You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Чолпонбек Ишенбеков: Бир тууганым табылат деп үмүт кылам
- Author, Элеонора Сагындык кызы & Руфат Эргешов
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчылары
- Published
"Кумтөр" алтын кенинде 1-декабрда жер көчкү алдында калган эки адам дагы деле табылбай жатат. Эксперттер космостон алынган сүрөткө таянып, Кумтөрдөгү кырсыкты алдын алууга мүмкүн болчу дешүүдө.
Карьерде жер көчкү алдында калгандарды издөөнү тездетүү үчүн Канададан атайын жабдыктар жеткирилди.
"Космостон көрүнгөндөй ал жердеги топурак үймөгү (отвал) бузулуп жатканы көчкү жүрүп кеткиче эле байкалып турган. Ага көңүл буруш керек эле. Үймөктүн кыймылын көзөмөлдөгөндө адам өлүмү болмок эмес", -деди техника илимдеринин кандидаты Исакбек Торгоев.
Кумтөр алтын кенинде жер көчүп, адам өлүмү менен аяктаган кейиштүү окуялар буга чейин да болуп келген.
"2002-жылы да карьерде эки миллион куб жер көчүп, бир адам жер алдында калган. Анда Асан Жакшылыковдун денесин бир жылдан кийин араң табышкан. Ал жоголгон жерди иштетүү керек болгондон эле табылды деп ойлойм. Бул жолу жер он эки миллион кубга чейин көчүп атат. Салыштырып көргүлө. Жоголгон адамдарды тирүү табуу шансы, үмүтү жок болуп атат", -деди Исакбек Торгоев.
Ал арада өкмөт алдында комиссия түзүлүп, Кумтөрдөгү соңку кырсыктын техникалык чоо-жайы иликтенип жатат.
""Кумтөр" компаниясы бизге бир жумада бир инклинометр-датчиктердин отвалдын жылып жатышынын көрсөтмөлөрү боюнча бизге маалымат берип турган. Биз аларды анализ кылып турабыз. Жер жылышынын ылдамдап жатканы байкалган эмес", -деди Мамтехинспекция өкүлү Жолдош Нурмамбетов.
Дайынсыз жоголгондорду 94 куткаруучу издеп, 34 техника тартылды.
Издөө иштерин тездетүү үчүн Канададан атайын магниттик сканер алынып келинди.
"Казып атат болушунча эле. Издеп атышат. Магнитный сканер деп коет экен, ошону Канадададан алып келишти. Кыргызстандын ӨКМсы ошол сканер көргөзгөн жерлерден азыр издеп атышат. Буйруса, табылып калат деген үмүттөбүз", -деди дайынсыз болуп жаткан Өмүрбек Ишенбековдун агасы Чолпонбек.
Кумтөрдө кен иштетүүдө чыккан топурак калдыктары ошол жердеги мөңгүлөрдүн үстүнө үйүлөт. Мөңгүлөр эрип баштаганда муз үстүндөгү жер массалары жылып кетүүдө.
Экологдор мөңгүлөрдүн эриши токтобой жаткандыктан жер көчкү дагы болушу мүмкүн экенин эскертип жатышат.