Бишкектик ишкердин өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды

Бишкектик ишкер эки апта бейдарек кетип, анын жерге көмүлгөн денеси Кочкор районунан табылган эле.

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 37 жаштагы Хуфур Абдурахеман эки апта бейдарек кетип, акыры анын жерге көмүлгөн денеси Кочкор районунан табылды.
Published

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев шаардык ишкер Хуфур Абдурахемандын өлтүрүлгөн окуясы боюнча кеңешме өткөрүп, бардык күнөөлүүлөрдү, анын ичинде кылмышкерлер үчүн «маалымат ташыгыч» ким экендигин аныктоону тапшырды.

Кеңешмеде иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымдагандай, ишкер жоголгондугуна байланыштуу ички иштер органдары тарабынан бардык тиешелүү ыкчам-издөө чаралары көрүлүп, күбөлөр суралды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында сегиз шектүү кармалып, учурда алар тергөө абагына камалды.

Ошону менен бирге кылмышка тиешеси бар, анын ичинде ишкердин унаасын сатууга аракеттенген жарандар да аныкталды. Азыр биринчи алынган далилдерди бекемдөө иштери жүрүүдө.

Бишкектеги "Мадина" кафесинин кожоюну Хуфур Абдурахеман 4-октябрда дайынсыз жоголуп, издөөгө алынып жаткан болчу. Эки аптадан кийин анын жерге көмүлгөн денеси Кочкор районунан табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча бул ишкерди кылмышкерлер уурдап кетип, өлтүрүп, көмүп коюшкан.

Ишкердин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Хуфур Абдурахемандын өлтүрүлгөн окуясы боюнча премьер-министр кеңешме өткөрүп, бардык күнөөлүүлөрдү, анын ичинде «маалымат ташыгыч» ким экендигин аныктоону тапшырды.

Сүрөттүн булагы, Gov.kg

«Иликтөөнүн жыйынтыгы менен коомчулукка чуулгандуу кылмыштын майда-баратына чейин маалымат берүү керек. Муну менен катар тийиштүү мамлекеттик органдар ишкерлерге каршы жасалган кылмыштарды алдын алуу үчүн профилактика жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн алдын алуучу комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу, баарынан биринчи жүргүзүлүп жаткан аналитикалык иштерге басым жасоо милдеттендирилет. Ошол эле учурда ишкерлерди, анын ичинен чет элдиктерди, дайыма мыйзамды карманууга жана маселелерди өз алдынча криминал менен чечүүгө аракеттенбөөгө, эгерде маселе жаралса, өмүрдү жана мүлктү сактоо үчүн милицияга кайрылууга чакырам», - деди премьер-министр.

Милиция кылмышка шектүү катары кармаган сегиз адамдын ичинде эки милиция кызматкери бар экени айтылууда. Алар өлтүрүлгөн ишкердин автоунаасын башка түскө сырдап алышып, айдап жүрүшкөн. (КС)