он айга созулган териштирүүдөн кийин өкүм чыкты.
6-декабрда Свердлов райондук соту экс-премьер-министр Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратуунуну чечим кылды. Исаков, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылып, мүлкү конфискацияланмай болду.
Сот Исаков кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, ЖЭБди жаңылоодо подрядчикти тандоо, келишимдин баасын бекитүү сыяктуу маселелерге түздөн-түз таасир эткени далилденди деген корутунду чыгарды.
Тергөө материалдары боюнча, ЖЭБди жаңылоо убагында "жумурга кеткен" акчалардын жалпы суммасы 111 миллион доллар (же беш жарым миллиард сомго) чукул болуп жатат.
"Бул сумманы эксперттер аныкташкан. Алардын корутундусуна ылайык, ЖЭБди 275 миллион сомго эле жаңыласа болмок экен. Эгер ошол сумманы биз 300 мегаВаттка бөлө турган болсок, ар бир мегаВатт үчүн бир миллион долларга жетпеген акча чыгып атат. Чындыгында ЖЭБдеги ар бир мегаВатт 1 миллион 287 миң долларга бааланып, орусча айтканда, "под ключ" курулган. Борбор Азиядагы бааларга салыштырмалуу бул абдан жакшы баа болгон. Эксперттердин бурмаланган корутундусунан тышкары, ошол баада ЖЭБди жаңылоого мүмкүн болгон деген бир да расмий документ жок", -дейт Замир Жоошев.
Исаков менен кошо мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да айыпталып, кызмат абалынан пайдалануу боюнча күнөөлүү деп табылып, жети жарым жылга кесилди.
Мурдакы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев менен мурдакы финансы министри Ольга Лавровага акчалай айып салынды.
Күнөөлү деп табылгандардын жакындары сот өкүмүн саясий куугунтук деп аташты. Бирок президент жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында андай айыптоолорду четке какты.
"Коррупцияга каршы иш тандалма түрүндө жүргөн жок. Мен Германияда сапарда жүргөндө мага ушу сыяктуу суроолор берилди. Эгерде мамлекетте бир эле долбоор менен бюджетинин 5% уурдап алып чыгып кетсе, эмне кылат элеңер дедим. Ошол дагы саясий куугунтук болобу? Биздин бюджет 2 миллиард 200 миң доллар. Анын 5% 111 миллион доллар болуп атпайбы. Бул саясий куугунтук эмес. Коррупция менен курөш оңой эмес экенин буга чейин билчүмүн. Бирок мынчалык кыйын экенин билбепмин. Азыр жон терим менен сезип атам ", - деди президент.
"Музей жабык"
Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Тарых музейинин жабык турганына 3,5 жылдан ашты. Жаңыланган музей былтыр эле эшигин ачмак. Бирок оңдоп түзөө иштеринде миллиондогон акчалар желди делип, кылмыш иши ачылып, музейди ачуу иши создугуп кетти.
Кыргызстан германиялык REIER компаниясына болгон 225 миң евро карызынан кутулмайынча, Тарых музейи ачылбайт өңдүү.
Ал арада Биринчи май райондук сотунда музейдеги коррупция териштирилип жатат.
Тарых музейиндеги коррупция ачыкка чыкканына бир жыл болуп калды. Коопсуздук Кеңеши музейди оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет миллиондогон зыян тартканын билдирген.
"Аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 118 миллион сомго тете бюджеттик акча максатсыз колдонулганы такталды. Кийинчерээк Эсеп палатасы кызмат көрсөтүүлөр баасы жогору баада көрсөтүлгөндүктөн дагы 47 миллион сом ортодо уурдалганын аныктады. Бул курулуш иштери боюнча келтирилген чыгымдар эсеби гана. Ал эми музейге деп экспонатттарды сатып алуу боюнча тактоолор дагы деле жүрүп жатат", - деген эле буга чейин Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев.
Оппозициялык "Ата Мекен" фракциясы музейди оңдоп-түзөө учурунда миллиондогон акчалар уурдалып кетти деп чуу көтөргөндөн кийин, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон эле.
Музейди оңдоп түзөө ишинде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева айыпталууда. Сапар Исаков муну саясий иш деп атап келе жатат.
Эки мэрдин иши
Жыл аяктап калганда Ленин райондук соту мурдагы мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана алар менен кошо соттолуп жаткан башка тараптарга сот өкүмүн чыгарды. Албек Ибраимов 15 жылга кесилди.
Ал эми калгандары бошотулду. Сот Кубанычбек Кулматовду мамлекетке беш миллион сом айып төлөөгө милдеттендирди.
Мурунку президенттин тарапкерлери деп эсептелген Бишкектин мурдакы мэрлери коррупция боюнча айыпталып, 2018-жылы камакка алынышкан. Алардын соту дээрлик он ай жүрдү.
Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасына жабдыктарды ашыра көрсөтүлгөн баада сатып алган, Ысык-Көл жээгиндеги "Солнечный берег" пансионатын саткан, Бишкек шаарынын аймагында беш жана жети гектар жер участогун мыйзамсыз трансформациялаган деген айыптар коюлду.
Кубанычбек Кулматов Өзгөн жана Москва райондорунда мектеп куруу үчүн каралган гранттык каражаттар эсебинен Бишкекте мектеп куруп, бирок куруу иштери үчүн бааны мыйзамсыз көтөрүп, ортодо 94 млн 800 миң сомдон ашык акча өөнөгөн деп шектелген болчу.
Күрөшпү же куугунтукпу?
Коррупцияга каршы күрөш мурдакы башкаруучулардай эле Сооронбай Жээнбековдун дагы башкы урааны болууда. Мурдакы бийлик дагы коррупцияга каршы күрөшкө жамынып алып, саясий атаандаштарын куугунтукка алды деп сынга алынган эле.
Ал эми Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы саясаты канчалык акыйкат жүрүп жатат?
"Коррупция менен эмес, Алмазбек Атамбаевге жакын адамдарга, КСДП мүчөлөрү менен күрөшүп жатат. Соңку бир жарым жылдагы кармоолор жана камоолор буга далил боло алат. Эгерде бийлик чындап эле коррупция менен күрөшө турган болсо, бардыгына бирдей караш керек эле. Азыр тандалма болуп атат. Бүгүнкү бийликти колдоп, эч кандай каршылык көрсөтпөгөн, ошол эле учурда коомчулукта кызуу талкууларды жаратып жаткан да фигуралар бар. Бийлик аларга кылмыш ишин козгоп, соттомок турсун, керек болсо текшерип дагы эчтеке таппай жатканы күлкүнү келтирет", -деди учурда оппозициядагы КСДП партиясынын өкүлү Мирбек Айтикеев
Коррупцияга каршы күрөштүн бутасы жалаң эле экс-президенттин саналааштары болуп жатат деген сынга саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев кошулбайт.
"Азыркы президенттин эң чоң өзгөчөлүгү - коррупцияга каршы аесуз күрөшүп жатат. Эгерде биз коррупция менен ийгиликтүү күрөшкөн мамлекеттердин тажрыйбасын алсак, Сингапур же Грузияны алалы, тартипти орнотуу ошол аесуз күрөштөн башталган. Президент коррупция боюнча өзүнүн шайлоо алдындагы программасында камтылган убадаларын аткарып атат. Албетте, жыйынтыгы батырак болсо экен дейбиз, түшүнүш керек бул оңой иш эмес. Себеби, коррупция далилдениши өтө татаал кылмыштарга кирет. Бюджеттен уурдагандар билинбегидей кылып уурдайт да",- дейт талдоочу.
Өлкөдө кызмат абалынан кыянат пайдалануу жемкорлуктун эң жайылган түрү болуп жатат. Баш прокуратура быйыл катталган коррупциялык кылмыштарды талдап, ушундай жыйынтыкка келди.
Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы баштаган жүрүшү башында колдоо тапканы менен, бажы тармагындагы коррупция тууралуу иликтөөлөргө бийликтин реакциясына жарандык коомдун ичи чыкпай турат.