You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Франчайзинг кыргыз бизнесинде жаңы өнүгүп жаткан ыкма
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Бишкекте бүгүн соода-сатык боюнча эл аралык көргөзмө өттү. Анда дүйнөнүн белгилүу маркалары жана кызматтар Кыргызстан менен Борбор Азия ишкерлерине сунушталды. Ири компаниялардын өкүлү болуп бизнес ачуу же франчайзинг Борбор Азияда өнүгүп жаткан ишкерликтин түрү.
Көргөзмөгө IT, айыл-чарба, технология тармагындагы кырк компания келди.
Франчайзинг - кайсы бир компаниянын, ишкананын маркасын сатып алып, ошол бренд менен, анын моделинде бизнес жүргүзүү.
Казакстандын Павлодар шаарындагы бизнес ассоциациянын директору Аслан Кунияровдун айтымында "Кока-Кола" сыяктуу ири компанияларды эске албаганда Борбор Азияда франчайзинг акыркы беш жылда гана жайылып жатат.
Ал Франциянын эл аралык атыр компаниясын Бишкекке киргизүүгө аракет кылып жатышканын айтты.
"Биздин биримдикке мүчө өнөктөшүбүз Elen Paris компаниясынын өкүлчүлүгүн Бишкекке ачууга кызыктар. Бүгүн бул жердеги өнөктөштөр менен сүйлөштүк, алар дагы кызыктар. Анткени бул компаниянын франшизасы акысыз. Товарды гана сатып алат, биз келип ошол бизнести башынан аяк түзүп беребиз", - деди Би-Би-Сиге Кунияров.
Франчайзинг менен диструбациянын айырмасы бар. Биринчисинде кайсы бир ишкер компаниянын маркасына уруксат алып, бизнесинин моделин бүт ошол компанияныкына шайкеш кылат.
Ал эми дистрибьютор кайсы бир компаниянын товарын уруксаты менен алып келип сатат.
Урмат Акматов Кыргызстанга дүйнөлүк John Deere айыл-чарба техникасын чыгарган компаниянын товарын алып келген. Ал франчайзи эмес, дестрибьютор. Он беш жыл мурда товарын Казакстанга алып келиш үчүн америкалык жана башка капчыктуу топтор менен ат салышып, англиялык бул компанияны ынандырган. Ал франчайзинг болобу, дитрубациябы экөөндө тең абройлуу компаниялар менен сүйлөшүү канчалык маанилүү экенин айтып берди:
"Алар биринчи иретте команданы карайт. Ал базарды, өлкөнү түшүнөбү, билеби дешет. Иштейм деген умтулуусу барбы, көзү жанып турабы деп көңүл бурушат. Ири компаниялар дүйнө жүзүндө иш алып барган үчүн адамдар менен сүйлөшүүдө өтө тажрыйбалуу келишет, бир карап туруп эле сенин оюңду, максатыңды билип коюшат. Биз ири, акчалуу командалар менен атаандаш болгонубузга карабай, акчасы жок бизди тандашкан", - деди Акматов.
"JIA бизнес ассоциациясынын" аткаруучу директору Фархад Пакыровдун айтымында, Кыргызстанга Европадан же АКШдан эл аралык компанияларды алып келиш оор.
"Себеби биздин базарыбыз өтө кичинекей. Мисалы, калкынын саны 20 миллиондон ашык, шаардын калкы 3-4 миллиондон көп өлкөгө кирем деген стандарттары бар. Андан сырткары ички дүң продукцияга, орточо айлык акыга карап тандашат. Бирок биринчи жолу уюштурулуп жаткан бүгүнкү көргөзмө Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Ага чет жердик фирмалар келип франшизасын сатып кетет деп бир тараптуу карабаш керек. Ал жерде Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылат. Алдыда Кыргызстанга да инвестиция салып, бизнес өнөктөштөрүнө маалымат жеткирүүсүнө шарт түзүлөт", - деди Би-Би-Сиге Пакыров.
Сырттан гана франшиза алып келбей, өзүнүкүн сата баштаган Кыргыз ишканалары бар. Чет жерге франшиза чыкса мамлекетке каражат агылат.
"Өнүгүү академиясы" атту билим берүү борбору адегенде Бишкекте ачылып, кийин аймактарга франшизасын сатуу аркылуу тарады. Беш мамлекетте 67 борбор иштеп жатат, анын 40ы Кыргызстанда.
"Франчайзинг ишкерлер үчүн негизи ыңгайлуу система. Мисалы, мен өзүм жалгыз үч жылдын ичинде 67 билим берүу борборун ачканга жетишмек эмесмин. Ага көп инвестиция жана күч керек. Франшиза сатуу менен биздин ноухауну аларга беребиз. Ал эми сатып алып жаткан тарап инвестициясын салып, өзүнүн бизнеси катары ачат. Эң башында бир жолку акчасын төлөйт, кийин ай сайын өнөктөштүк үчүн төлөм төлөп турат", - деп баяндады Би-Би-Сиге Сайкал Асылбекова.
Өз бизнесин таратканга жетишкенден кийин Асылбекова консалдинг компаниясын ачып, жергиликтүү бизнестин франшизаларын сатып бергенге аракет кылууда.
Ошентип, франчайзинг түзүлгөн бизнести өз акчаңа улантуу болуп саналат.