Т. Чолпонкулов: Эптеп эле Чокморовдун атын чаптап жатат деген жалаа

Чокморовдун айкели турган лицейдин өзүнүн окуу корпусунда азхыркы учурда ремонт иштери жүрүп жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чокморовдун айкели турган лицейдин өзүнүн окуу корпусунда азыркы учурда ремонт иштери жүрүп жатат
    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Бишкектеги № 10 лицейге Сүймөнкул Чокморовдун ысымы ыйгарылды. Мурда бул атактуу актер жана сүрөтчүнүн ысымын алып жүргөн, улуттук кол өнөрчүлөрдү даярдаган № 92 лицей ашпозчуларды даярдаган № 10 лицейге кошулуп, биригип кеткен эле. Башталгыч кесиптик окуу жайлар агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов бириктирилген лицейдин айланасындагы чуунун чоо-жайын Би-Би-Сиге айтып берди.

Таалайбек Чолпонбаев №10 лицейде улуттук кол өнөрчүлөрдүн бардык адистиктери сакталып калды, ал түгүл кеңейтилет деп жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Таалайбек Чолпонбаев №10 лицейде улуттук кол өнөрчүлөрдүн бардык адистиктери сакталып калды, ал түгүл кеңейтилет деп жатат

Т. Чолпонкулов: Сүймөнкул Чокморов атындагы № 92 кесиптик лицей, тилекке каршы, эки-үч жаатка бөлүнүп, арыз даттануулар байма-бай келип, бул жалпы окуу процесске терс таасирин тийгизди. Окуучулардын саны азайып, 150ге жетпей калды. Экинчиден, 2018-жылы апрель айында баардык тараптын катышуусу менен каралып, мындай чечим чыгарып беришти. Бул лицейде айрым мыйзам бузуулар далилденип, окуучулардын саны аз болгондуктан тез аранын ичинде оптимизацияга барып, № 92 лицейди башка окуу жайга кошуу тапшырмасы агенттикке берилген. Үчүнчү себеп, 2012-жылы Өкмөттүн токтому менен Билим берүүнүн 2020-жылга чейинки стратегиясы бекиген, анын бир пунктунда оптимизациялык кадамдарга баруу каралган.

Би-Би-Си: Бириктирилген окуу жайда кайсы адистиктер боюнча даярдап жатат?

Т. Чолпонкулов: Улуттук буюмдарды жана сувенирлерди жасоо, тери, жыгач көркөм буюмдарды жасоо, зергерчилик, чач тарач, ошол эле адистиктер калды. Ушул эле имаратта ошол эле мугалим устаттар иштеп жатат. Биз эки окуу жайды бириктиргенде тек гана жетекчилигин бириктирдик. Жаңы багыттар бүгүнкү замандын эмгек рыноктун талабына ылайык кеңейтилет.

Би-Би-Си: Булар негизинен кол өнөрчүлүктүн көп жагын жоюп салып эле, ашпозчу, кондитерлер окуй турган окуу жайга искусство ишмеринин ысымын жөн эле мындай жарнама үчүн берип коюшту деп экинчи тарап айтып жатат. Иш жүзүндө көбүн жоюп жиберди дейт?

Т. Чолпонкулов: Бул чындыкка абсолюттук түрдө дал келбейт, баардык мурунку кесиптер улуттук багыттагы кесиптер баары сакталды, тескерисинче азыр кеңейтилип жатат. 10-лицей республика боюнча эң алдыңкы лицейлердин бири. Башкалардай эле имараты бар, бирок окуучулардын саны төрт-беш эсе көп.

10-лицей, мисалы, азыр конкурс менен окуучуларды кабыл алат. Контракт, бюджеттик негизде конкурс менен 1-июлда кабыл алуу башталат. № 10 лицей бир күндүн ичинде эле планды толтуруп, контракт менен бюджетке конкурс менен тандап алат. № 92 лицей 2-3 ай жүрүп толтура алчу эмес планды. Быйыл мурунку кесиптер боюнча 162 бала окуп жатат.

Би-Би-Си:Ашпозчу же болбосо кондитерлерди даярдаган окуу жайдын жетекчилиги негизинен азыркы башкаруу тутумун түзүп калды. Ашпоозчулар кантип кол өнөрчүлөргө окуу программасына ылайыктап берет, алар өздөрү түшүнбөсө деген дагы доомат айтылып жатат.

Т. Чолпонкулов: Бул дагы туура эмес түшүнүк болуп атат. Себеп дегенде мурунку мугалимдер, методисттер, мастерлер баары калды, иштеп атат.

Би-Би-Си: Директорду айтып калдыңыз, орун басары же окуу бөлүмүнүн башчысы ошол кол өнөрчүлүккө тиешеси бар адам болсо болбойт беле?

№92 лицей улуттук кол өнөрчүлөрдүн республикадагы бирден бир окуу жайы болчу.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, №92 лицей улуттук кол өнөрчүлөрдүн республикадагы бирден бир окуу жайы болчу.

Т. Чолпонкулов: Кол өнөрчүлүк боюнча бизде методисттер калды, мугалим мастерлер иштеп атат. Бизде негизи методиканы, окуу пландарын иштеген агенттиктин алдында өзүнчө мекеме бар, республикалык илимий методикалык борбор. Ошолор жумуш берүүчүлөр жана мастерлер менен бирдикте ар бир кесип боюнча окуу планын, программаны иштеп чыгат.

Мен айтып коеюн, № 92 лицейдин директору январь айында кызматтан бошотулган. Андан кийин 3-4 кишиге сунуш түштү директорлук кызматка, баары баш тартты. Бир эжекени дайындасак, үч күндөн кийин кайра келип арызын жазды, мен ал жерде иштей албайм деп. Коллективде ушундай абал болуп калган. Директордун орду бошогондо конкурс менен келип кабыл алабыз.

Би-Би-Си:Жакынкы келечектеги өнүгүү планыңар кандай?

Т. Чолпонкулов: Жакынкы арада зергер ассоциациянын президенти менен келишимге кол койдук. Азыр зергерчилик абдан өнүгүп аткан тармак. Зергерчилик боюнча жаңы багыттарды ачабыз. Ошол эле туризм өнүгүп аткан тармак, туристтердин саны көбөйүп атат. Ошол эле жыгачтан, ошол эле сөөктөн, териден буюм жасоону кеңейтишибиз керек. Биз бул окуу жайдын окуучуларынын санын көбөйтөлү деп атабыз. Ал үчүн жатакана маселесин чечип, региондордон бул жакка алып келип окутабыз

Би-Би-Си:Ал жерде азыр дагы оңдоп түзөө иштери жүрүп окуу процесси үзгүлтүккө учурап жатат деген сөз болууда. Окуу процесси толук кандуу жүрүп жатабы же үзгүлтүк барбы?

Т. Чолпонкулов: Окуу процесс эч кандай үзгүлтүккө учураган жок, уланып жатат. Мурунку № 92 лицейдин имаратында капиталдык иштер жүрүп жаткандыгына байланыштуу азыр баардык окуу № 10 лицейдин имаратында өтүп жатат.