Кыргызстанда арак ичүү азайды

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Кыргызстанда арактын өндүрүшү жыл сайын азаюуда. 2014-жылдан бери дээрлик үч эсеге кыскарган. Бул спирттик ичимдикти эл аз ичип калды дегенди түшүндүрөбү? Андай болсо себеби эмнеде?

Евгений Бишкектин борборундагы ресторандардын биринде бармен болуп иштейт. Кардарлар спирттик ичимдикти аз сурап калышканын айтууда.

"Мен сегиз жылдан бери бармен болуп иштейм. Акыркы төрт-беш жылда спирттик ичимдикке буюртманы азыраак берип калышты. Мунун себеби элдин аң-сезими өзгөрүп, сергек жашоого өтүп жатышканында деп ойлойм. Алкоголду көбүнчө отуз жаштан жогоркулар алат", - деди Евгений.

Би-Би-Си арак-шарапты дүңүнөн саткан "Ош базарына" келди. Бул базарды билген адам Бейшеналиева көчөсүндөгү дүкөндөрдөн ящик менен арак ташыгандарды көрүп жүрсө керек.

Өзүн Жолдошбек деп тааныштырган соодагер азыр ящик менен спирттик ичимдик алган эч ким жок дейт.

"Акыркы үч-төрт жыл ичинде арак соодасы солгундады. Азыр ящиги менен алган эч ким жок. Мурда той сезонунда көп кетчү. Бир кишиге бир бөтөлкө алышса, азыр тойго үч-төрт кишиге бир бөтөлкө деп алып кетишет. Бара-бара такыр эч ким ичпей калса жакшы. Шаардагы дүкөндөр бизден эмес, заводдон түз алышат. Бирок заводдор деле аларга бөтөлкөлөп сатып калышты", - деди дүкөндөгү соодагер.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2014-жыл менен 2018-жылды салыштырсак, 2014-жылы дээрлик 13 млн литрдей арак өндүрүлсө, 2018-жылы 4,5млн литрге жакын же дээрлик үч эсе аз чыккан.

Бирок ликёр же башка ушул сыяктуу ичимдиктерди өндүрүү өсүп, 2014-жылы 83 миң литр, ал эми 2018-жылы 561 миң литр чыгарылган.

Коньяк да ошондой, 2014-жылы бир млн литрге жакын чыкса, 2018-жылы андан 300 миң литрге көбүүрөөк чыккан.

Шарап өндүрүшү да өскөн. Сыра дээрлик ошол эле көлөмдө.

2019-жылдын жыйынтыгы чыга элек, жыл башындагы айларда өндүрүш жогорулаганы байкалган.

Кыргызстанда спирттик ичимдиктерди жарнамалоого тыюу салынган.

Алкоголдук ичимдиктерге акциз салыгын көтөрүү аны ичүүнү чектөө чаралары катары колдонулуп келет. Айыл-чарба министрлигинин спирттик ичимдиктерди өндүрүү жана сатууну жөнгө салган башкармалыгынын башчысы Каныбек Жакшыбаев салыктын баасы арактын сатылышына көп таасир этпейт дейт.

"Спирттик ичимдиктерди өндүрүү бир гана Кыргызстанда эмес, КМШда азайып жатат. Бул элдин жашоо образына жана диний көз карашка байланыштуу. Негизи эле жаштар арак же башка күчтүү алкоголду ичпейт. Алар көбүнесе энергетикалык ичимдиктерди ичишет экен, биздин анализ ушундай көрсөттү", - деди Жакшыбаев Би-Би-Сиге.

Евразия экономикалык биримдиктин жоболоруна ылайык акциздик салыктар дагы өсөрүн кошумчалады министрлик өкүлү.

Кыргызстанда мыйзамсыз жасалган арактар бар. Аларды саткан бир түйүн "Ош базарында" табылды деп кошумчалады ал.

Кыргызстанда арак чыгарган алты завод бар. Экспорттун өлчөмү билинбей турган деңгээлде аз деди Жакшыбаев, ошондой эле импорттун көлөмү да чакан.

Спирттик ичимдик дүйнөдө адам өлүмүнө жана ооруларга алып келген тогузунчу фактор.

Өткөн жылы айыл жерлеринде спирттик ичимдикти өз алдынча тыюу аракеттери жүргөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, наркологияга жылына алкоголдон ууланган тогуз миңдей адам түшөт.