You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Унаа базары: Кыргызстан күткөн жеңилдик
Бир аптада эле Орусия Кыргызстан менен Казакстандан 138 тоннадан ашык продукцияны киргизбей, артка кайтарды. Ал тапта 18-ноябрда Москвада ЕАЭБдин жыйыны өтүп жатат. Анда кыргыз өкмөт мүчөлөрү унааларды азыркы бажы алымы менен киргизе турууну өтүнмөк.
Орусиянын айыл-чарбаны көзөмөлдөө органы 8-ноябрдан 14-ноябрга чейинки маалыматты берип, анда Кыргызстандан тазаланган жаңгак, жер жаңгак, төө бурчак, роза гүлдүн көчөтү артка кайтарылганын жазды. Анын сайтына чыккан маалыматка караганда, "Шоро" компаниясынын чалаптары да ветеринардык көзөмөлдөн өткөндүгү боюнча сертификаты болбогондуктан артка кайтарылган.
Көчөт менен жашылча-жемиштер да тийиштүү текшерүүдөн өтпөгөндүктөн, керектүү документтери жок болгон үчүн чыгарылганын белгилеген.
Кыргыз товарлары өтө албаган текшерүү
"Шоро" компаниясынын коом менен байланыш боюнча менеджери Канат Кубатбеков экспорттогон эмеспиз деди.
"Бул жаңылык өзүбүз үчүн да күтүлбөгөн нерсе болду. "Шоро" компаниясы Орусияга бул чалапты алып кирген эмес. Кыргызстандын аймагында биздин көптөгөн дистрибьютор өнөктөштөрүбүз бар. Алар продукцияны чоң көлөмдө алып сатышат. Биз "Чалап Шоро" Орусияга башка бирөөлөр тарабынан киргизилген деп божомолдоп жатабыз. Алар чалапты Кыргызстандагы дүңүнөн саткан жерлерден алып, тийиштүү документтери жок алып кетишкен болушу мүмкүн", - деди компаниянын өкүлү Би-Би-Сиге.
Бул Орусиядан же Казакстандан артка кайтарылып жаткан биринчи жүк эмес. Жайында эскирип кетчү мөмө-жемиштер да артка чыгарылган учурлар болду.
Айыл-чарба тармагында иш алып барган экономикалык талдоочу Темирбек Ажикулов ЕАЭБдин аймагына товар киргизүүдө ар учурдун себеби ар башка болушу мүмкүн дейт. Ал айрым учурда экспортчу ишкерлер тийиштүү документтери жок чыкса, башка учурларда мүчө мамлекеттер ички базарын коргоо үчүн жасалма тоскоолдуктарды ойлоп табарын кошумчалады.
"Ошондой эле маселе Орусиянын же Казакстандын биздин сертификаттарды кабыл албай жатышында да болуп жатат. Андан сырткары ишкерлер товарын Кыргызстандан лабораториядан өткөрүп, сетификатты алышат. Бирок жүктөгөн продукциясы тигил жактан дагы текшерүүдөн өткөндө дал келбей калып жатат. Текшерүүдө ар кандай көрсөткүчтөр бар, мисалы, бизде 3-5 баалоодон өтсө, Орусияда андан көп көрсөткүч менен текшериши мүмкүн", - деди Би-Би-Сиге Ажикулов.
Ажикулов бул маселени өкмөттөрдүн деңгээлинде ЕАЭБде талкуулаш керек деди.
Кыргызстан күткөн жеңилдик
ЕАЭБ демекчи, 18-ноябрда Москвада биримдиктин вице-премьер министрлердин деңгээлиндеги жыйыны өтүп жатат. Биздеги маалыматтар боюнча Москвага андан сырткары экономика министринин орун басары, өкмөттүн ЕАЭБ боюнча өкүлү да кетти.
Басма сөзгө чыккан бул маселени көтөрүшөбү, жокпу белгисиз. Бирок унааларды азыркы бажы төлөмдөрү менен киргизе турууну өтүнөөрүн жарыялашты.
Көптөгөн түшүндүрүүлөргө карабай ай башында унаа боюнча ар кандай биримдиктер Кыргызстан мурда жоготкон үч жарым жылдык жеңилдетилген мөөнөттү кайтарып алууну талап кылышты.
Унаа ташыган "Кавказус Авто Импорт Бишкек" фирмасынын жетекчиси Эргеш Мадалиев унааларды алып келүү жолун табуу үчүн убакыт керек дейт:
"Баарынан дагы биз Армениянын аларманы болуп калып жатканыбыз кыжырыбызга тиет. Алар жеңилдиктерин туура колдонушту, мөөнөтүн дагы үч жылга узартышты. Ал эми биздин мурдагы өкмөт биздин жеңилдикти дароо эле алып салган экен. Автомобиль бизнесибиз өлдү. Унаа ташыган автолоздорду аралап, башка максатка колдонуп жок кылышты. Эмне үчүн биздин чиновниктер биздин укуктарыбызды коргой алышпайт? Бизге болгону колдонбой калган өзүбүздүн 3,5 жылыбыз керек, кайдан, кантип унаа алып келишибизди үйрөнгөнчө бизге берилген мөөнөт өтүп кетти".
Өкмөт мүчөлөрүнүн айтымында, Армения жеңилдик берген мөөнөтүн узарткан жок, өлкө ичиндеги кошумча нарк салыгын 20 пайыздан 10 пайызга түшүрүп, ишкерлерине жеңилдик берди.
Ал эми Кыргызстанда бул салык 12 пайыз.
Ошентип, Кыргызстан ЕАЭБ мүчөлөрүнө өз сунушун айтат деген менен ага жоопкерчиликтүү чиновниктер майнап чыкпасын да кошо билдирип келет.
"Биз ошол отурумда жеңилдиктерди дагы 2-3 жылга узартып бергиле дегени жатабыз. Бирок анын алдында мен мүчө мамлекеттердеги өзүмүн кесиптештерим - экономика министрлеринин орун басарлары менен пикир алмаштым, Орусия, Казакстан макул болбой тургандай. Анткени ар ким өзүнүн өндүрүшүн коргойт", - деген эле Би-Би-Сиге экономика министринин орун басары Элдар Алишеров.
Кыргызстан биримдикке киргенине төрт жылдан ашты. Бирок анын өлкөгө экономикалык пайдасынан шек санаган эксперттер көп.
Ал тапта биримдиктин башка мүчөсү Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусия менен соода мамилеси теңата болбой жатканын айтты. Ал билдирүүсүндө "соодадагы дефициттен АКШ менен Кытай согушуп жатат, биз Орусия менен согушка барбайбыз, бирок ал жакка товарларыбызды киргизбей жатканы туура эмес" деди.
Айрым эксперттер Лукашенконун бул сөзү шайлоого байланыштуу упай топтоо аракети десе, айрым эксперттер анда чындык бар экенин белгилешүүдө.
Кыргызстанга берилген жеңилдетилген мөөнөт 2019-жылы 31-декабрда бүтүп, үчүнчү өлкөдөн кирген унаалардын бажы төлөмдөрү көбөйөт. Бул юридикалык жактарга тиешелүү эмес. Ал тизмеде унаадан сырткары 165 аталыштагы товардын түрү бар.