В. Бутанаев: "Тынчтыкбек кыргыз каганаты деген түшүнүктү биротоло таанытты"

Published

Бишкекте Улуттук университетте өткөн эл аралык илимий конференцияда кыргыз таануу маселелери талкууланды. Бул илимий шерине белгилүү кыргыз таануучу, тарыхчы жана журналист, профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин 60 жылдык мааракесине арналды. Конференцияга Орусиядан, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген кыргыз таануучулар катышты.

Хакас мамлекеттик университетинин профессору Виктор Бутанаев Би-Би-Сиге сүйлөгөн сөзүндө Тынчтыкбек Чоротегиндин кыргыз таануу илимине кошкон орчундуу салымына токтолду:

"Биз Тынчтыкбек менен кыргыз каганаты болгон деген маселени көтөрдүк. Биздин тарыхый бирдиктүү тамырыбыз ушул жакта жатат. Енисей, Кыргыз каганаты менен Тянь-Шанды байланыштырдык. Тынчтык кыргыз каганатына байланыштуу темада көп конференцияларды өткөрдү. Ал кыргыз каганаты деген түшүнүктү биротоло таанытып, кыргыз тарыхы үчүн чоң эмгек кылды, Мен ошон үчүн ага ыраазы болушуңар керек деп эсептейм".

Айтмакчы, конференцияда чыгып сүйлөгөн кесиптештер Т. Чоротегиндин эң оболу Би-Би-Сидеги, кийин "Азаттыктагы" журналисттик жана жетекчилик ишмердиги жөнүндө да жакшы пикирлерин айта кетишти.

Бул илимий шерине кыргыз таануу, түркология, чыгыш таануу, археология, этнография, фольклор жааатында изилдөө жүргүзгөн окумуштуулардын соңку жылдардагы жаңы илимий табылгаларын илимий чөйрөгө киргизүү жана биргелешкен долбоорлорду баштоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.