Ислам академиясы: "светтик принцип сакталат"

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Жарандык коом Кыргызстанда Ислам академиясын ачуу демилгесине нааразы болууда. Академиянын лекцияларына мамлекеттик кызматкерлер да катышат дегени талкуу жаратууда.

Айрым активисттер бул тууралуу келишимди жокко чыгарууну талап кылып жатат.

"Кыргызстан - дин аралашпаган мамлекет"

"Бул Конституция, мыйзамдарга каршы. Салыкты ар кандай динди тутунган жарандар төлөйт. Эмне үчүн секулярдуу мамлекет болуп туруп, алардын каражатын Баш мыйзамга туура эмес келген нерселерге коротуш керек? Бул жеке демилге болсо мейли эле. Эгер эстерине келбесе, Башкы прокуратурага бул боюнча кайрылабыз", - деди жарандык активист Бурул Макенбаева.

Өлкөдө Ислам академиясы ачылары президенттин БАЭга болгон иш-сапарында белгилүү болду.

Келишимге Билим берүү министрлиги жана БАЭнин Шейх Мухаммад Зайед атындагы эл аралык фондусу кол койгон.

"Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери коомдогу түрдүү диний радикалдык көз караштарды ажыратып таануу максатында Академиянын лекцияларынын угуучулары болушат",- деп жазылган академия тууралуу президенттин расмий сайтында.

"Светтик принцип сакталат"

Ислам академиясы негизинен теологдорду даярдоо боюнча иш алып барат, бул боюнча тынчсызданууга негиз жок деди Би-Би-Сиге маегинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Заирбек Эргешов.

"Мамлекеттик кызматкерлерди окутуу Ислам академиясынын негизи багыты эмес. Бизде мамлекеттик башкаруу академиясы бар. Конституциядагы светтик принцип толук бойдон сакталат. Бул академиянын эң негизги максаты - жогорку деңгээлдеги дин кызматкерлерин даярдоо, дин багытында магистратура, докторантура болот".

Эргешов Ислам академиялары коңшу өлкөлөрдөн Өзбекстанда иш алып барып жатканын мисал тартты. Ошондой эле Татарстанда заманбап илим менен диндин айкалышындагы светтик Ислам академиясы бар дейт ал.

Коомдогу изденүү

Кыргызстандыктардын дээрлик үчтөн экиси ислам динин тутунаары айтылат. Бирок соңку жылдары дин кыргызстандыктардын жашоосуна терең сүңгүп жаткандай.

"Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жарандар динге кызыгып, намаз окуп, орозо тутуп же башка ошол динге тийиштүү болгон нерселерди кыла баштады. Аны мамлекеттик чиновниктер да түшүнүү менен кабыл алышы керек. Светтик десе эле, дин эч кандай аралашпашы керек деп биз өзүбүз менен өзүбүз чүмкөнүп алып атабыз", - дейт эксперт Кеңешбек Сайназаров.

Кыргызстанда калктын 80% ислам дининде экени айтылып келет. Өлкөдө мындан тышкары отуздан ашуун диний конфессиялардын өкүлдөрү бар.